Тилим менин – душманым, же өз тилиңден өз боюңду ала качканда…

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз тилин үйрөнүү боюнча китеп кармаган адам. Архив
Кыргыз тилин үйрөнүү боюнча китеп кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакында президент Атамбаев Кувейтке жасаган сапарында араб дүйнөсүнүн алдында өз эне тилинде сүйлөгөнү кулак сүйүнттү. Мурдагы президенттер чет элдик сапарларында кыргызча сүйлөшкөнү жокко эсе.

Швейцариялык досум жаңы жылга карата мекенине кетер алдында досторун кечки тамакка чакырып, 12-15 киши барып калдык. Арабызда бир да орус тилдүү жок, баары тең же чет элдик, же кыргыз экенбиз. Бирден стакан колубузга кармап эле ары-бери басып сүйлөшүп жүрөбүз, албетте, орусча же англисче эле сөздөр угулат. Бир маалда ашканада муздаткычка жабыштырылган бир тоонун кичинекей сүрөтүн көрүп калган Мадлен (англиялык) үй ээси Биатриске кайрылып:

 Бул кай жер? Кыргызстанбы? – деп кыргызча сүйлөп калды.
 Жок, менимче, башка жер.

 Кыргызстан эле го. Бирок Баткенге окшобойт, — деди кайра Мадлен.
 Билбейм, иши кылса, бирок бул жак эмес, — деди Биатрис.

Байкасам, баары тымтырс болуп экөөнү карап турушуптур. Ошондо мен күлүп:

—  Бул жерде жалгыз кыргыз экөөң экенсиң дегем… 

Кыргыз-тил китебин окуп жаткан студент. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз тилин үйрөнүүчүлөр үчүн видеокурс жарык көрдү
Кыргыз тили чет тили катары эгемендүүлүк жылдарында эле окутула баштаганы белгилүү. Ошол кезде мен да бир америкалык жаранга орус жана кыргыз тилин үйрөтүп калдым. Азыркыдай компьютер да, даяр материал да жок. Керектүүлөрдүн баарын кагазга өзүм тартып, өзүм жазып даярдап алам. Орус тилин үйрөтүүнүн ыкмаларын колдонуп, аракет кылып жүрөм. 

Бирок орус тили боюнча сабакка аябай берилип даярданып, турмуштук, кептик жагдайларды тез эле ойлоп таап, диалог түзүп, көнүгүүлөрдү, ал тургай, оюндарды да канчалык оңой ойлоп тапсам, кыргыз тилине даярданыш мага ошончолук кыйын болду. Мойнунан тарткан итче эле эптеп бир нерсе жасап барам… 

Бирок студентим мен бергендин баарын орусча да, кыргызча да эч нерсесин койбой өздөштүрүп алып жатты. Албетте, тилин такшалтып, окуганын кепте колдонуу жагынан орус тилинде ага оңой болду дечи. Бирок кыргызча да учурашып, базарда соодалашып жүрдү, ал тургай, бир жолу милиция менен да айтыша кетти: "Мен кайдан билем" деп. 

Алты айдан ашык сабак берип жүрүп далай нерсени өзүмө өзүм үйрөтүп, көп нерсени ойлондум. Көрсө, кыргыз тилине даярданып, аны окутканы келгенде мага "бутун тосуп" жолтоо болгон нерсе – бир ой болгон экен. Ал: "Бул кыргыз тилди эмне кылат, орусча эле окуса жетет эле да" деген ой эле. Анан дагы кыргыз тилинин маанисине, күчүнө, байланыш куралы боло алышына кыргыз болуп туруп өзүмдүн ишенбестигим да көп тоскоол болуптур. Муну түшүнүп, өз эне тилиме мамилемди өзгөрткөндө, аны бир чет элдик студентим айткандай "экзотика көрбөй", жөн гана дүйнөдөгү көп тилдин бири деп карай баштаганда гана аны башкаларга оңой үйрөтүп калдым. 

