Тарыхты талкалоого жол бербейбиз

Тарыхты талкалоого жол бербейбиз

57
Украиналык тарыхчы, публицист Александр Каревин Бишкек — Баку — Минск — Тбилиси — Киев — Кишинев видеокөпүрөсү учурунда Украинада Улуу Жеңиш тууралуу тарыхты бурмалоо болуп жатканын билдирген.
Тарыхты талкалоого жол бербейбиз

Анын айтымында, карапайым калк Улуу Жеңиштин кандай кыйынчылык менен келгенин билип, ар убак ардагерлердин жаркын элесин эскерип келет.

"Бирок бийлик тараптан жеңиш тууралуу тарыхты бурмалоо жүрүп, согуш учурунда чыккынчылык кылган украиналык улутчулдар даңкталып жатат", — деди Каревин.

Белгилей кетсек, көптөгөн өлкөлөрдө окумуштуулар, тарыхчылар Улуу Жеңиштин тарыхын бурмалоо жүрүп жатканын айтып, бул кадамга жол бербөө керектигин эскертип келет.

57
Белгилер:
тарых, согуш, Улуу Ата Мекендик согуш

Өзөктүк блокбастер

230
(жаңыланган 12:43 26.10.2017)
АКШнын аба күчтөрү В-52 үлгүсүндөгү ядердик бомбалоочу жабдыктарын 24 сааттык даярдыкка коюу буйругун күтүп жатат. Бул тууралуу генерал Дэвид Гольфейн билдирди.
Ядерный блокбастер
© Sputnik / Виталий Подвицкий

Генералдын айтымында, геосаясаттын өзгөрүшүнөн улам ядердик бомбалоочу каражаттарды күнү-түнү даярдыкта туруусун камсыздоо зарыл.

230
Белгилер:
өзөктүк курал, АКШ
Тема боюнча
АКШнын БУУдагы өкүлү Америка Түндүк Кореяны жок кылып коюшу мүмкүндүгүн айтты

Эми сыр болбой калды...

469
(жаңыланган 12:43 26.10.2017)
НАТОнун жаңы курал жарактарынын үлгүлөрү Меядин шаарындагы "Ислам мамлекети" террордук уюмунун кампасынан табылганын Сирия армиясынын генералы Хасан Сухейл билдирди.
И тайное стало явью...
© Sputnik / Виталий Подвицкий

Аскер кызматкеринин айтымында, согушкерлердин ири тобун Россиянын аба күчтөрүнүн колдоосу менен колго түшүрүшкөн.

Атайын операциянын алкагында согушкерлердин спутник аркылуу байланыш системасы, радиолокациялык жабдыктары, медициналык шаймандар жана дрон чыгарган цех табылган.

Террорчулардын арсеналынын көпчүлүк бөлүгү НАТО өлкөлөрүндөгү курал-жарактардан турган. Тагыраагы, "Ислам мамлекети" террордук уюмунун кампасынан 2011-жылы жасалган 155 миллиметрлик британиялык гаубица табылган.

"Биз АКШ, Бельгия жана Улуу Британиядан чыгарылып, НАТО өлкөлөрүндө турган курал-жарактардын жапжаңы үлгүлөрүн колго түшүрдүк", — деди Сухейл.

Меядин шаары Дейр-эз-Зор административдик борборунан 40 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул жер согушкерлер эң көп байырлаган аймак катары таанылып ИМдин "борбору" деп дагы аталып келет.

469
Белгилер:
согушкер, НАТО, Сирия
Тема боюнча
Путин АКШга террорчулар эмне үчүн керек экенин айтып берди
Ганси базасындагы убактылуу ооруканаларда 30 орундуу жандандыруу бөлүмү. Архивдик сүрөт

Апасынан айрылган кыз: "Гансиде" ачылды делген реанимациялык блок иштеген жок

0
(жаңыланган 11:30 10.07.2020)
Түндө абалы оорлошкон аялды балдары ранимацияга жаткыра албай коюшкан. Тилекке каршы, бейтап таңга жуук каза болуп калган.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Кечээ, 9-июлда, "Ганси" базасындагы убактылуу ооруканаларда 30 орундуу жандандыруу бөлүмү ачылганы кабарланган. Бирок ал абалы оор бейтаптарды кабыл албай жатканын айтып Sputnik Кыргызстанга окурман кайрылды.

Анын билдиришинче, бүгүн түндө пневмонияга чалдыккан апасынын абалы оорлошуп кеткенде реанимацияга жаткыра албай коюшкан. Тилекке каршы, бейтап таңга жуук каза болуп калган.

"Апам "Гансидеги" ооруканада дарыланып жаткан. Бул жерде "жандандыруу бөлүмү ачылды" деп айтышкан, анысы жок, иштебейт жатат. Түнү менен өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат издеп чыктык. Реанимация да, жасалма дем алдыруучу аппарат дагы жок экен", — деп муңайды апасынан айрылган кыз.

№1 шаардык оорукананын медигинин кайрылуусу боюнча башкы дарыгер текшерилет

Деген менен Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгын жетекчиси Айнура Акматова бүгүнкү брифингде жандандыруу бөлүмү иштеп жатканын айтууда.

"Аны ишке киргизиш үчүн акыркы келип жаткан кычкылтек концентраторлор менен камсыз кылып, жетишпей жаткан медиктерди окутуп жөнөткөнгө чейин бир-эки күнгө созулуп кетти. Бирок азыр ал жерде реаниматологдор, дарыгерлер бар, бейтаптарды кабыл алып иштеп жатат", — деп жооп берди Акматова.

Белгилей кетсек, "Ганси" базасында реанимациялык блок ачылды" деп алгачкы жолу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 6-июлда маалымдаган. Бирок анда дагы окурмандар кайрылып, жандандыруу бөлүмү иштебей турганын, кычкылтек концентраторлору жок экенин билдиришкен.

Буга медициналык жардам көрсөтүү жана дары саясаты башкармалыгынын бөлүм башчысы Кубанычбек Калмаматов жооп берип, 8-июль күнү саат 17.00дөр чамасында ишке киргизилгенин айткан. Андан бери эки күн өтсө да кайра эле даттануулар түшүп жатат.

Кыргызстанда пневмониядан 40, коронавирустан 6 адам кайтыш болду 

Эске салсак, "Манас" аэропорту жактагы Американын мурдагы "Ганси" авиабазасына 600 орундуу оорукана уюштурулган. Кошумча дагы талаа госпиталы даярдалган.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

0
Белгилер:
иштөө, өлүм, реанимация, бейтап, оорукана
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал