Выставка модного белья, купальников и домашней одежды Lingerie Fashion Week весна 2017

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Депутат аял төшүн көрсөтүп...

238
(жаңыланган 12:01 06.12.2018)
Кутман таң! Кыштын аяздуу күндөрү да башталды.

Сынга кабылган казак депутаты. Коңшу казак боордоштордун салты, маданияты кыргыздарга окшош делгени менен тарбия, ыйман жагынан алганда алда канча демократиялашып кеткендей… Айрыкча кыз-келиндери. Алыс кетпей Айжан Байзакова деген Instagram жылдызын эле мисалга алсак. Кокус кыргыз кыздарынан бирөө Байзаковадай ачылып жүрсө, эркектер баш болуп соцтармактан тепкилеп, урушуп атып чүнчүтүп салышмак.

Кечээ Астананын жаштар маслихатынын VII чакырылышынын депутаты Динагүл Тасованын кийген кийимин казакстандык эле эмес, кыргызстандык да интернет колдонуучулар катуу талкуулашты. Депутат Fashion Night Astana иш-чарасында подиумга Dana Dyusembayeva мода үйүнүн үлбүрөк көйнөгүн кийип чыгыптыр, жука кийимден көкүрөгү көрүнүп турат. 

Айрымдары ага "искусство" деп суктанып карашса, кээ бири "уят" дегенден башка сөз айтышкан жок. Чүмкөнүп жүрөбү, чечинип алабы, ар кимдин өз иши деңизчи, болгону эл көзүндөгү адам болгондон кийин жаштарга, коомго терс таасирин тийгизбегендей болсо…

Египетте андай ачык кийингенге болбойт. Актриса жана фотомодель Рания Юсеф эл алдына өзүнүн дене түзүлүшүн ачык көрсөткөн көйнөк кийип чыккандыгы үчүн "коомдогу моралдык талаптарды бузду" деп айыпталууда.  Жергиликтүү коомчулук "актриса ислам коомунун талаптарына жооп бербеген иш жасады" деп күнөөлөсө, юристтер тобу аны коомдогу моралдык талаптарды бузду деп сотко бериптир. Ушунда-ай…

Ачык кийинген кыздар менен акын кыздарды салыштырып таптакыр болбосо керек. Чыгармалары поэзия сүйүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк тапкан акын Нарсулуу Гургубаева менен Sputnik Кыргызстан агенттиги кенен баарлашып, кызыктуу маек курду. 

Дем алыш күндөрү кымча бел кыздар тууралуу эле эмес, сыймыктанып, суктана турган мырзалар тууралуу да жакшы макала, маектер чыгыптыр. Кыя өткөрбөгөн кыргыздын спортчу жигиттери тууралуу макаланы башы бош кыздар сөзсүз окушуңар керек экен. Биринен бири өтөт го, чиркин!

Баса, "Ынтымак" мелдешинде баш байгеге Талас районунун көк бөрүчүлөрү ээ болду. 

Туризм департаментинин жаш, жаңы жетекчиси Максат Дамир уулунун маегин да окуп койгула! 

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.75 (сатып алуу) жана 69.90 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.30 сом, ал эми дизель майы 47.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Суук көздөн сактасын!

Аманчылык каалап, Таалайгүл Усенбаева.

238
Белгилер:
Бурадар, валюта, аба ырайы, Мунай
Атчан киши. Архивдик сүрөт

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Жыгылсаң тизеле, сөз уксаң чыйрал!

83
(жаңыланган 16:15 28.12.2018)
Жакшы жатып, жай турдуңузбу, мекендеш?

Жылдын жаңырарына саналуу күндөр калды. Көптөр быйылкы жылга саресеп салып, өткөндү таразалап, келечекти боолголоп, жыйынтык менен Кара кийик жылына, 2019-жылга аттаганы турат. Пендебиз, адамбыз, инсанбыз. Узап бара жаткан жыл жашообузда, чөйрөбүздө, ишибизде, жеке жашообузда бир топ окуяларды тартуулады. Бул сапаркы "Бурадар" окуган адамды бир аз болсо да өзүнүн жашоосуна бир жылдык саресеп кылганга жетелесе керек.

…Ар кыл окуялар болду. Бирибиз алыска сапар алдык, дагы бирибиз өлкөдөн качып-бозуп же жөн эле чыгып кеттик, бир даарыбыздын бүлөбүздө наристе пайда болду, бир катарларыбыз түгөй таптык, дагы бирибиз жакыныбыздан ажырадык, канчабыз маңдай жарыла кубандык, көптөрүбүздүн көңүлүбүз калды, бир тобубузду оору коштоду, кээ бирөөбүздө жашоого үмүт жанды. Ошентип биздин күндөр жүз кырдуу мүнөзүн көрсөтүп, жүз сыноого салды. Бул — улуу кыймыл. Ал ошонусу менен кызык тура. Жылды узата карап туруп, ушул ойлорго жетелендим.

