Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Атбашылык тургундун 243 миң сому табылып калсын

Жазылуу
Кутман таң, замандаш!

Сиздерге узаган дем алыш күндөгү кызыктуу делген окуяларды тизмектеп беребиз.

Нарындын Ат-Башы районундагы мал базардан Ача-Кайыңды айылынын тургуну Жеткинбек Дөөлөтов 234 миң сом акчасын жоготуп алды. Иниси Бекболот Асековдун айтымында, агасы 23-декабрда эртең менен базарга мал сатып алуу үчүн барган. Жабырлануучулар бирөөнү ууру тутпасын деле билдирип, акча салынган чакан сумка бир жерге эле түшүп калды деп болжошууда. Эгер таап алган киши кайтарып берсе, сүйүнчүсүнө 34 миң сом беребиз дешүүдө. Ошондой эле нысаптуу бирөөнүн колуна тийсе кайтарып берээр деген ниет менен азырынча социалдык тармактар аркылуу гана издеп, милицияга арыз жазбаганын айтышты.

Туугандар, кичипейилдик үчүн кайтарып берип коелу же таап бергенге жардамдашалы. Карапайым тургун үчүн 234 миң эмне деген акча? Албетте, акча колдун кири. Бирок аны тиричилик, бала-чакага деп жыйнап, жоготуп ийсең, шоруңдун катканы да!

Ырас эле болду деп айткың келди. Рак оорусуна чалдыккандарды медициналык күбөлүгү жок, ээнбаштыкка салып эмдеп-домдоп жүргөн табып Хашым Зайналиевди ИИМ кармады. Ал дароо президентке кайрылыптыр.

Айматов — бүтпөс аалам. Улуу жазуучунун тагдырына өчпөс из салган Маймак айылы жана Маймак бекети тууралуу 7 факты даярдалды

Белгилүү жазуучу Казат Акматов тууралуу дагы 8 факты жасадык. Кыргыздан чыккан залкар инсандардын бири болгон белгилүү драматург, сценарист, жазуучу көзү тирүү болгондо кечээ, 23-декабрда, 77 жашка чыкмак.

ОшМУнун ректору Каныбек Исаков  "Айылга кат" жазды. Профессор жыл жаңырар алдында окурмандарды алакандай айылдагы сагынычтуу сезимге чакырып, эч жерден таба албаган эне мээримин эстетти

Кыздары кыйын кыргыздын. Dolon style кийим дүкөнү менен ательесинин жетекчиси, дизайнер Мунара Расулова Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек курду. 30 жаштагы Расулова иште гана мыктылыгын көрсөтпөстөн үй-бүлөнү дагы чогуу алып кетип, төрт эркек баланы тарбиялоодо. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДизайнер Мунара Расулова
Дизайнер Мунара Расулова - Sputnik Кыргызстан
Дизайнер Мунара Расулова

Кесиптешим Таалайгүл Усенбаева АКШда моделдерге визажист болуп жана актерлорго грим коюп иштеген мекендешибиз Айлин Дүйшенбиева менен кызыктуу маек курду

Ошондой эле Усенбаева "Замана" таңкы программасынынын татынакай алып баруучусу Анара Бейшекеева менен да баарлашкан

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваВедущая утренней программы "Замана" на КТРК Анара Бейшекеева
Ведущая утренней программы Замана на КТРК Анара Бейшекеева - Sputnik Кыргызстан
Ведущая утренней программы "Замана" на КТРК Анара Бейшекеева

Түркияга чейин экспорттолгон пахта, тамеки… Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Аймактарды өнүктүрүү жылына карата облустарда эмнелер өндүрүлүп, кайсы рынок эмне продукция менен камсыздалып жаткандыгын тизмектөөнү улантат. Бул ирет Ош облусу жөнүндө сөз болот

Бир жумага карата аба ырайы менен таанышып алыңыз

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.78 (сатып алуу) жана 69.90 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 45.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Атанын салган жолу бар, эненин бычкан тону бар.

Жакшылык каалап Гүлдана Талантбекова 

Жаңылыктар түрмөгү
0