Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Саясатты кое туруп Бегимай сулууну көрүңүз

© Фото / Ренат ТоромамбетовДүйнө сулуусу — 2018" сынагына өлкө атынан катышып жаткан Бегимай Карыбекова
Дүйнө сулуусу — 2018 сынагына өлкө атынан катышып жаткан Бегимай Карыбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, замандаш!

Бүгүнкү күн сиз ойлогондон алда канча жакшы өтүп, кыялдар күтүүсүз жерден орундалсын.

Алгач саясаттан кеп. Пара алып жаткан жеринен кармалган транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 1,5 айга камакка алынды.

ЖК комитети каржы министрине Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлигин жактырды.

Миллиондогон акча чыкты! УКМК мыйзамсыз түрдө байлык топтогон деп кармалган мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев жашаган үйдү жана ага тиешелүү объектилерди тинтүүгө алды.

Атамбаев Жээнбеков менен элдешүү үчүн кандай аракет кылганын айтты.

Борбор Азиянын ичинде Казакстандан бөлөгүнүн баарында кеминде бирден президент алмашты. Sputnik Кыргызстан редакциясы чөлкөмдөгү мамлекеттердин азыркы башчыларынын балдары жана неберелери туурасындагы материалынан соң мурдагы журт башчылардын уул-кыздары жөнүндөгү түрмөктү назарыңыздарга сунуштайт.

Ала качуу азабы. Бурулай Турдали кызынын өлүмүнө шектелип жаткан Марс Бөдөшевди жабырлануучу тараптын жактоочулары өмүр бою эркинен ажыратууну суранышты.

Эми жагымдуу кабарларга өтөлү. Чырайлуулар дүйнөнү сактайт демекчи, Таиландда өтүп жаткан "Дүйнө сулуусу — 2018" сынагына өлкө атынан катышып жаткан Бегимай Карыбекованын көз талдырган сүрөттөрүнө назар салыңыздар.

"Ала-Тоодо" балатынын оттору жанды! Жомок дүйнөнүн асмандан көрүнүшү.

Башкы балатыдан фотофакт да жасалды.

Шейшембиге карата аба ырайы менен таанышып алыңыз.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.73 (сатып алуу) жана 69.90 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.00 сом, ал эми дизель майы 46.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Пенде пейилинен табат.

Жагымдуу күн каалап Гүлдана Талантбекова.

Жаңылыктар түрмөгү
0