Жыгылган сайын тизелеп тура калып; мостойткон сөз уккан кезде чыйрала жалт карап; сенден оолактаганда кара башыңа ишенип; ишиңдин кедери кеткен арабаңды бек тартып, айтор жашоону улаганга милдеттүүбүз. Себеби бул — тирүүлүк. Бул бизге берилген ырыскы, шыбага, мүмкүнчүлүк. Ошондуктан келе жаткан жылды да ойлогондой, пландагандай, максат кылганыбыздай жашап өтөлү. 2019-жылы жакындарыбызга, айланабызга, тааныган-тааныбагандарга мээрим тартуулайлы, жетимдин бешенесин сылайлы, жесирден кабар алалы, оорунун абалын билели, жакшылык жасайлы. Башкасы болбосо да, бул менин, сенин колубуздан келет, бурадар. Анан өзүбүздүн койгон максаттарыбызга жетели, баштаган ишибиздин өтөсүнө чыгалы. Аманчылыкта жашайлы, сүйүктүү ишибиз менен алек бололу.

Келе жаткан Жаңы жылыңыз менен куттуктайм, замандаш! Жакшылыктарыбыз арбысын деген тилек менен бүгүнкү "Бурадарга" жетелейин. Бул "Бурадардын" 2018-жылдагы акыркы тизмеги.

Аба ырайы. 28-декабрда Ош калаасында +6…+8, ал эми Бишкекте +6…+8 градус жылуу болот

30-декабрдан 7-январга чейин. Жаңы жылда Бишкектеги коомдук тартипке милициянын 2300 кызматкери көз салат тура

Кыштын кыраан чилдесинде. Солтон-Сары кенин кытайлыктардын иштетүүсүнө каршы экендигин билдирип Нарын эли жыйын курду

Аша чаап кеткен жокпу? Жогорку Кеңештин депутаты чет элдик туристтер үчүн Ысык-Көл визасын киргизүүнү сунуштады

Журналист, депутат, эми төраганын орун басары. Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева жашыруун добуш берүү менен вице-спикерликке шайланды

Көрбөгөн арманда! 2018-жылдын эң мыкты видеолору. Эми… көз чачырайт!!! 

Дүкөнгө же жумушка чыгып эле кайра үйгө кайтпай калуу кандай коркунучтуу. Sputnik жыл жыйынтыгын чыгарууда. Мүрт кеткен мугалимдер, энесиз калган бөбөк… Үрөй учурган жол кырсыктары

Жылды соттошуу менен тосуп алабы? Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшебаев экс-президент Алмазбек Атамбаев менен "Апрель" телеканалынын директору Дмитрий Ложниковду сотко берди. Бул саясатчылар жылды соттошуу менен тосуп алабы?

Ажалы жок экен, бирок компенсация да жок дешти. Кайыган ок жолдо кетип бараткан 57 жаштагы кишиге тийип, бирок аман кылган. Акчаңа ыраазымын, аман калдым деген окшойт. Ош шаардык ЖКККБ жетекчисинин айтымында, жабыркаган киши инспекторго эч кандай доосу жок экенин билдирген маалымат түшкөн.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.78 (сатып алуу) жана 69.90 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 45.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Колуңдан келишинче бактылуу бол! Бакыт – сенин жакындарыңдын амандыгы, маңдайыңда жаркылдап турган жарың, чүрпөлөрүң, сүйүктүү ишиң жана чың ден соолугуң.

Бардыгыңыздарга жакшылык каалап, Нургүл Максутова.

83
Белгилер:
Бурадар, бакыт, тилек, кайрымдуулук, Жаңы жыл
Тез жардам автоунаасы. Архив

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Тез жардамды акыйып күткөн 47 миң учур

83
(жаңыланган 11:00 28.12.2018)
Жакшы жатып жай турдуңузбу, замандаш? Келе жаткан Жаңы жылыңыз менен куттуктайбыз! Жылга жакшы маанай, жакшы тилек менен аттайлы деп турабыз.

Бүгүнкү "Бурадарда" кечээги күнү болгон окуялардын тандалган тизмегин сунуштайбыз.

Азыр көптөрдө Жаңы жыл алдындагы майрамдык маанай. Тизмегибизди жакшы, жарык кабардан баштайлы деп чечтик.

Кечээ көптөгөн бөбөктөрдүн көзүнөн кубанычтын, толкундоонун учкунун көрүүгө болот эле. Таңгалган, суктанган, жылмайган сүрөттөр.

Ал эми президенттин кичинекейлерди куттуктап, бетинен өөп, бешенесинен сылаган видеосун бул жерден көрө аласыз.

