Салтанаттуу түрдө ант берем...

Салтанаттуу түрдө ант берем...

109
(жаңыланган 13:00 08.07.2017)
Украина президенти Петр Порошенко АКШдагы иш сапарынын алкагында президент Дональд Трамп, вице-президент Майк Пенс, мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон жана ЭВФ, Дүйнөлүк валюта фондусунун жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Салтанаттуу түрдө ант берем...

Украинанын башчысы АКШнын Коргоо министри Жеймс Мэттис менен сүйлөшүп жатып, өспүрүм кезинен бери Пентагонго барууну кыялданып келгендигин агынан жарылып айтып берди.

"Армияга келгенден тарта Пентагонго барып, аны көрсөм деген кыялым бар экендигин жанараакта айтып өтпөдүмбү", — деген Порошенко журналисттердин көзүнчө англис тилинде Мэттиске саймедиреп.

Украина президенти эмнени көздөгөнүн так айткан жок. Аны менен катар эле "Украина эркиндик жана демократия үчүн күрөшүп жаткандыктан" АКШ менен кызматташууну кеңейтүүгө ниетин билдирген.

Мэттис ага Вашингтон тарабынан колдоо болоруна сөз берген.

Порошенко 1965-жылы туулган, АКШ менен СССРдин ортосундагы "кансыз согуш" учурунда 1984 – 1986-жылдары советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

109
Белгилер:
Петр Порошенко, Украина
Тема боюнча
Уруп ойнобойм!..