Хьюстон! Кайда барам, кантем?..

110
(жаңыланган 12:11 26.10.2017)
"Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлери Американын көзөмөлү алдындагы аймактан Сириянын армиясына кол салды.
Хьюстон! Кайда барам, кантем?..
© Sputnik / Виталий Подвицкий

Россиянын коргоо министрлиги эгер АКШ бул кол салуулардын бардыгын кокустук деп эсептей турган болсо, өз көзөмөлүндөгү мындай "кокустуктардын" бардыгын жок кыла алат деп эскерткен.

Россиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков "Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлери АКШ миссиясынын аскерлери жайгашкан Сириянын аймагынан бир нече жолу кол салганын билдирди.

110
Белгилер:
карикатура, Сирия, АКШ
Тема боюнча
Өзөктүк сокку уруу кофе жасоо сыяктуубу?

Өзөктүк блокбастер

230
(жаңыланган 12:43 26.10.2017)
АКШнын аба күчтөрү В-52 үлгүсүндөгү ядердик бомбалоочу жабдыктарын 24 сааттык даярдыкка коюу буйругун күтүп жатат. Бул тууралуу генерал Дэвид Гольфейн билдирди.
Ядерный блокбастер
© Sputnik / Виталий Подвицкий

Генералдын айтымында, геосаясаттын өзгөрүшүнөн улам ядердик бомбалоочу каражаттарды күнү-түнү даярдыкта туруусун камсыздоо зарыл.

230
Белгилер:
өзөктүк курал, АКШ
Тема боюнча
АКШнын БУУдагы өкүлү Америка Түндүк Кореяны жок кылып коюшу мүмкүндүгүн айтты

Эми сыр болбой калды...

470
(жаңыланган 12:43 26.10.2017)
НАТОнун жаңы курал жарактарынын үлгүлөрү Меядин шаарындагы "Ислам мамлекети" террордук уюмунун кампасынан табылганын Сирия армиясынын генералы Хасан Сухейл билдирди.
И тайное стало явью...
© Sputnik / Виталий Подвицкий

Аскер кызматкеринин айтымында, согушкерлердин ири тобун Россиянын аба күчтөрүнүн колдоосу менен колго түшүрүшкөн.

Атайын операциянын алкагында согушкерлердин спутник аркылуу байланыш системасы, радиолокациялык жабдыктары, медициналык шаймандар жана дрон чыгарган цех табылган.

Террорчулардын арсеналынын көпчүлүк бөлүгү НАТО өлкөлөрүндөгү курал-жарактардан турган. Тагыраагы, "Ислам мамлекети" террордук уюмунун кампасынан 2011-жылы жасалган 155 миллиметрлик британиялык гаубица табылган.

"Биз АКШ, Бельгия жана Улуу Британиядан чыгарылып, НАТО өлкөлөрүндө турган курал-жарактардын жапжаңы үлгүлөрүн колго түшүрдүк", — деди Сухейл.

Меядин шаары Дейр-эз-Зор административдик борборунан 40 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул жер согушкерлер эң көп байырлаган аймак катары таанылып ИМдин "борбору" деп дагы аталып келет.

470
Белгилер:
согушкер, НАТО, Сирия
Тема боюнча
Путин АКШга террорчулар эмне үчүн керек экенин айтып берди
Москвадагы олимпиада чемпиону медалдары менен. Архивдик сүрөт

Күмүш медалдар гана таза күмүштөн жасалган. Олимпиада-80деги сыйлыктар тууралуу

0
(жаңыланган 18:40 15.07.2020)
Москва олимпиадасында пайдаланылбай калган медалдар, алардын дизайны жана курамы жөнүндө Sputnik жасаган материалдан кенен тааныша аласыз.

Алексей Стефанов

1980-жылы өткөн ХХII Жайкы олимпиада оюндарында тапшырыла турган медалдардын эскизи 1974-жылы, Москва бул ири иш-чараны өткөрө турган шаар катары тандалгандан кийин чийиле баштаган. Ал 1977-жылы Афина шаарында өткөн Эл аралык олимпиада комитетинин (ЭОК) 80-сессиясында бекитилген.