Жаңы жыл келе жатат, жыл жыйынтыгын четинен чыгарып баштадык. Sputnik быйыл иши алдыга жылып, ити чөп жеген спортчуларды санап чыкты.

Анткен менен бир катар адамдар үчүн жыл чырлуу аяктап бара жаткандай. Депутат мандатынан ажыраганы үчүн аймактык шайлоо комиссиясын сотко бермей болду.

Сот демекчи, эмне болсо да эркиндиктен ашкан нерсе жоктур. Абактагы кишиге КР президенти кантип ырайым берери тууралуу материал сайтка жарыяланды.

Адамзат соттошуп, талашып-тартышып чындыктын түбүнө жетет чыгар. Бирок апам айтмакчы, "чыккан жан менен калган кадыр кайтып келбейт", тагыраагы, бийликтин, байлыктын түбүнө жеткен киши жок. Кезегинде котормочу, протокол бөлүмүнүн жетекчиси, Акаевдин экс-маалымат катчысы болгон Ильяс Бекболотов кечээ дүйнө салыптыр. Жаткан жери жайлуу болсун.

Бирок ажалды адам киши колунан тапкан учурларды кантебиз? Өзүнүн акыркы мүнөттөрүнө шашкан жигитпи же артынан кууган милициябы? Себепкер ким? Бишкектик автоинспекторлор артынан сая түшүп, айдоочу каза таптыбы? Кырсыктын видеосу бул жерде. Азырынча суроодон башка жообу жок жагдай.

47 миң учур… Жан көзгө көрүнгөндө, жакындарың ооруп, же балаң кыйналып, түйүлүп, ыйлап турганда дарыгер көздөн учат. Тез жардам гана абалга аралжы болчудай сезилет. Быйылкы жылдын эсебинен дарыгерлерди акыйып канча киши күткөнү тууралуу маалымат чыкты.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.78 (сатып алуу) жана 69.90 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 45.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Калган кадыр менен чыккан жан табылбайт.

Жакшылык, аманчылык тилеп Мирбек Сакенов.

83
Белгилер:
Бурадар, балаты, бала, Сооронбай Жээнбеков
Экономист Нургүл Акимова. Архивдик сүрөт

Экономист: бизнес жасоодо да жүрөккө жаккан тармакты тандоо зарыл

0
(жаңыланган 18:39 26.09.2020)
Экономист Нургүл Акимова ишкер болуу үчүн кандай сапаттарга ээ болуу керектиги тууралуу айтып берди.
Экономист: бизнес жасоодо да жүрөккө жаккан тармагын тандоо зарыл

Бизнесмен болуу да кесип тандоо сыяктуу эле. Бирөөнүн кирешеси тууралуу угуп алып эле кызыга берген болбойт. Сөзсүз түрдө жасаган бизнесиң көңүлүңө төп келүүсү зарыл. Мындай пикирин Нургүл Акимова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Экономист: той берүү — ишкер үчүн коммуникациянын бир түрү

Анын айтымында, ишкерлик менен алектенген үй-бүлөдө тарбияланган бала бизнеске оңой аралашып кете алат.

"Ишкерлик жөндөм бардык адамда болот. Ал кайсы тармакта бизнес жасай алат, көңүлүнө эмне туура келет, ошону гана аныктап алуусу зарыл. Албетте, ишкер чөйрөдө чоңойгон баладан бизнесмендер көп чыгат. Анткени алар кичинекейинен аки-чүкүсүн  билет. Бирок кийин келип ишкерликке аралашып, ийгилик багындырууга да толук мүмкүнчүлүктөр бар. Башкысы - адам жүрөгүнө жаккан иштин түрүн тандоосу абзел. Эгер ал өсүмдүктөргө жакын болсо, ушул багытта кетсин, же  сулуулук индустриясы кызыктырат дейли, анда ошол тармакты караштырсын. Жөн гана башка бирөөнүн тапкан кирешеси тууралуу угуп алып бизнес жасоого киришкен адамды көп учурда жаңылыштык, жаза басуу күтүп турат. Бизнестин тили менен айтканда, банкрот. Бирок анын да пайдасы бар, себеби сабак алып, тажрыйба топтойт. Эгер жасап жаткан бизнесиң көңүлүңө жакса, мындай учурда кол куушуруп отуруп калбай, тескерисинче өжөрлүк менен уланта аласың ", — деди Акимова.

Экономист ийгиликтүү ишкер болуу үчүн ар дайым бизнестин ошол багытында билимин тереңдетип туруу зарылдыгын кошумчалады.

0
Белгилер:
ишкер, каражат, үй-бүлө, Нургүл Акимова
Тема боюнча
Казына менен капчык бош, бирок өлкөдө акча көп. Эки ача көрүнүшкө сереп