Ош базарындагы өрт. Архив

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. "Ош" базарындагы өрткө эмнегедир таң калбадык

502
(жаңыланган 12:08 07.12.2018)
Кутман таң, достор!

Түндө айтылуу "Ош" базарында дагы бир ирет өрт чыкты. Кесиптештер кабарды адаттагыдай окурманга тез жана сапаттуу жеткиришти. Кызыгы, бул кечте баягы эле "өрткө" жакын кабарчыбыз Бакыт Толканов дежур болчу. "Өрткө" жакын дегеним, Бакыт түнкүсүн иштеген күнү Кыргызстандын кайсы жери болбосун бир өрт чыгат. Аны ӨКМдин маалымат катчылары дагы жакшы билип калган. Кээде "бүгүн Бакыт дежур эмеспи?" деп тамашалап калышат.

Айтайын дегеним, тилсиз жоо Бакыттын нөөмөтүнө туш келгени жамаатты таң калтырган деле жок. Андан дагы "Ош" базардагы өрт өзгөчө эмоция жарата албады. Анткени бул жылдын башынан бери мында төрт ири өрт катталды.

Бул жолу жалын базардын Бейшеналиева жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги имаратын чулгады. 

Бишкекти каптаган кара түтүн. Бул кара түтүндүн өрткө эч тиешеси жок. Бирок жыл сайын эле кыш келери менен калаа тургундарын убайым тарттырат. Бишкектеги абанын булганышын муниципалитетте мэр менен биргеликте талкуулашты. 

Кытайдагы кыргыздар. Ал ортодо борбор калаада гана эмес, өлкөнүн сыртында дагы кыргыздарды сарсанаа кылган окуялар болуп жатат. Мисалы, акыйкатчы Токон Мамытов Кытайдагы кыргыздардын кыйноого кабылгандыгы боюнча кат жүзүндө кайрылуу түшсө, Кыргызстан менен Кытайдын эки тараптуу макулдашууларынын, мыйзамдарынын алкагында чечим кабыл алынарын билдирди. Анткени буга чейин бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарына жана социалдык тармактарга Кытайда бир нече жарандын "эмгек лагерлеринде" кармалып турганы, кыйноого туш болгону боюнча маалымат чыккан.

Кызмат тапшыруу. Кечээ, 3-декабрда, "Манас" эл аралык аэропортунун жетекчиси Эмир Чукуев кызматтан кетти. Себеби азырынча айтыла элек.

Жарык өчөт. Баса, бүгүн Бишкектин бир катар аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Аба ырайы. Анткен менен күн ачык, өлкө аймагында кар жаабайт

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.80 (сатып алуу) жана 69.90 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.30 сом, ал эми дизель майы 47.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жакшы гана жаңылыктар болуп турсун!

Жакшылык тилеп, Мирбек Сакенов

502
Белгилер:
өрт, валюта, аба ырайы, Кыргызстан
Атчан киши. Архивдик сүрөт

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Жыгылсаң тизеле, сөз уксаң чыйрал!

83
(жаңыланган 16:15 28.12.2018)
Жакшы жатып, жай турдуңузбу, мекендеш?

Жылдын жаңырарына саналуу күндөр калды. Көптөр быйылкы жылга саресеп салып, өткөндү таразалап, келечекти боолголоп, жыйынтык менен Кара кийик жылына, 2019-жылга аттаганы турат. Пендебиз, адамбыз, инсанбыз. Узап бара жаткан жыл жашообузда, чөйрөбүздө, ишибизде, жеке жашообузда бир топ окуяларды тартуулады. Бул сапаркы "Бурадар" окуган адамды бир аз болсо да өзүнүн жашоосуна бир жылдык саресеп кылганга жетелесе керек.

…Ар кыл окуялар болду. Бирибиз алыска сапар алдык, дагы бирибиз өлкөдөн качып-бозуп же жөн эле чыгып кеттик, бир даарыбыздын бүлөбүздө наристе пайда болду, бир катарларыбыз түгөй таптык, дагы бирибиз жакыныбыздан ажырадык, канчабыз маңдай жарыла кубандык, көптөрүбүздүн көңүлүбүз калды, бир тобубузду оору коштоду, кээ бирөөбүздө жашоого үмүт жанды. Ошентип биздин күндөр жүз кырдуу мүнөзүн көрсөтүп, жүз сыноого салды. Бул — улуу кыймыл. Ал ошонусу менен кызык тура. Жылды узата карап туруп, ушул ойлорго жетелендим.

