Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Эки сүйлөгөн транспорт министри

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүПленарное заседание Госдумы РФ
Пленарное заседание Госдумы РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Күндүн көзү бузула баштады окшойт.

Кечээки күн ары кызыктуу, ары олуттуу маалыматтарга мол болуптур.

Бүтүндөй элди дүрбөлөңгө салган Бурулайдын өлүмү боюнча соттук иштер аягына чыкты. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Санжар Чотонов шектүү Марс Бөдөшевдин мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратты, кылмышкер жазасын күчөтүлгөн тартипте өтөй турган болду. 

Кыргызстандагы корейлер тууралуу канчалык маалыматыңыз бар эле? Алардын Ала-Тоого келген тарыхы тууралуу өтө кызыктуу лонгрид да кечээки жаңылыктардын катарын толуктады. 

Саясатта болсо бири камалып, бири коррупционер аталып, айтор ызы-чуу эле болуп жатышат. Мурунку президент Атамбаев жергиликтүү телеканалдардын бирине маек берип жатып: "Бабанов күнөөлүү эмес, ага рахмат айтыш керек",- десе, экс-президенттин сөзүн улай депутат Руслан Казакбаев: "Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келбешине эч кандай себеп калбай калды. Ал жакында мекенге келиши керек",- деп агынан жарылды. 

УКМК мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин банктагы жеке эсебинде сакталган акчасын чекисттер чыгарган видеону таратты. Буга чейин Мамлекеттик кызматта иштеп келген Зилалиевдин банктагы жеке эсебинен 889 миң 900 доллар табылганы айтылган. 

© Видео / пресс-служба ГКНБПочти 900 тысяч долларов изъяли из банковской ячейки Зилалиева — видео
Почти 900 тысяч долларов изъяли из банковской ячейки Зилалиева — видео - Sputnik Кыргызстан
Почти 900 тысяч долларов изъяли из банковской ячейки Зилалиева — видео

Бизде мамлекеттин эсебинен миллиондорду кымыргандар эми-эми кармалып жатса (кармала элек канчасы бар), Сингапурда контейнер кампасында иштеген кызматкер 1 доллар пара алууга аракет кылганы үчүн айыпталып жатыптыр. Элестетиңиз?! Сингапурдун мыйзамы бизге келсе, бир дагы таза адам калбай калат го.

Коррупция демекчи, кечээ Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Эламан Карымшаков транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдон 520 миң доллар пара менен кармалган орун басары Азимкан Жусубалиев тууралуу комментарий алууга барган. Министрди кабарчы Жогорку Кеңештен кармап суроолорун узатса, аткаминер ара–чолодо шаша-буша "бизде мурда бул боюнча маалыматтар бар эле, бирок факты жок болчу" деп жооп бериптир. Кызык, өткөндө эле ал биздин агенттикке "орун басардын кылыгын угуп айран-таң калдым" деп атпады беле. Азыр болсо "мурда эле билгенбиз"деп жооп берип жатат?… 

© Sputnik / Эламан КарымшаковМы подозревали его в коррупции — глава Минтранса КР о своем заместителе. Видео
Мы подозревали его в коррупции — глава Минтранса КР о своем заместителе. Видео - Sputnik Кыргызстан
Мы подозревали его в коррупции — глава Минтранса КР о своем заместителе. Видео

Адам көрбөгөн акчаны үйүнө катып, "сарт санаасы менен байыйт" болбой, жардамга муктаж адамдарга берсе кана…

Мисалы, дары-дармекке акча таппай жаткан бейтаптарга.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.78 (сатып алуу) жана 69.90 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.30 сом, ал эми дизель майы 47.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жакшылык болсун!

Аманчылык каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0