Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Капыстан ажал тапкан Кайыпов

© Sputnik / Табылды КадырбековЭстеликке койулган гүлдөр. Архив
Эстеликке койулган гүлдөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, замандаш! Алдыда майрамдар жана беш күндүк эс алуу күтүп турат! Албетте, бул мага жана кесиптештериме тиешелүү эмес, анткени биз сиздерди маалымат менен камсыздап иштеп турабыз.

Балким кандай майрам деп башыңыз катып жаткандыр. Былтыр 7-8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү деп жарыяланып, календарга кызыл менен белгиленген. Буга удаа эле Жалпыга маалымдоо каражаттарында иштегендердин кесиптик майрамы келе жатат. Басма сөз күнүн 7-ноябрь сайын белгилеп келебиз. Алдыдагы эс алуу күнүңүздөр көңүлдүү улансын дейли да, кечээги күндүн урунттуу жаңылыктарына көз чаптыралы.

Эс алууну эле эмес, ара-чолодо жумуш тууралуу да кеп козгоп коёлу. Өлкө боюнча жалпы жонунан 5000ге жакын жумушчу керек болуп турган чагы дешет. Эгер диплом алгандан кийин бут кийим жыртып жумуш издеп жүрсөңүз, Кыргызстандагы ишканалар кайсы кесип ээлерине муктаж экенин билип алыңыз.

Баса, Баткенде жакырчылыкты жоюу үчүн долбоор иштелип чыкты. Ал кандай экенин бул жактан окуңуз.

Россияда "Жылдыздардын иши" аттуу даректүү тасма тартылды. Анда Советтик Кыргызстандын популярдуу диктору, таланттуу обончу жана ырчы-аткаруучусу Жолдубай Кайыповдун жоголуп кетиши чагылдырылган. Кесиптештери дикторду акыркы жолу жакшы маанайда көрүшкөнүн айтып беришкен. Леонид Каневский Кайыпов ажал тапкан каргашаны изилдеген. Буга чейин Жолдубай Кайыповду ырчы катары гана билчүмүн, көрсө ал теледе жылдызы жанган көрүнүктүү диктор да болгон экен.

Түндө Бишкекте үч кабаттуу кездеме жана кийим сактоочу кампа күйүп кетти. Башында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "турак үй өрттөнүп жатат" деп кийинчерээк кампа экенин ырасташты. Бирок жергиликтүү тургундар ал жай мурда дүкөн болгонун, жакында эле анын ордуна мейманкана курулганын айтышууда.

Саясатка келе турган болсок, Аскарбек Шадиевдин айланасындагы ызы-чуу дагы деле токтой элек. Кеп сот, кат жана мандат тууралуу болуп жатат. Кимиси калпты урдуруп, кимиси чындыкты айтып жатат, түшүнүү кыйын.

Жол эрежесин көзөмөлдөгөн кызмат дагы реформаланат экен. Бирин алып экинчисине кошуп, мурункусун кайра артка кайтарып бир нерсе кылып атышыптыр. Кылаарга башка ишибиз жок да… 

Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова өлкөдөгү билим берүү жаатындагы көйгөйлөр, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга көрсөтүлчү камкордуктардын келечеги, үй-бүлөсү жана социалдык тармактарга болгон мамилеси тууралуу айтып берди. Маекти толугу менен бул жерден окуйсуз.

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев Нарындагы Ак-Талаа районунун Кайыңды-Булак айылындагы жеке имаратын мектеп катары пайдаланууга берди. Бирок ал окуу жайга апасынын ысымын ыйгаруу талабын коюптур. Анын талабы айрым адамдардын тынчын алып, редакциябызга кайрылды.

Уруштан кийин каза тапкан аткаминер. Анын өлүмүнө шектелип кармалган кишинин жубайы окуяны көргөн күбөлөрдү издеп, көчөгө плакат көтөрүп чыкты.

Бүгүн өлкө аймагында күн ачык болот.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.72 (сатып алуу) жана 69.90 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.30 сом, ал эми дизель майы 47.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Өлкөбүздө тынччылык болсун!

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0