Ща-ща откроем, еще минуточку!

Азыр, азыр… аз калды! Ачабыз…

228
(жаңыланган 14:21 18.08.2016)
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттик II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүү үчүн ат майданынын курулушу толук бүткөндүгүн жар салды.
Ща-ща откроем, еще минуточку!

Бул арада социалдык тармактын колдонуучулары Бактуу-Долоноту айылынын аймагында ипподромдун курулушу дагы деле уланып жаткандыгын кабарлап жатышат. Ал эми ведомство бул маалыматты четке какты. 

228
Белгилер:
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, карикатура, ипподром
Тема:
Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндары (244)

Өзөктүк блокбастер

230
(жаңыланган 12:43 26.10.2017)
АКШнын аба күчтөрү В-52 үлгүсүндөгү ядердик бомбалоочу жабдыктарын 24 сааттык даярдыкка коюу буйругун күтүп жатат. Бул тууралуу генерал Дэвид Гольфейн билдирди.
Ядерный блокбастер
© Sputnik / Виталий Подвицкий

Генералдын айтымында, геосаясаттын өзгөрүшүнөн улам ядердик бомбалоочу каражаттарды күнү-түнү даярдыкта туруусун камсыздоо зарыл.

230
Белгилер:
өзөктүк курал, АКШ
Тема боюнча
АКШнын БУУдагы өкүлү Америка Түндүк Кореяны жок кылып коюшу мүмкүндүгүн айтты

Эми сыр болбой калды...

469
(жаңыланган 12:43 26.10.2017)
НАТОнун жаңы курал жарактарынын үлгүлөрү Меядин шаарындагы "Ислам мамлекети" террордук уюмунун кампасынан табылганын Сирия армиясынын генералы Хасан Сухейл билдирди.
И тайное стало явью...
© Sputnik / Виталий Подвицкий

Аскер кызматкеринин айтымында, согушкерлердин ири тобун Россиянын аба күчтөрүнүн колдоосу менен колго түшүрүшкөн.

Атайын операциянын алкагында согушкерлердин спутник аркылуу байланыш системасы, радиолокациялык жабдыктары, медициналык шаймандар жана дрон чыгарган цех табылган.

Террорчулардын арсеналынын көпчүлүк бөлүгү НАТО өлкөлөрүндөгү курал-жарактардан турган. Тагыраагы, "Ислам мамлекети" террордук уюмунун кампасынан 2011-жылы жасалган 155 миллиметрлик британиялык гаубица табылган.

"Биз АКШ, Бельгия жана Улуу Британиядан чыгарылып, НАТО өлкөлөрүндө турган курал-жарактардын жапжаңы үлгүлөрүн колго түшүрдүк", — деди Сухейл.

Меядин шаары Дейр-эз-Зор административдик борборунан 40 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул жер согушкерлер эң көп байырлаган аймак катары таанылып ИМдин "борбору" деп дагы аталып келет.

469
Белгилер:
согушкер, НАТО, Сирия
Тема боюнча
Путин АКШга террорчулар эмне үчүн керек экенин айтып берди
Коронавирусту дарылоодо вируска каршы Авифавир дарысы. Архивдик сүрөт

Кыргызстан Россиянын коронавируска каршы дарысын алууну сүйлөшүүдө

0
(жаңыланган 11:22 10.07.2020)
Акматова өткөн жумада Россиядан Кыргызстанга Роспотребнадзордун жетекчисинин орун басары Вячеслав Смоленск баштаган делегация келгенин эске салды.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Кыргызстан коронавирусту дарылоодо вируска каршы авифавир дарысын алуу үчүн Россия тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Буга чейин аталган дары Казакстанга алып келингени тууралуу айтылган. Акматова өткөн жумада Россиядан Кыргызстанга Роспотребнадзордун жетекчисинин орун басары Вячеслав Смоленск баштаган делегация келгенин эске салды.

АКШнын башкы инфекционисти COVID пандемиясынын күчөй турганын болжоду

"Делегациянын курамында Бакулев атындагы Илим-изилдөө институтунун өкүлдөрү, реаниматологдор бар болчу. Авифавир дарысы боюнча маселе көтөрүлгөн. Биздин эксперттик топ дагы бул суроону карап жатат. Министрлик болсо Россия тарап менен сүйлөшүү жүргүзүүдө", — деди Акматова.

Авифавир дүйнөдө коронавирусту дарылай турчу эң эффективдүү дары болот деп ишендирип жатышат. 2014-жылдан бери аны Япония сасык тумоонун оор формасын дарылоо үчүн колдоно баштаган. Коронавирус пандемиясынан улам россиялык окумуштуулар дарыны модификациялап, дарылоо протоколун өзгөртүшкөн.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 9 358ге жетти. Анын ичинен 3 134 бейтап айыгып, 122си каза болду. Мындан сырткары, ооруканаларга пневмония менен да кайрылгандар көп. Март айынан бери андан 350 адам көз жумду. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында.

0
Белгилер:
сүйлөшүүлөр, оору, коронавирус, дары, Россия, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Россияда COVID-19га каршы вакцинаны сайдыргандардын абалы айтылды
Дүйнөлүк уюм Россиянын COVID-19га каршы чыгарган вакцинасына кызыгып жатат