Ученье свет, а неученье — урожай

Билим албай, түшүм ал

385
Ученье свет, а неученье — урожай

"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Дастан Жумабеков окуу жылын 20-сентябрдан баштоо боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Демилгечинин айтымында, окуучулар менен студенттер түшүм жыйноого жардамдашса, мугалимдер Ысык-Көлдө эс алышмак.

385
Белгилер:
окуу жылы, билим, карикатура

Өзөктүк блокбастер

230
(жаңыланган 12:43 26.10.2017)
АКШнын аба күчтөрү В-52 үлгүсүндөгү ядердик бомбалоочу жабдыктарын 24 сааттык даярдыкка коюу буйругун күтүп жатат. Бул тууралуу генерал Дэвид Гольфейн билдирди.
Ядерный блокбастер
© Sputnik / Виталий Подвицкий

Генералдын айтымында, геосаясаттын өзгөрүшүнөн улам ядердик бомбалоочу каражаттарды күнү-түнү даярдыкта туруусун камсыздоо зарыл.

230
Белгилер:
өзөктүк курал, АКШ
Тема боюнча
АКШнын БУУдагы өкүлү Америка Түндүк Кореяны жок кылып коюшу мүмкүндүгүн айтты

Эми сыр болбой калды...

469
(жаңыланган 12:43 26.10.2017)
НАТОнун жаңы курал жарактарынын үлгүлөрү Меядин шаарындагы "Ислам мамлекети" террордук уюмунун кампасынан табылганын Сирия армиясынын генералы Хасан Сухейл билдирди.
И тайное стало явью...
© Sputnik / Виталий Подвицкий

Аскер кызматкеринин айтымында, согушкерлердин ири тобун Россиянын аба күчтөрүнүн колдоосу менен колго түшүрүшкөн.

Атайын операциянын алкагында согушкерлердин спутник аркылуу байланыш системасы, радиолокациялык жабдыктары, медициналык шаймандар жана дрон чыгарган цех табылган.

Террорчулардын арсеналынын көпчүлүк бөлүгү НАТО өлкөлөрүндөгү курал-жарактардан турган. Тагыраагы, "Ислам мамлекети" террордук уюмунун кампасынан 2011-жылы жасалган 155 миллиметрлик британиялык гаубица табылган.

"Биз АКШ, Бельгия жана Улуу Британиядан чыгарылып, НАТО өлкөлөрүндө турган курал-жарактардын жапжаңы үлгүлөрүн колго түшүрдүк", — деди Сухейл.

Меядин шаары Дейр-эз-Зор административдик борборунан 40 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул жер согушкерлер эң көп байырлаган аймак катары таанылып ИМдин "борбору" деп дагы аталып келет.

469
Белгилер:
согушкер, НАТО, Сирия
Тема боюнча
Путин АКШга террорчулар эмне үчүн керек экенин айтып берди
Ооруканадагы врач бейтапты кароодо. Архивдик сүрөт

Кыргызстанда пневмониядан 45 адам каза болду

0
(жаңыланган 10:32 14.07.2020)
Буга чейин дарыгерлер дагы, бийлик өкүлдөрү дагы пневмонияны коронавирустун кесепетинен келип чыккан оору экенин айтышкан.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда өпкөнү сезгенткен пневмония оорусунан 45 адам каза болду. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, көз жумган 22 киши Бишкекте, калган 23ү өлкөнүн башка аймактарында катталган.

Ушуну менен март айынан бери пневмония жалпы 497 кыргызстандыктын өмүрүн алды.

Өкмөт: "Ганси" базасында эртең дагы 400 кишилик оорукана ачылат

Белгилей кетсек, буга чейин дарыгерлер дагы, бийлик өкүлдөрү дагы пневмонияны коронавирустун кесепетинен келип чыккан оору экенин айтышкан. Бирок COVID-19 менен пневмониянын статистикасы эки бөлөк берилүүдө.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

0
Белгилер:
оору, Кыргызстан, оорукана, өлүм, пневмония
Тема:
Кыргызстандыктарды кыйнаган пневмония
Тема боюнча
Өпкөмдүн 80 пайызы жабыркаптыр. Пневмониядан сакайган жигиттин маеги
Дүйнөдө COVID-19 жуктургандардын саны 13 миллиондон ашты