Жыгылган сайын тизелеп тура калып; мостойткон сөз уккан кезде чыйрала жалт карап; сенден оолактаганда кара башыңа ишенип; ишиңдин кедери кеткен арабаңды бек тартып, айтор жашоону улаганга милдеттүүбүз. Себеби бул — тирүүлүк. Бул бизге берилген ырыскы, шыбага, мүмкүнчүлүк. Ошондуктан келе жаткан жылды да ойлогондой, пландагандай, максат кылганыбыздай жашап өтөлү. 2019-жылы жакындарыбызга, айланабызга, тааныган-тааныбагандарга мээрим тартуулайлы, жетимдин бешенесин сылайлы, жесирден кабар алалы, оорунун абалын билели, жакшылык жасайлы. Башкасы болбосо да, бул менин, сенин колубуздан келет, бурадар. Анан өзүбүздүн койгон максаттарыбызга жетели, баштаган ишибиздин өтөсүнө чыгалы. Аманчылыкта жашайлы, сүйүктүү ишибиз менен алек бололу.

Келе жаткан Жаңы жылыңыз менен куттуктайм, замандаш! Жакшылыктарыбыз арбысын деген тилек менен бүгүнкү "Бурадарга" жетелейин. Бул "Бурадардын" 2018-жылдагы акыркы тизмеги.

Аба ырайы. 28-декабрда Ош калаасында +6…+8, ал эми Бишкекте +6…+8 градус жылуу болот

30-декабрдан 7-январга чейин. Жаңы жылда Бишкектеги коомдук тартипке милициянын 2300 кызматкери көз салат тура

Кыштын кыраан чилдесинде. Солтон-Сары кенин кытайлыктардын иштетүүсүнө каршы экендигин билдирип Нарын эли жыйын курду

Аша чаап кеткен жокпу? Жогорку Кеңештин депутаты чет элдик туристтер үчүн Ысык-Көл визасын киргизүүнү сунуштады

Журналист, депутат, эми төраганын орун басары. Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева жашыруун добуш берүү менен вице-спикерликке шайланды

Көрбөгөн арманда! 2018-жылдын эң мыкты видеолору. Эми… көз чачырайт!!! 

Дүкөнгө же жумушка чыгып эле кайра үйгө кайтпай калуу кандай коркунучтуу. Sputnik жыл жыйынтыгын чыгарууда. Мүрт кеткен мугалимдер, энесиз калган бөбөк… Үрөй учурган жол кырсыктары

Жылды соттошуу менен тосуп алабы? Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшебаев экс-президент Алмазбек Атамбаев менен "Апрель" телеканалынын директору Дмитрий Ложниковду сотко берди. Бул саясатчылар жылды соттошуу менен тосуп алабы?

Ажалы жок экен, бирок компенсация да жок дешти. Кайыган ок жолдо кетип бараткан 57 жаштагы кишиге тийип, бирок аман кылган. Акчаңа ыраазымын, аман калдым деген окшойт. Ош шаардык ЖКККБ жетекчисинин айтымында, жабыркаган киши инспекторго эч кандай доосу жок экенин билдирген маалымат түшкөн.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.78 (сатып алуу) жана 69.90 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 45.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Колуңдан келишинче бактылуу бол! Бакыт – сенин жакындарыңдын амандыгы, маңдайыңда жаркылдап турган жарың, чүрпөлөрүң, сүйүктүү ишиң жана чың ден соолугуң.

Бардыгыңыздарга жакшылык каалап, Нургүл Максутова.

83
Белгилер:
Бурадар, бакыт, тилек, кайрымдуулук, Жаңы жыл
Тез жардам автоунаасы. Архив

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Тез жардамды акыйып күткөн 47 миң учур

83
(жаңыланган 11:00 28.12.2018)
Жакшы жатып жай турдуңузбу, замандаш? Келе жаткан Жаңы жылыңыз менен куттуктайбыз! Жылга жакшы маанай, жакшы тилек менен аттайлы деп турабыз.

Бүгүнкү "Бурадарда" кечээги күнү болгон окуялардын тандалган тизмегин сунуштайбыз.

