Мындайлардын бизге кереги жок

© © Sputnik/ Виталий ПодвицкийМындайлардын бизге кереги жок
Мындайлардын бизге кереги жок - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бириккен Араб Эмирлиги, Бахрейн, Сауд Аравиясы жана Египет Катар менен дипломатиялык мамилелерди токтотту.

Мындан тышкары, Сауд Аравия башында турган Араб коалициясы Катардын "Ислам мамлекети" жана "Аль-Каида" террордук топторду колдоого алганы үчүн Доханын Йемен операциясына катышуусуна бөгөт койду.

Ал эми Катар мамлекети өзүнө коюлуп жаткан айыптарды четке кагып, террорчулук менен экстремизмге каршы күрөштө өз милдетин так аткарып жатканын расмий кабарлады. Мындай билдирүүнү өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги таратты.

"Катар мамлекети Перс булуңунун араб өлкөлөрүнүн кызматташуу кеңешинин мүчөсү катары анын уставын сактап, башка мамлекеттердин суверенитетин урматтап, эч кимдин ички ишине кийлигишпейт. Муну менен бирге террорчулук менен экстремизмге каршы күрөштө өз милдетин так аткарып келет", — деп айтылат билдирүүдө.

Катар үч ири өлкөнүн диломатиялык мамилелерди үзүшүн алардын өз оюн жана эркин таңуулоо деп түшүнөрүн, "мындай аракеттин өзү суверенитетке доо кетирип жатканын" белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0