Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Демим кысылып, үйүм көздөн учканда

© Sputnik / Табылды КадырбековМаршруткага түшүп жаткан адам. Архив
Маршруткага түшүп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Жол тыгындан аман-эсен жумушка жетип алдыңызбы?

Башталды… Бишкек өзү кичинекей эле шаар. Канча калаа башчысы алмашты, бирок бирөө да коомдук транспортту жакшырта албай койду го, чиркин! Коомдук транспорттун баркы айрыкча аба ырайы бузулганда билинет.

Кечээки жааган кардан бир топ маршрутка ишке чыкпай калган окшойт, таң атпай деле маршрутка күткөн эл, кечинде деле маршрутка күткөн эл. Эки саат күткөнүң аз келгенсип албай кеткендечи…

Шаардын четиндеги жаңы конуштун биринде жашайм. Жумуштан чыгып аялдамага барсам киши толтура. Маршруткалар жык-жыйма болуп, эшиктери араң жабылып кетип атты. Мени да эки маршрутка албай кетти. Үчүнчүсү келгенде эптеп кыпчылып кирип алдым. Түшкөнүн го түштүм, бирок жол тыгындан үйгө жетмегибиз бир азап болду. Маршруткадагы элдин көбүн эми сурабаңыз. Мага окшоп кыпчылып кеткендер жакшы түшүнөт. Аба жетпей, дем кысылып терезеден секирип кете жаздадык. Жол тыгындан маршрутка бир орундан жылбай тургандай сезилди. Үй көздөн учту…

Жогору жактагылар Бишкекке "Коопсуз шаар", "Акылдуу шаар" долбоорун киргизебиз деп жатат. Сураныч, коопсуз шаарды кое туруп коомдук транспортторду жакшыртып алгылачы! Жол тыгында турган эч нерсе эмес, жок дегенде кенен жүрөлү.

Суукта тоңгондорго боору ооруган интернет колдонуучу Адилет Ногойбаев "Жол улашты ала кет!" деген флешмоб баштап, айдоочуларга "унааңыз бош болсо, аялдамада турган адамдарды ала кетиңиз" деп видео кайрылуу жарыялаган.

Бишкекте үй-жайы жоктор үчүн баш калкалоочу жайлар ачылды. Даректери бул жакта көрсөтүлгөн.

Айдоочулар, баарыңар эле дөңгөлөктөрүңөрдү кышкыга алмаштырдыңарбы? Кандай дөңгөлөк сатып алуу керек деп башыңар катып жатса, атайын даярдалган инфографикага назар салыңыздар.

Боомдун жолуна да муз тоңуптур, алыс жолго чыгып жаткандар абайлаңыздар!

Sputnik Кыргызстан агенттиги өткөн аптада дүйнөдө болгон кызыктуу жана маанилүү окуялардын сүрөт түрмөгүн тартуулайт.

Балаңызды бакчага берейин деп ойлонуп жүрсөңүз, алгач электрондук кезек тууралуу билип алыңыз. Ансыз бир да бакча балаңызды кабыл албайт. Материалда жол-жобосу толук жазылган.

Францияда Меркелди президент Макрондун аялы менен алмаштырып алышты. Видеосун көрүп бир жылмайып алгыла!

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.75 (сатып алуу) жана 69.90 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.30 сом, ал эми дизель майы 47.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Үшүбөйлү!

Аманчылык каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0