Уикипедиянын кыргыз тилиндеги баракчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариев: кыргыз тилин үйрөнүү үчүн муктаждык жаратуубуз зарыл
Дал ошол мезгилден тартып эле кыргыз тилинде бөтөнчө бир кооз, көркөм сөздөрдү үйрөтүүгө эмес, жөнөкөй, күнүмдүк турмушта колдонулчу, жөн гана суроо берип, керектүү маалымат алганга жардам болчу кыргыз тилин үйрөтүүгө өттүм. Мисалы, "Кичи пейилдикке, саатыңыз канча болду, айтып коёсузбу?" дегендин ордуна (мунун баарын чет элдик чала сабат тили менен, мукактанып айтып бүткүчө ким чыдап угуп турат? Анан калса, азыр чөнтөк телефонсуз киши деги эле жокко эсе, а саатсыз телефонду мен бир да көргөн эмесмин) эмне үчүн "турбайбы" деген сөз суроону эмес ырастоону билдире турганын, ал эми "алып келип берем" деген үч этиш бир эле кыймылды (орусча принесу же англисче bring) билдире турганын, "айтып алдым" менен "айтып салдым" деген сөздөрдүн айырмасы эмнеде экенин, жана эмне үчүн алар "ал" жана "сал" деген өз алдынча сөздөрдүн маанилери менен байланышы жок экенин түшүндүрдүм. Ошондо гана чет элдиктердин кыргызча тили бир аз жандуу жана алардын өзүлөрүнө пайдалуу болуп калды. 

Дагы бир окуя

Баягы эле Биатрис деген швейцариялык досум экөөбүз базарга барып калдык. Бир нерсенин баасын сурайын деп сатуучунун жүзүн карабай эле: "Бул канчадан?" деп калдым. Жооп болбогон соң, башымды өйдө кылып, сатып турган аял орус экенин көрө сала: "Извините" дедим да, суроомду кайра орусча бердим. Бери чыкканда эле Биа: "Өз жериңде жүрүп, өз тилиңде сүйлөгөн үчүн да кечирим сураш керекпи? Кандай немесиңер деги, такыр түшүнбөйм" деп урушуп кирбеспи. Мен болсо: "Мен үчүн ал түшүнсө болду да. Кыргызча билбесе эмне кылайын, сатып албай калайынбы?" демиш болдум. Бир аз бугубуз чыккандан кийин бул окуянын тегерегинде көп сүйлөштүк. Биатрис тил саясаты жөнүндө адис, анын үстүнө өзү көп тилдүү өлкөдөн болгондуктан, бул маселе боюнча билими чоң эле. Аны менен сүйлөшүп отуруп, мурдагы көнүмүш болуп каныма сиңип калган көп нерселерди башка жагынан карап көрдүм. 

Орус тилин жакшы көрөм, бул тил аркылуу көп нерсени билип, дүйнөгө көзүм ачылып дегендей, орус жеринде беш жыл билим алгам. Анан калса, бир да тил башка тилдерден өйдө же кем эмес деген терең ишеничим бар. 

Макалдын маанисин билесиңби?
Бирок, көрсө, кыргыз тилин окуп-үйрөнүү, окутуу маселесинде китептердин жетишсиздиги же мугалимдин иш билбегени эмес, каражаттын жетишсиздиги же бул тилге муктаждыктын аздыгы эмес, болгону, кыргыздар, өзүбүздүн өз тилибизге мамилебиз себеп экен. Бир жагынан, жогоруда айткандай, эне тилибизди экзотика көрүп, чет элдик кыргызча эки сөз сүйлөп калса, кыйкырык-сүрөөн менен мактап калабыз. Экинчи жагынан аны жерип, казан-аякка аралаш тил көрүп, илимий тил жок демиш болобуз. Бирок медицина, астрономия, философия, жаратылыш таануу, соода-сатык мамилелер, демек, экономика, үй-бүлө, ата-баба мамилелери, демек, социология жана коом таануу жаатында кыргыздар илгертен эле билим-илим топтоп, кебин өрчүтүп келген. Анан кайдан эле өзүбүздү өзүбүз басуучулук пайда болгон? 

Баса, жакында прездент Атамбаев Кувейтке жасаган сапарында араб дүйнөсүнүн алдында өз эне тилинде сүйлөгөнүн угуп, кубандым, ичим аябай жылыды. Менин билишимче, мурдагы президенттер чет элдик сапарларында эч качан кыргызча сүйлөшкөн эмес. Жаңылышсам, оңдоп коёрсуздар…

Жаңылыктар түрмөгү
0