Азыр көптөрдө Жаңы жыл алдындагы майрамдык маанай. Тизмегибизди жакшы, жарык кабардан баштайлы деп чечтик.

Кечээ көптөгөн бөбөктөрдүн көзүнөн кубанычтын, толкундоонун учкунун көрүүгө болот эле. Таңгалган, суктанган, жылмайган сүрөттөр.

Ал эми президенттин кичинекейлерди куттуктап, бетинен өөп, бешенесинен сылаган видеосун бул жерден көрө аласыз.

Жаңы жыл келе жатат, жыл жыйынтыгын четинен чыгарып баштадык. Sputnik быйыл иши алдыга жылып, ити чөп жеген спортчуларды санап чыкты.

Анткен менен бир катар адамдар үчүн жыл чырлуу аяктап бара жаткандай. Депутат мандатынан ажыраганы үчүн аймактык шайлоо комиссиясын сотко бермей болду.

Сот демекчи, эмне болсо да эркиндиктен ашкан нерсе жоктур. Абактагы кишиге КР президенти кантип ырайым берери тууралуу материал сайтка жарыяланды.

Адамзат соттошуп, талашып-тартышып чындыктын түбүнө жетет чыгар. Бирок апам айтмакчы, "чыккан жан менен калган кадыр кайтып келбейт", тагыраагы, бийликтин, байлыктын түбүнө жеткен киши жок. Кезегинде котормочу, протокол бөлүмүнүн жетекчиси, Акаевдин экс-маалымат катчысы болгон Ильяс Бекболотов кечээ дүйнө салыптыр. Жаткан жери жайлуу болсун.

Бирок ажалды адам киши колунан тапкан учурларды кантебиз? Өзүнүн акыркы мүнөттөрүнө шашкан жигитпи же артынан кууган милициябы? Себепкер ким? Бишкектик автоинспекторлор артынан сая түшүп, айдоочу каза таптыбы? Кырсыктын видеосу бул жерде. Азырынча суроодон башка жообу жок жагдай.

47 миң учур… Жан көзгө көрүнгөндө, жакындарың ооруп, же балаң кыйналып, түйүлүп, ыйлап турганда дарыгер көздөн учат. Тез жардам гана абалга аралжы болчудай сезилет. Быйылкы жылдын эсебинен дарыгерлерди акыйып канча киши күткөнү тууралуу маалымат чыкты.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.78 (сатып алуу) жана 69.90 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 45.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Калган кадыр менен чыккан жан табылбайт.

Жакшылык, аманчылык тилеп Мирбек Сакенов.

83
Белгилер:
Бурадар, балаты, бала, Сооронбай Жээнбеков
Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков

Айдарбеков Улуу жана Кичи Памирдеги кыргыздар боюнча афган кесиптеши менен сүйлөштү

0
Боордошторго байланышкан долбоорлордон тышкары эки аткаминер инфратүзүмдүк долбоорлорду жана региондук интеграцияларды мындан ары өнүктүрүүнүн көрүнүштөрү тууралуу пикир алмашышкан.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков афганистандык кесиптеши Мохаммад Ханиф Атмар менен видеобайланыш аркылуу сүйлөшкөнүн ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-афган мамилелеринин күн тартибинин актуалдуу маселелери, анын ичинде Улуу жана Кичи Памирдеги афган кыргыздарын колдоо боюнча долбоорлор талкууланды. Андан тышкары, тараптар инфратүзүмдүк долбоорлорду жана региондук интеграцияларды мындан ары өнүктүрүүнүн көрүнүштөрү тууралуу пикир алмашышты.

ТИМ: Вандык кыргыздар Түркиядагы Кыргызстандын элчисине ыраазычылык билдирди

Айдарбеков 2020-жылдын сентябрында Доха шаарында башталган элдешүү процессин колдой турганын, ошондой эле Афганистанда тынчтыктын орношу үчүн жана бүтүндөй региондук коопсуздукту бекемдөө максатында ал процесстин ишке ашарына үмүт артарын билдирди.

0
Белгилер:
мамиле, Афганистан, Чыңгыз Айдарбеков, Памир кыргыздары
Тема боюнча
Бутумду кучактап "кыргызга салам айт" деп ыйлаган кандаш. Афганчылардын баяны