Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Күйөөсүнө аял издеген бейтаптын баяны

Жазылуу
Жакшы жатып жай турдуңузбу, мекендеш?

"Бурадар" кечээки күндүн, 21-ноябрдын, маанилүү делген кабарларын тизмектеп сунуштайт.

Дароо эле сүйүү баянынан баштайлычы, кыргызстандык көрүүчүлөргө жаңы тартылган "Делбирим" киносунун трейлери тартууланды. Жакында, тагыраагы, 6-декабрдан тарта кинокартинанын өзүн көрө алабыз.

Ага улай дагы бир жакшы кабар, экс-президент Алмазбек Атамбаев жээн-неберелүү болду. Алия кыз көз жарды

Бир жакта адам дүйнөгө келсе, дагы бир тарапта өмүр менен коштошуп жатат. Кырсыкты кайдан деп болот. Алматыда бейкапар кетип бара жаткан аялдын өмүрүн чатырдан түшкөн муз алып кетти. 

Адам кааласа колунан баары келет! Ракка моюн бербей, аны жеңген аялдын баяны көптөрдү кайдыгер калтырбайт болушу керек. Алгач, акка моюн сунам деп күйөөсүнө жубай, балдарына мээримдүү эне издептир…

"Өмүрдү кандай жашап өтөм?.." деген суроо ар кимдин эле башында болсо керек. Бишкектеги бул кемпир таштандыдан дүйнө чогултууну адат кылыптыр. Эмнеден мындай адатка кабылды экен? 

Шумдугуң кур! Австралияда 18 жаштагы бийкеч кыздык белгисин аукционго коюптур. 

Ишемби, жекшембиде уйкунун планын ашыгы менен аткарасызбы? Дем алыш күндөгү узак уйкунун зыяндуу жактары айтылды. Андыктан сергек бололу, достор!

Ал эми аба ырайына көз чаптырсак, Бишкек шаарында күн ачык болуп, абанын температурасы +6…+8 градус, Ош калаасында жамгыр жаап, +7…+9 градус жылуу болору айтылды. 

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.77 (сатып алуу) жана 69.90 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.30 сом, ал эми дизель майы 47.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жакшы жүрмөк бар, жакшы өлмөк жок.

Иш аптаңыздар ийгиликтүү уланышын каалап, Нургүл Максутова.

Жаңылыктар түрмөгү
0