Карайлаган там сүзөт...

Карайлаган там сүзөт...

59
(жаңыланган 18:47 30.05.2017)
Франциянын президенти Эммануэль Макрон Russia Today телеканалы менен Sputnik маалымат агенттигинин журналисттерин жалган маалымат таратат деп айыптады.
Карайлаган там сүзөт...

"Менин шайлоо кампания штабымда аларга орун жок болчу", — деген пикирин Макрон Парижде Россия президенти Владимир Путин менен биргелешип берген маалымат жыйында билдирди.

Макрондун бул билдирүүсү россиялык ЖМКлар үчүн бардык расмий жана протоколдук иш-чараларга бөгөт коюлду дегенди түшүндүрөбү? Эмне үчүн далилсиз айыптайт, болгону жалпы сөздөр менен гана пропаганда жана "таасир" тууралуу сөз кылган?

Белгилей кетсек, Макрондун кеңешчилери так далилдерди келтирүүгө аракет кылганда алардын баары ката же француз саясатчыларынын Sputnik агенттигине берген маектери болуп чыкты.

59
Белгилер:
карикатура, Sputnik, Эммануэль Макрон
Тема боюнча
Путин Франциянын жаңы президенти Макрон менен телефон аркылуу сүйлөштү

Өзөктүк блокбастер

230
(жаңыланган 12:43 26.10.2017)
АКШнын аба күчтөрү В-52 үлгүсүндөгү ядердик бомбалоочу жабдыктарын 24 сааттык даярдыкка коюу буйругун күтүп жатат. Бул тууралуу генерал Дэвид Гольфейн билдирди.
Ядерный блокбастер
© Sputnik / Виталий Подвицкий

Генералдын айтымында, геосаясаттын өзгөрүшүнөн улам ядердик бомбалоочу каражаттарды күнү-түнү даярдыкта туруусун камсыздоо зарыл.

230
Белгилер:
өзөктүк курал, АКШ
Тема боюнча
АКШнын БУУдагы өкүлү Америка Түндүк Кореяны жок кылып коюшу мүмкүндүгүн айтты

Эми сыр болбой калды...

469
(жаңыланган 12:43 26.10.2017)
НАТОнун жаңы курал жарактарынын үлгүлөрү Меядин шаарындагы "Ислам мамлекети" террордук уюмунун кампасынан табылганын Сирия армиясынын генералы Хасан Сухейл билдирди.
И тайное стало явью...
© Sputnik / Виталий Подвицкий

Аскер кызматкеринин айтымында, согушкерлердин ири тобун Россиянын аба күчтөрүнүн колдоосу менен колго түшүрүшкөн.

Атайын операциянын алкагында согушкерлердин спутник аркылуу байланыш системасы, радиолокациялык жабдыктары, медициналык шаймандар жана дрон чыгарган цех табылган.

Террорчулардын арсеналынын көпчүлүк бөлүгү НАТО өлкөлөрүндөгү курал-жарактардан турган. Тагыраагы, "Ислам мамлекети" террордук уюмунун кампасынан 2011-жылы жасалган 155 миллиметрлик британиялык гаубица табылган.

"Биз АКШ, Бельгия жана Улуу Британиядан чыгарылып, НАТО өлкөлөрүндө турган курал-жарактардын жапжаңы үлгүлөрүн колго түшүрдүк", — деди Сухейл.

Меядин шаары Дейр-эз-Зор административдик борборунан 40 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул жер согушкерлер эң көп байырлаган аймак катары таанылып ИМдин "борбору" деп дагы аталып келет.

469
Белгилер:
согушкер, НАТО, Сирия
Тема боюнча
Путин АКШга террорчулар эмне үчүн керек экенин айтып берди
Тез жардам унаасынан чыгып аткан медкызматкер. Архивдик сүрөт

Новосибирскиден мекенге жардам берүү үчүн дагы медиктер учуп келди

0
Медицина кызматкерлери Новосибирск — Бишкек каттамы менен келген. Маалыматта алардын саны айтылган эмес.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Россиядан Бишкек шаарына COVID-19 менен күрөшүү үчүн ыктыярчы дарыгерлер менен медайымдар Кыргызстанга кайткан жарандар менен бирге учуп келди. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Алар Новосибирск — Бишкек каттамы менен келген. Маалыматта жардамга кол сунган медиктердин так саны айтылган эмес.

Эске салсак, 5-июлда Москвадан кыргызстандык ыктыярчы дарыгерлердин тобу келген. Алар Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин жетишсиздигинен улам жардам берүүгө киришкенин айтышкан

Кыргызстан Россиянын коронавируска каршы дарысын алууну сүйлөшүүдө

"Медиктер менен бирге бул сапар кош бойлуу жана балалуу аялдар, улгайган курактагылар, Новосибирскинин клиникасында дарыланып жаткан кыргызстандыктар, аталган аймакта окуган студенттер келди", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 9 358ге жетти. Анын ичинен 3 134 бейтап айыгып, 122си каза болду. Мындан сырткары, ооруканаларга пневмония менен да кайрылгандар көп. Март айынан бери андан 350 адам көз жумду. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

0
Белгилер:
күрөш, өлүм, медик, ыктыярчылар, пневмония, коронавирус, Новосибирск, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал