Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Кезек талашып чачташкан кыздар

Жазылуу
Кутман таң! Сыртта аба ырайы бузула баштады окшойт...

Кезек талашып чачташкан кыздар. Кыштын күнү кайсы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна барба, ЛОР дарыгерге кезек толтура. Сасык тумоо, тамак оору, кулак, мурун илдети, айтор баары ошол жакта. Мен дагы өткөндө сасык тумоодон кийин жакшы боло албай, дарыгерге кайрылууга туура келип калды. Эртең менен саат 9да барып үч саатка чейин кезегим келбей отурдум. Ушундай мезгилде жетекчилик деле көрүп жатат, экиден дарыгер коюп койсо болмок, жашы-карысы, кичинекей ымыркайлар деле бир дарыгерди тиктеп турдук. Сурасак "экинчи дарыгер түштөн кийин келет" деп коюшту. 30-40тай киши бир саатта бир келген кезегин айласы жок күтүп отурду. Бир маалда ЛОР дарыгердин медайымы чыгып "бул жакка процедурага эле келгендер кирет, калганыңар түштө келчү дарыгерге жазылгыла" деди. Баягы жерден тиги дарыгерге ызылдап кезекке тура башташты. Бир маалда эле эки жапжаш кыз "сен киресиң, мен кирем" болуп бири-бирин эшиктен киргизбей чабышып-чачташа кетишти. Чарчабай этпей эле улуулар, балалуулар деле турушкан, бул экөөнө эмне болгонун түшүнбөй калдык. Баягы чачташкан кыздарды эркектер араң ажыратты. Аялдар негизи эмоционалдуу эле элбиз да…

Анан да өтө эле кыялкеч келебиз. Бир нукта жүргөндү да жактырбайбыз. Кош бойлуу болбосок деле төөнүн этине талгак болуп, кышында дарбыз жегибиз келип, көлгө түшкөндү сагынып дегендей. Асмандагы Айды деле алдыргыбыз келет, айла жок. Бул ой мага кышында сууга түшөм деп шымалана чечинип, бирок тоңгон музга түшкөн кыздын видеосунан улам келди. Тиги кыз чын эле билбей секирип алганбы, же атайын эле жасаганбы, айтор түшүнбөй калдым.

"Алымканды" созгон Акмарал тууралуу айтпай кетсем болбос. 14 жаштагы Акмарал Эркинбек кызынын эми үнүн уксаңар бир керемет. Анын репертуарында Токтогулдун "Алымкан", Асанкалый Керимбаевдин "Энекем", Каныкей Эралиеванын "Жаз", Калыйбек Тагаевдин "Долон" сындуу бир топ ырлары бар.

Эңилчектеги үч мамалагын ээрчиткен аюунун сүрөтүн көрсөңүз, ичиңиз элжиреп кетет. Бул жандыктар фотокапканга түшүп калыптыр.

Араңарда ымыркайга жети күндүн ичинде сүйүнчү пул алгандар барбы? Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги "балага сүйүнчү" көмөгү аз убакытта жана үч эле документ менен бериле баштаганын айтты. Кененирээк төмөндөгү материалдан окуп алыңыздар. 

Баса, өлкө башчы мурдагы премьер-министр жана спикерлер менен ийри отуруп түз кеңешти. Эмне тууралуу сөз болгонун маалымат агенттиктин материалынан окуңуздар. 

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.75 (сатып алуу) жана 69.90 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.30 сом, ал эми дизель майы 47.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Бар бололу!

Аманчылык каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0