Меркель: Европа биримдиги эми эч кимге ишене албайт

© © Sputnik/ Виталий ПодвицкийМеркель: Европа биримдиги эми эч кимге ишене албайт
Меркель: Европа биримдиги эми эч кимге ишене албайт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Германиянын канцлери Ангела Меркель Европа эми башкаларга үмүт арта албай турганын билдирип, өз тагдырын колуна алышы керектигин айтты.

"Башкаларга ишенип отура берчү убакыт өттү. Мен муну жакынкы күндөрү эле аңдай алдым… Биз, европалыктар, чынында өз тагдырыбызды өз колубузга алышыбыз керек", — деп Меркелдин айткандарын Bild басылмасы жазып чыкты.

Канцлер мындай билдирүүсүн "Чоң жетиликтин" ишемби күнү аяктаган саммитинен кийин билдирген. Бул сөз Дональд Трамп башында турган Американын жаңы администрациясына жана алдыда боло турчу Brexit жыйынына тиешелүү экенин аталган басылма баса белгилейт.

Ошол эле учурда Меркель АКШ жана Британия менен достук мамиле сакталышы керектигин айтып, Франциянын жаңы президенти Эммануэль Макрон менен болчу мамилеге өзгөчө маани берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0