Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Аз жерден мурдумду тешип кое жаздашты…

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүРабота хирурга-отоларинголога в Великом Новгороде
Работа хирурга-отоларинголога в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, алтын баш аман болсо баары табылат.

Кыш келип суук күчүндө, жылуу кийине көргүлө. Антпесе мендей болуп мурдуңардан ириң аралаш суюктук агып, дем жетпей кыстыгып, башыңар салаңдап ооруйт. Кыскасы, мен гайморит менен жабыркайм. Дарыгерлердин айтуусу боюнча, илдет суук тийгенден, иммунитеттин төмөндөп кетишинен, кээде сасык тумоо өтүшүп кеткенде же аллергиядан пайда болот экен. Гайморит болгон адамдын мурдундагы каңылжаарга суу толуп, тешикчелер бүтөлүп калат да, анан ал ириңге айланат. Бул оорунун башталышында эле дарылабаса, өнөкөткө айланып кетүү коркунучу бар. Ал өтүшүп кетсе, ириң мээге чаап кетиши ыктымал. Дарт көндүмгө айланса, толугу менен айыкпайт дешет дарыгерлер. Мен мунун айынан бир жумача ооруканада жаттым. Хирургдар барган күнү эле пункция алабыз дешти, жөнөкөй сөз менен айтканда, мурунду тешип жанагы ириңдерди сордуртат экен. Бирок мен дары-дармек менен айыгам деп пункциядан баш тартып койдум. Себеби көп бейтаптардын бул ыкма туура эмес жана өнөкөт ооруга айлантат деген пикирин кармандым. Албетте, бул ак халатчандарга ишенбестик дегенди билдирбейт. Тек гана ички туюмума таяндым. Сиз мага кандай кеңеш берет элеңиз? Гаймориттен толук айыккандар барбы?

Менин көйгөйүм го бүтөт, айылдагы малчылар кантет эми? Кыш түштү дегиче өлкөнүн бардык аймагында карышкыр менен чөө баш көтөрүп, короодогу малга кол сала баштайт. Биз акыркы беш жылда канча жырткыч атылып, канча киши сыйлык алганы жана мал чарбачылыгына келтирилген чыгымдын көлөмү тууралуу сураштырып көрдүк

Улуттук статистикалык комитетти өлкөдө тиричилик минимуму 4654 сом 77 тыйынды түзө турганын жар салган. Мыйзам чыгарган эл өкүлдөрү бир ай бул каражатка жашай алар-албасын сураштырып көрдүк

© Sputnik / Эмиль СадыровКайсы депутат 5 миң сомго бир ай жашай алат? Видео-сурамжылоо
Кайсы депутат 5 миң сомго бир ай жашай алат? Видео-сурамжылоо - Sputnik Кыргызстан
Кайсы депутат 5 миң сомго бир ай жашай алат? Видео-сурамжылоо

Аткаминер тарабынан Бишкектеги Киев жана Москва көчөлөрүнүн атын өзгөртүү сунушталды. Сиз кандай пикирдесиз

Бир кезде жоюлган Жаштар министрлигинин кайрадан түзүлүшүн каалайсызбы

Кесиптешим Мирбек Сакенов ай сайын чыккан соттук чечимдерге көз салып отуруп, жолчулардын шалаакылыгынын айынан жаралган окуяга туш болгон. Ал көпчүлүктүн оозун ачыра турган ошол учурду кененирээк баяндап бериптир.

Ал эми дагы бир кесиптешим Эламан Карымшаков Оштон келе жатып учак компанияларынын кыжыр кайнаткан жагдайына туш болду

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.78 (сатып алуу) жана 69.90 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.30 сом, ал эми дизель майы 47.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Ден соолук — Жараткандан берилген аманат.

Аманчылык тилеп Гүлдана Талантбекова

Жаңылыктар түрмөгү
0