Уруп ойнобойм!..

Уруп ойнобойм!..

105
Документ мунай казуудан баш тартууну шарттабаса да, бардык тараптарды бөлүп чыгара турган заттарды азайтууга, технологиялык кайра куралданууну кыскартууга милдеттендирет.
Уруп ойнобойм!..

АКШ президенти Дональд Трамп Америка климат боюнча Париж макулдашуусунан чыгарын жар салды. Өзүнүн шайлоо кампаниясында бул тууралуу бир нече ирет айтканына карабастан өлкө башчынын бул билдирүүсү эл аралык коомчулукту дүрбөлөңгө салды.

Климат боюнча Париж макулдашуусу климаттын өзгөрүүсүнүн алдын алуу максатында тийиштүү иш-аракеттердин планы болуп саналат. Документ мунай казуудан баш тартууну шарттабаса да, бардык тараптарды бөлүп чыгара турган заттарды азайтууга, технологиялык кайра куралданууну кыскартууга милдеттендирет.

105
Белгилер:
макулдашуу, карикатура, Дональд Трамп, Париж

Өзөктүк блокбастер

230
(жаңыланган 12:43 26.10.2017)
АКШнын аба күчтөрү В-52 үлгүсүндөгү ядердик бомбалоочу жабдыктарын 24 сааттык даярдыкка коюу буйругун күтүп жатат. Бул тууралуу генерал Дэвид Гольфейн билдирди.
Ядерный блокбастер
© Sputnik / Виталий Подвицкий

Генералдын айтымында, геосаясаттын өзгөрүшүнөн улам ядердик бомбалоочу каражаттарды күнү-түнү даярдыкта туруусун камсыздоо зарыл.

230
Белгилер:
өзөктүк курал, АКШ
Тема боюнча
АКШнын БУУдагы өкүлү Америка Түндүк Кореяны жок кылып коюшу мүмкүндүгүн айтты

Эми сыр болбой калды...

469
(жаңыланган 12:43 26.10.2017)
НАТОнун жаңы курал жарактарынын үлгүлөрү Меядин шаарындагы "Ислам мамлекети" террордук уюмунун кампасынан табылганын Сирия армиясынын генералы Хасан Сухейл билдирди.
И тайное стало явью...
© Sputnik / Виталий Подвицкий

Аскер кызматкеринин айтымында, согушкерлердин ири тобун Россиянын аба күчтөрүнүн колдоосу менен колго түшүрүшкөн.

Атайын операциянын алкагында согушкерлердин спутник аркылуу байланыш системасы, радиолокациялык жабдыктары, медициналык шаймандар жана дрон чыгарган цех табылган.

Террорчулардын арсеналынын көпчүлүк бөлүгү НАТО өлкөлөрүндөгү курал-жарактардан турган. Тагыраагы, "Ислам мамлекети" террордук уюмунун кампасынан 2011-жылы жасалган 155 миллиметрлик британиялык гаубица табылган.

"Биз АКШ, Бельгия жана Улуу Британиядан чыгарылып, НАТО өлкөлөрүндө турган курал-жарактардын жапжаңы үлгүлөрүн колго түшүрдүк", — деди Сухейл.

Меядин шаары Дейр-эз-Зор административдик борборунан 40 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул жер согушкерлер эң көп байырлаган аймак катары таанылып ИМдин "борбору" деп дагы аталып келет.

469
Белгилер:
согушкер, НАТО, Сирия
Тема боюнча
Путин АКШга террорчулар эмне үчүн керек экенин айтып берди

АКШ Сирияны колдоого алган Россия менен Кытайды жазаламай болду. Видео

0
АКШнын мамкатчысы Россия менен Кытай БУУдагы вето укугунан ашкере пайдаланарын айтып, жазалоо керектигин жар салды.

Аталган өлкөлөр Сирияга көрсөтүлчү гумжардам боюнча резолюцияны токтотуп койгон. Бельгия менен Германия Түркия менен Сириянын чек арасындагы эки өткөрүү пунктун калтырууну сунуштаган, бирок Москва менен Пекин буга макул болгон эмес. Россия өзүнчө долбоор иштеп чыккан.

Америкалыктар эмнеге нааразы болуп жатканын биздин видеодон көрүүгө болот.

0
Белгилер:
гуманитардык жардам, жаза, АКШ, Кытай, Россия, Сирия
Тема боюнча
АКШ Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан качан чыгарын так айтты