Алакандай мылтык. Архив

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Прокурорду өзүнүн адамдары өлтүргөн беле?

915
(жаңыланган 11:00 28.11.2018)
Кутман таң, окурман! Жакын адамдарыңыз менен жакшы маанайда жүрүңүз!

Бул аптада Бангкокто (Таиланд) "Аалам сулуусу — 2018" сынагында ат салышчулардын кароосу башталып, ага кыргызстандык Бегимай Карыбекова алгач ирет катышууда. Биз ага атаандаш болгон дүйнөдөгү башка ажарлуу кыздардын сүрөттөрүн чогулттук. Сиз да көрүп, өзүңүздүн сулууңузду тандаңыз. 

Калың элге "Апамдын махабаты" сериалындагы ролунан кийин таанылган, карьерасын "Замандаш" бирикмеси менен партиясынын негиздөөчүсү, маркум Мухтар Өмүракуновго турмушка чыккандан кийин жыйынтыктаган Айжан Акылбекова менен  маектештик. 

Атактуу актер жана режиссер Жеки Чандын кызы Этта У Чжолинь канадалык модель кыз Энди Отом менен баш кошту. Силер кандай ойдосуңар билбейм, мен дагы эле таң калып бүтө элекмин.

Саясаттан кеп салсак, парламенттин тармактык комитети президенттин кол тийбестигин алып салды. Депутат Исхак Масалиев президентти кол тийбестиктен ажыратууну Алмазбек Атамбаев өзү сунуштаганын айтты. 

Өткөн жумада киши колдуу болгон Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун жана анын өлүмүнө шектүү катары кармалган Мелис Калыковдун туугандары тергөө иштерине нааразы болууда. Алар ошол күнү аңчылыкка чогуу чыккан прокурорлордун да камалышын талап кылып жатышат. 

Бейтаптар шыпаа берген дарыгерин Кудайындай эле көрүп калат деп коюшат. Буга мисал кылып белгилүү кардиохирург Калдарбек Абдрамановду айтса болчудай. Ал өмүрүнүн 35 жылын оорулууларга арнап, 6 миңден ашык оор операция жасаган. Ошол хирург 63 жашка чыкты. Көп жашасын дейли. Ал тууралуу 7 фактыны билип алыңыз. Бир фактысы, жубайын учак менен ала качкан экен.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.78 (сатып алуу) жана 69.90 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.30 сом, ал эми дизель майы 47.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жакшы адамдар көп болсун!

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков

915
Белгилер:
Бурадар, сулуу, саясат, валюта, Мунай, Бегимай Карыбекова