Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Өлкө сулуусуна бир суктанып алгыла!

© Sputnik / Табылды КадырбековВ Бишкеке прошел финал официального конкурса красоты "Мисс Кыргызстан — 2018"
В Бишкеке прошел финал официального конкурса красоты Мисс Кыргызстан — 2018 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Суук кантет?!

Сырттагы ызгаар суукка карабай Кыргызстандын сулуусу тандалды. Сынакка өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 25 бийкеч катышып, анын ичинен калыстар тобу Жалал-Абад облусунун атынан чыккан Элмира Буранбаеваны жеңүүчү деп тапты. Шилтеме аркылуу кирип өлкө сулуусуна баа берип койгула.

© Sputnik / Табылды КадырбековФинал официального конкурса красоты "Мисс Кыргызстан — 2018"
Финал официального конкурса красоты Мисс Кыргызстан — 2018 - Sputnik Кыргызстан
Финал официального конкурса красоты "Мисс Кыргызстан — 2018"

Елизавета II эмне тамак жей турганын билгиңиз келеби? Канышанын мурдагы ашпозчусунун кызыктуу билдирүүсүн окуп койгула. Анда ашпозчу Даррен Макгрэдди канышанын жакшы көрүп жеген тамагы жана салаттан чыккан куртка болгон реакциясы тууралуу айтып берген.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт. Бул ирет белгилүү режиссер Болот Шамшиев менен Айтурган Темированын кызы Сүйүүтайдын сүрөтү жарыяланды.

Кечээ өлкөнүн жаңы шайланган үч министри, Жаманкулов, Кочкоров жана Айдарбеков Жогорку Кеңештин залында ант берди. Ага президент Сооронбай Жээнбеков да катышып, жаңы министрлерге: "Эл багар уул ээр үстүндө уктайт. Уйкуну азыраак уктап көп иштесеңер, талыкпаган эмгек менен гана кадыр-барк келет, ошону унутпагыла",- деген кеңешин берди. Баса, Аскарбек Шадиевдин ордуна келген жаңы депутат Эрмамат Тагаев да ант берди.

Жогорку Кеңештин "Өкмөттүк саатында" вице-премьер Алтынай Өмүрбекова окуучуларды кооптуу мектептерде да окутууга мажбур болуп жатканын билдирип, бала бакчага барбаган балдардын санын да айтты.

Баса, депутат Алтынбек Сулаймановдун маегине да көз чаптырып койгула. Ал "Бир Бол" фракциясынын учурдагы абалы, жеке сапаттары жана Илмиянов менен болгон мамилеси тууралуу кеп салды.

Эркектер, биле жүргүлө. Улуттук статистика комитетинин адистери аялдар качан ажырашам деп арыз берерин иликтеп көрүштү.

Кубанычтуу кабар. Жеңил атлет Дарья Маслова жайкы Азия оюндарындагы жеңишинен кийин убадаланган 1 миллион сомду алды. Жакшылыкка буюрсун демекчибиз!

Spunik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары коңшу өлкөдө сатууга тыюу салынган дары-дармектер Кыргызстанда сатылып жатканын иликтеп көрүштү.

Тантыраган тамадалардын программасы силерди да тажаттыбы? Акылга сыйбаган оюндарычы… Ошолор тууралуу колумнистика жаздык, окуп коюңуздар.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.78 (сатып алуу) жана 69.90 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.30 сом, ал эми дизель майы 47.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Адал эмгек абийир таптырат, арам эмгек азабын тарттырат.

Аманчылык каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0