Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. 16 жаштагы кызга таң калып бүтпөй жатам

Жазылуу
Кутман таң, замандаш! Күнүңүз куунак өтсүн!

Кечээтен бери бир нерсеге таң калып бүтпөй жатам. Алгач сизге бир суроо берейинчи. 16 жашыңызда эмне иштерди кылып жүрчү элеңиз? Мисалы, мен жаңы эле 9-классты бүтүп, Бишкекке келип колледжге тапшырып, өзүм менен өзүм болуп эле жүрчүмүн. Ал эми бул кыз 16 жашка чыкканга чейин эки ирет уурулук жана бейбаштык кылып соттолгон. Дагы бир уурулук боюнча иши Кара-Суу райондук милициясы тарабынан каралып жатканы айтылган. Ал кыз тууралуу маалымат өзү теңдүү кызды канжалата сабап жаткан видеосу интернетке чыккандан кийин белгилүү боло баштады. Кечээ Ош милициясынан "шаарда үч кыз, эки эркек көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган аялга бычак такап коркутуп 1500 доллар, 13 000 сом акчасын, кымбат баалуу iPhone-6 үлгүсүндѳгү уюлдук телефонун, баасы 3500 сомдук курткасын жана башка буюмдарын карактап кетти" деген маалымат келди. Таң калычтуусу — алар күндүзү эле саат 17.30дар чамасында кылмыш жасаган. Шектүүлөр ошол түнү кармалган. Өкүнүчтүүсү, алардын арасында жана башында айткан 16 жаштагы кыз дагы бар экен. Аны апасы жалгыз тарбиялап чоңойтконун айтышат. Ата-энесинен тарбия албай калдыбы деген ойго такалып, жаш эле туруп ушунун баарына кантип жетишип жатканына башым катып отурам. Анын "Бема ХБКовская" деген каймана аты бар дешет. Эми аны тыя турган бирөө чыгаар деп үмүт кылам. Балким бирөөнү катуу сүйүп калса, жашоосу толугу менен өзгөрөттүр. Бирок ага жигит табуу чоң маселе жаратышы мүмкүн.

Эми кечээки күндүн кабарларын барактайлы.

UFC уюмунун онлайн дүкөнү жеңил салмактагы чемпион Валентина Шевченконун футболкасын сатыкка койду. Тиги кыз да ашып-ташып жаткан күчүн спорт жагына жумшап октагонго чыкса, өзүнө да, башкаларга да пайдалуураак болмок беле…

Жети-Өгүз районунда эжесине калтырып кеткен мигрант аялдын 1,5 жашар наристеси чарчап калды. Кармалган таежеси бала шымына сийип койгону үчүн аны чымчып, чыбык менен уруп койгонун айткан.

Балыкчы шаарында прокурорлор менен жол инспекторлору мушташты.

Кыргызстандыктар 2019-жылы адаттагы ишемби менен жекшембиден сырткары 11 күн эс алат. Керек учурунда издеп калбаш үчүн бул материалдын шилтемесин сактап коюуну сунуштайбыз.

Соңунда артта калган апта ичинде дүйнөдө болуп өткөн кызыктуу окуялардын сүрөт түрмөгүнө баш багыңыз.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.78 (сатып алуу) жана 69.90 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 45.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Жаштыгыбыз эмгек менен жыргалчылыкта өтсүн!

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0