Элдик жөрөлгөлөрдөн. Келиним болбосо…

© Sputnik / Табылды КадырбековКелин күбөлүккө кол коюп жатат. Архив
Келин күбөлүккө кол коюп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пенделик жашоонун нугун бекем кармап, бири-бирине эриш-аркак болуп, жалгызды жалгысыратпай, жетимди бозортпой бир эл деген аттын маанисин тайытпай келе жаткан, бирок бапестеп сактай турган аялуу, тунук жөрөлгөлөрүбүз бар.

Кыргыздын бир караганда көзгө көрүнбөс, анан дагы азыркы ааламдашып жаткан заманда көп этибарга алына бербеген каада-салттары көп. Бирок бир аз ой токтотуп, ошол салттардын изин сыдыра бир аз тереңдей карасак, алардын ар биринде элди эл кылып башын бириктирчү, улууну улуудай урматтап, кичүүнү кичүүдөй тарбиялоочу, жокту чүнчүтпөй, барды эсиртпей, муундан муунга сабак болчу чоң мазмун бар. 

Шакектер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эгерде жарың көзүңө чөп салса, эмне кылуу керек…
… Кирген-чыккан кишилер көп. Бири өкүрүп келип жатса, бири аш камылгасын көрүп, ары-бери чуркап жүрөт. Боз үйдүн сыртында узун отургучтарда кобурап сүйлөшүп, аксакалдар отурат. Үйдөн бошоп чыккан самоорлорго отун салып, түтүндөн ачышкан көздөрүн ушалаган өспүрүм балдар тиги четкерээк жерде турушат. Боз үйдүн оозунда жана үйгө кире бериште колдоруна кумган кармап, ийиндерине кол аарчы артынып турган бирден баланы көрөсүң. Деги эле мындайда келгендерге чай, тамак-аш берип, узатуу, дагы башка толгон түйшүк айылдын келиндери менен өспүрүм балдардын мойнуна жүктөлөт эмеспи. 

Бирок, … тиги элдер кирип чай ичип чыгып жаткан үйдөн самоор көтөрүп бөжөңдөгөн бир кемпир чыга келди. Анын эки жагын акырын каранып, самоор койчу жакка бет алганын байкай калган бир өспүрүм утурлай басып, колунан самоорду алды эле, кемпир кайнап буусу чыгып турган самоорду көтөрө кайра үйдү көздөй тартты. Муну көргөн келиндер тараптан күбүр-шыбыр угула түшкөнсүйт. Ошол маалда баягы кичинекей кемпир эки-үч чыны кармап үйдөн кайра чыкты. Келиндердин бири анын колунан идишти алайын деди эле, кемпир: "Мен эле жууй коёюн" деп идишти өзүнө тартып тигиге карматкан жок. Анда дагы бир келин: "Жөн эле койбойсузбу, апа. Биз эле кылат элек. Отуруп чай иче бериңиз", — деди сылык. Кемпир болсо: "Жок, кагылайын, мен кол кабыш кыла турайын. Абышкам экөөбүз өтүп кетсек силер да ушинтип, кызматыбызды кылып, узатып коёрсуңар, айланайындар", — деп баягы чыныларды жууганга киришти. Келиндердин бири да жооп кайтарганга батына албагандай унчугушкан жок. Болгону, арткараак турган жаш келиндердин бири "Бул ким?" — деп жанындагысынан шыбырап сурады…

Улицы города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Психолог: агрессия менен эркектер өз көйгөйлөрүн жашырууга аракет кылат
Ал Ымамбай атанын байбичеси Бүбүча эне эле. Абышкасы экөө бала көргөн эмес. Карып, өмүрү күүгүмдөп калган мезгилде бир эркек бала багып алышкан. Ошол себептен "Келиним жок, башкалардын жамандык-жакшылыгында барып оокатын кылышкыдай. Анан менин же абышкамдын көзү өтүп кетсе, бул бизге эмне кылып койду эле деп айылдын келиндери оокатыбызды жасабай койбосун. Абышкамдын да колунан эч нерсе келбей калды. Жайыбызды да казганга киши табыш кыйын болот го", — деп сарсанаа тарткан байкуш Бүбүча эне элден калбай эмгегимди көрсөтө жүрөйүн, ошол кайра кайтар бекен деген тилекте келиндер менен кошо келин болуп жүргөн тура…

Кийин укканыбызга караганда, ал байбиченин көзү өткөндө айылдын келиндеринин бири калбай "Бүбүча апабыз биз менен жарыша чуркап оокат кылчу эле. Жакшылап узатып коёлу. Арбагы ыраазы болсун", — дешип, тамагын да жакшы жасап, чайын да ысыктап берип, маркумга акыркы кызматын жакшы көрсөтүшкөн экен.

Жаңылыктар түрмөгү
0