"Госзнак" ишканасынын мааалыматына таянсак, Ленинграддагы монета сарайында (азыр "Госзнактын" Санкт-Петербургдагы монета сарайы) 444 алтын, 444 күмүш жана 463 коло сыйлык жасалган. 

Открытие выставки Москва и спорт
© Sputnik / Сергей Пятаков
Флоренциялык сүрөтчү Жузеппе Кассиолинин сүрөтүн Эл аралык олимпиада комитети 1928-жылы бекиткен. Ошондон бери медалдын негизги бетине түшүрүлүп келген. Болгону оюндун кезектеги саны жана өткөрүлгөн жылы алмашчу.

Эрте келген даңк жана капыстан кеткен өмүр. Автордун тагдыры

1977-жылдын башында Олимпиаданы өткөрө турган уюштуруу комитети мыкты деген эскизди тандап алган. Анын башкы бетинде Жеңиштин кудайы Ника Колизейдин фонунда сол колуна пальманын бутагын, ал эми оң колуна жеңүүчүнүн лаврдан жасалган чамбарын кармап турат.

Флоренциялык сүрөтчү Жузеппе Кассиолинин сүрөтүн Эл аралык олимпиада комитети 1928-жылы бекиткен. Ошондон бери медалдын негизги бетине түшүрүлүп келген. Болгону оюндун кезектеги саны жана өткөрүлгөн жылы алмашчу.

Медалдын кырына жеңүүчү машыккан спорттун түрү жазылган.

Олимпиада-80дин музыкасы кантип жаралган. Үнүн тааныбай калган Лещенко

Ал эми экинчи бетинде стадиондун аренасынын фонунда олимпиаданын күйүп турган оту түшүрүлгөн. Оң жагында өйдөрөөк Москва Олимпиадасынын эмблемасы — Кремль мунарасынын сүрөтү чуркай турчу жол түрүндө тартылып, ага олимпиада шакекчелери кошулган. Бул долбоор менен уюштуруу комитети ЭОКтун сессиясына учуп кеткен. 

Золотая медаль XXII Олимпийских игр в Москве.
© Sputnik / Б. Елин
Медалдын башкы бетинде Жеңиштин кудайы Ника Колизейдин фонунда сол колуна пальманын бутагын, ал эми оң колуна жеңүүчүнүн лаврдан жасалган чамбарын кармап турат. Ал эми экинчи бетинде стадиондун аренасынын фонунда олимпиаданын күйүп турган оту түшүрүлгөн. Оң жагында өйдөрөөк Москва Олимпиадасынын эмблемасы — Кремль мунарасынын сүрөтү чуркай турчу жол түрүндө тартылып, ага олимпиада шакекчелери кошулган.

Москва олимпиадасынын медалына 30дагы жаш жана таланттуу Илья Постол аттуу скульптор жигит автор  болгон. Илья советтик белгилүү скульптор, реставратор жана педагог Алексей Постолдун уулу эле. Ал Дубосеково алдында "Панфиловчу 28 баатырга", Москвадагы "К-19 атомаринасынын моряктарына" деп аталган монументалдык курулуштарынын автору болгон.

Замандаштары Илья Постолдун монументализмге абдан жакын болгондугун, эстелик медалдары боюнча көп иштегендигин айтышат. Олимпиада медалынан сырткары "Тысячелетие Крещения Руси 988-1998", "800 лет памятнику древнерусской литературы "Слово о полку Игореве" деп аталган эмгектери болгон. Ал эми мамлекеттик маанидеги медалдары платинадан да куюлган.

Бирок скульптордун тагдыры трагедиялуу болуп, 1988-жылы 38 жашында Илья Постол каза тапкан. Кээ бир маалыматтарда аны мыкаачылык менен өлтүрүшкөн деп айтылып келет. 

