Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Окко учкан Баткендин эки азаматы

Жазылуу
Кутман таң, окурман! Таң ырыскысы баарыбызга тең жетсин!

Эс алуу күндөрдү кандай өткөрдүңүз? Күндүн суугунда үйдөн чыкпай эле кино көрүп жата берсең… Албетте, ал үчүн курсагың ток, кийимиң бүтүн, жан дүйнөң тынч болуусу керек. Дем алыш күндү ар ким ар кандай өткөрөт, күндүзү үйүн тазалап-жыйнап, түштөн кийин үй-бүлөсү жактырган тамакты жасаган кыздар бар. Ошол эле учурда түшкө чейин уктап, кечинде бетине бир тонна косметиканы чаптап алып көңүл ачууга кеткен сулуулар да жок эмес. Ал эми эркектер үйдө уктайт, кино көрөт жана көңүл ачуучу жайларга барат. Эмнеси болсо да ишемби менен жекшемби сиз үчүн жагымдуу эс алуу тартуулап, өзүңүзгө жаккан иштерди бүтүрүүгө өбөлгө болсун дейли. Башкысы, жакындарыңыздын жанында башыңыз аман болсун!

Эми дем алыш күндөрү өлкөдө болуп өткөн урунттуу жаңылыктар менен бөлүшөйүн. Анын башы Баткенден башталсын.

Ишемби күнү ок жеген Баткендин Лейлек районуна караштуу Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Кубаныч Баянов каза болду. Аны 6-ноябрга караган түнү белгисиз адамдар өз үйүнүн жанынан атып кеткен. Жарадар болгон эл өкүлүн туугандары Тажикстандагы Гафуров шаарындагы ооруканага жеткирген. Ал алган жараатынан улам жакшы боло албай ооруканада үзүлгөнү кабарланды.

Ал эми жекшембиге караган түнү Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун сөөгү Төрт-Көл суу сактагычына жакын жолдон табылды. Маалыматтарга караганда прокурорду алгач сабап, андан кийин атып өлтүрүшкөн. Кылмышка шектүү катары кармалган жаран Баткен мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкери экени айтылууда.

Буга байланыштуу окуянын чоо-жайын тактоо үчүн башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Баткенге учуп кетти.

Мындан сырткары, кечээ таңда жыл башында Бишкектин Чыгыш-5 кичирайонунан милиция кызматкерине ок чыгарган жаран Кара-Балта шаарынан колго түшүрүлдү. Ал кармоо маалында дагы ок чыгарып, милиция кызматкерлерин жарадар кылып, өзү да жабыркаган.

Жакшы кабарларды айта кетейин. Кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдубаит уулу кезектеги беттешинде жеңишке жетти. Айыгышкан кармаштын видеосун көрүңүз.

Казакстандын Made in KZ тобу кыргыздын "Илиястын ыры" чыгармасын добранын коштоосунда аткарып чыгышты.

Нуржан Мелисбек уулу быйыл Көчмөндөр оюндарында  тай казанга урунуп кабыргасы кайрылып, Оштогу өлкө чемпионатында кара кушу менен жыгылып, ат басып калган. Ал тургай атасы кырсыктагандан кийин туугандары "көкбөрү ойнобо" дешкен. Бирок ага эч ким, эч нерсе тоскоол боло алган эмес. Маекти толугу менен бул жактан окуй аласыз.

Режиссер Геннадий Базаровдун "Карагыз" тасмасында башкы ролду ойноп, азыр КТРКда көрсөтүлүп жаткан "Акшоола" телесериалында көзү ачык Лилиянын образын жараткан Гүлсина Чотонова чыныгы жашоосунда таптакыр башкача. Кандай экенине кызыксаңыз, бул жакка баш багыңыз.

Төрөкул Айтматовдун жары өмүрүн бүт бойдон күйөөсүн күтүү менен өткөрдү. Ошол эле учурда ал турмуштун оор запкысын тартып, беш баланы төрөп, эки уул, эки кызды бапестеп өстүрүп, тун уулу Чыңгызды жалпы адамзаттын баласы катары тарбиялап берди. Нагима Айтматова тууралуу кызыктуу 15 факты.

"Кыргыз кереметинин" кадр сыртында калган сүрөттөрү. Эч ким көрө элек ирмемдерди биринчилердин болуп көрүңүз.

Сууктан тажадыңызбы? Сиз үчүн бир жумага карата аба ырайы.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.74 (сатып алуу) жана 69.90 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.30 сом, ал эми дизель майы 47.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Күтүлбөгөн кырсыктан, курулай дооматтан оолак болуңуз!

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0