Кыз жигит. Архив

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Ооруңду угуза көрбө, күйөөң кетип калат

193
(жаңыланган 10:56 10.12.2018)
Кутман таң, замандаш!

Жакшы жатып, жай турдуңузбу? Күндү жагымдуу кабар менен баштасак. Эми алдыңкы спортчулар айына 75 миң сомго чейин стипендия алмай болду. Жаңы токтомдун шарт-талабы менен таанышып алыңыз. 

Мамлекеттик карыз, башкы инвестор, визалык маселе… Sputnik Кыргызстан редакциясы Кыргызстан кайсы себептер менен Кытай тарапка кылчактап турарын тактап көрдү. 

"Манас" аэропорту жаңы кожоюндуу болду. Ким деп ойлойсуз? 

Дүйнө кезген боз үй, тонналаган форель… Ысык-Көлдө эмне өндүрүлөт? Өлкө башчысы быйылкы жылды "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялаган. Мындан улам редакция жети облуста эмне өндүрүлүп, аны кайсы рынокко алып чыга турганы жөнүндө жазып турмай болду. 

Мирбек Сакенов ар жума сайын архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт. Бул ирет "Ак кемедеги" Даркүл Күйүкованы алды. 

Үч баланын энеси, көзү азиз Чынара кезеги келгени менен үй ала албай убара. Анын тагдыры тууралуу Таалайгүл Усенбаева видео тарткан. Тагдырына көз чаптырсаң, баягы эле көрүнүш. Эркеги жок жалгыз турмуш кечирип, ага карабай балдарын канаттууга кактырбай баккан аялзаты. Бул эле эмес, көп кыз-келиндин оозунан "баламдын же өзүмдүн оорумду укканда, турмуштан кыйналганда эрим таштап кетти" деп айтышат. Мындан улам эркектер эмне үчүн оор кезеңде туруктуу эмес деген ой келет.

Эламан Карымшаков "Делбирим" тасмасынын көркөм жетекчиси болгон жана автобазанын начальнигинин ролун аткарган Матьякуб Матчанов менен маек курду. 

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.79 (сатып алуу) жана 69.90 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.30 сом, ал эми дизель майы 47.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Оору-сыркоодон оолак бололу!

Ден соолук тилеп, Гүлдана Талантбекова

193
Белгилер:
эне, аял, Бурадар, видео, стипендия, Сүрөт, валюта, Спорт, Мунай, Кытай, Ысык-Көл
Пикирлер