Церемония награждения победителей и призеров соревнований по академической гребле.  Девушки в национальных костюмах несут медали. Московский гребной канал в Крылатском. XXII Летние Олимпийские игры в Москве.
© Sputnik / Андрей Соломонов
Ленинграддагы монета сарайында жасалган 444 алтын, 444 күмүш жана 463 коло сыйлыктар биринчи орунду алган 204, экинчи орунду камсыздаган дагы 204, үчүнчү орунга жеткен 223 адамга берилген.

Ашыкча медалдарды эмне кылышты?

Ленинграддагы монета сарайында жасалган 444 алтын, 444 күмүш жана 463 коло сыйлыктар биринчи орунду алган 204, экинчи орунду камсыздаган дагы 204, үчүнчү орунга жеткен 223 адамга берилген. Калгандарын эмне кылышты?

"Эл аралык олимпиада комитети бир нече сандагы медалга буюртма берет. Алар сөзсүз түрдө ашыгы менен даярдалат, себеби спорттун кээ бир түрүндө экиден чемпион чыгып калышы мүмкүн. Ал эми калганын өзүнө калтырат. Андан сырткары, олимпиадалык бардык символикалар, сувенирлер, дагы башка нерселер аталган комитетке өтөт. ЭОКтун макулдугусуз Олимпиада өткөргөн өлкө музейине эстелик катары алып кала албайт. Көчүрмөсүн жасап алууга да болбойт", — деп түшүндүрдү СССРдин ошол кездеги Олимпиада комитетинин төрагасы жана Россиянын Олимпиада комитенинин президенти Виталий Смирнов.

Булар менен дүйнө сыймыктанчу! Олимпиаданы багынткан 8 кыргыз спортчусу

Олимпиада өткөрүү тарыхында спротчулар медалды албай койгон учурлар болгон. Алар да ЭОКко кетип турган. 1972-жылы АКШнын баскетбол боюнча командасы экинчи орунда калганы үчүн сыйлоо учурунда чыкпай койгон. Биринчи орун, алтын  —  СССРдин, үчүнчү орун, коло Кубанын курама командасына ыйгарылган.

Смирнов Олимпиада медалдарынын курамы ЭОК тарабынан тыкыр көзөмөлдөнөрүн айтып берди. Ал жыл сайын өзгөрүшү мүмкүн, бирок Эл аралык олимпиада комитетинин талаптарына жооп бериши керек. 

Александр Мелентьев
© Sputnik / Алексей Федосеев
1980-жылы Москвада өткөн Олимпиада оюндарына алтын тагынган кыргызстандык спортчу Александр Мелентьев. Ал 33 атаандаш менен күч сынашып, 50 метр аралыктан тапанчадан 60 ирет ок аткан. Жалпысынан 581 упай топтоп, дүйнөлүк рекордду жаңылаганга жетишкен.

Олимпиада-80де сыйлыктардын курамы төмөнкүдөй болгон: алтын медаль 925 үлгүдөгү күмүштөн жасалып, алты грамм алтын менен капталган; күмүш медаль 925 үлгүдөгү чылк күмүштөн, ал эми коло медаль жез (88–97 пайыз) менен цинктин (10 пайыздан ашпаган) эритмесинен даярдалган.

Кыргызстандын 10 олимпиада чемпиону

Москва-80де медалды эң көп СССР алган. Советтик спортчулар 80 алтын, 69 күмүш жана 45 коло медалга ээ болгон. Экинчи орунду ГДРдин атлеттери камсыздаган. Алар 47 алтын, 37 күмүш жана 42 коло алып кеткен. Үчүнчү орунга Болгариянын курама командасы чыккан. Алар мекенине 8 алтын, 16 күмүш жана 17 коло медаль менен кайткан.

0
Белгилер:
жеңиш, коло, күмүш, медаль, алтын, спорт, Олимпиадалык оюндар, СССР
Тема:
Москвадагы Олимпиада-80
Тема боюнча
Каныбек Осмоналиев: небере кызымдын атын Олимпиада койгом
Даңазалуу жөө күлүк Сатымкул Жуманазаров жөнүндө 12 факты