Роналду салыкчылардын кылтагына илинди

© Sputnik / Виталий ПодвицкийФутбольных инопланетян посадят за решетку?
Футбольных инопланетян посадят за решетку? - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атагы дүйнөгө чыккан "Реал Мадрид" командасынын оюнчусу Криштиану Роналду испан салыкчыларынын кылтагына түштү.

Ал 2011-2014-жылдар аралыгында салык төлөөдөн баш тартып жүргөн деп шектелип жатканын испан ЖМКлары жазды. Португалиянын курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду 8 миллион евро өлчөмүндөгү айыпка жыгылып же бир жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Буга чейин "Барселона" клубунда ойногон аргентиналык футболчу Лионель Месси да салык төлөөдөн качкан деп айыпталып, соттун өкүмү менен шарттуу түрдө 21 айга эркинен ажыратылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0