Жадатма 9 сөз: эме, бар го, ошо-ооо…

Жазылуу
Кыргыз тилинин канчалык бай болгонуна карабастан көпчүлүгүбүз сөз таппай калганда бул "сүйүктүү" сөздөрдү колдонорубуз бышык. Анын арасында балким, сиз колдонгон сөздөр болуп да жүрбөсүн, байкап көрүңүзчү.

Макаланы жазуу менен башкаларга сын айтуудан алыспыз. Ишенип коюңуз, акыл айтуу такыр оюбузда жок. Болгону окуп бүткөн соң, тыянак чыгарасыз деген ойдобуз.

"Эме"

Үйгө жумуштан араң чарчап барсам, чоң энем:

— "Эме, эмени эметип койчу" деп суранат го… Эмнени эметериңди билбей отуруп каласың.

Сөз таппай калганда миң сөздүн ордуна "эме" жардамга келет.

"Давай"

Кыргыз тилин үйрөнүү китебин кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариева: көп тилдүү мугалимдер мамлекеттик тилди өнүктүрө алат
Бул сөздү баарыбыз колдонобуз. Ансыз болбойт, көңүл тойбойт. Телефондон сүйлөшүп бүтүп "давай, анда" дебей калсак сөз аягына чыкпай калат.

Тайкемдин кичүү кызы бар. Ызылдай берип ата-энесине бели бешиктен чыга элек жатып, бир топ акчага өтө заманбап уюлдук телефон алдырды. Биринчи сүйлөшүп бүтүп эле "давай" деп жыйынтыктаса болобу. Көрсө 65ке чамалап калган чоң атасы ушинтип сүйлөшөт тура.

"Бар го"

"Есть же" деген орус сөзүн биз "бар го" деп которуп алганбыз. Бул көбүнчө мактанчаактар колдоно турчу сөз.

"Бар го досум, тияк-биякка барып, кыздар менен таанышып келбейлиби", дешет. 

"Ошо-оо"

Маектин кийинки уланышы "ошо" менен болот. Бул сөз жарга такалганда сактап калат. Кыз-жигит жаңы таанышып калса, жигиттин эң көп колдонгону ушул сөз болорун айтпасак да белгилүү. Ошо…

"Карочи"

"Карочи" көпчүлүгүбүздүн ичип жаткан чайыбыздай эле болуп калган. "Карочи" мындай да, азыркылар жалкоо болуп калгандыктан, кыскартып сүйлөгөндү жактырабыз. Канчалык кыскартканга аракет кылганыбыз менен эмнегедир тескерисинче болуп калат. 

"Оа"

Чыңгыз, сегизөө, бойок, Премьер-министр – ката көрүп жатасызбы?
Замандын өнүгүшү менен кат алышуу шамалдан бат болуп калды. Дүйнөнүн бир бурчунан кийинки бурчуна интернеттен кат жазышабыз. Убакыт өтө тар (кат айлап жетет да), же сыябыз түгөнүп калчудай "оа", "не кылтасың?" деп жазабыз.

Сабакта отурсам байкемден смс билдирүү келди, "не олдун" деп. Түшүнө албай убарамын. Үч-төрт жумуш дайындаган эле, кайсынысын сурап жатты экен? Сурап жатабы же урушуп жатабы? Тап жакшы эмес эле, балким абалымды билгиси келгениби? Эмне жооп жазам эми…

"Деп койбоймбу", "депчи"

Бир нерсени деп коюп туруп артынан "деп койбоймбу" же "депчи", же болбосо башка бирөөгө, мындай кылдым "деп койбойсузбу" деген сөздөрдү көп эле уксаңыз керек. Ыңгайсыз сүйлөп алсак, "деп койбоймбу" демиш этип кутулабыз.

"Ыя?"

Орус тилдүү досторубуз "вы не могли бы повторить" деп беш сөз колдонсо, биз "ыя" эле деп коёбуз. Эч кыйынчылык жок, болгону эки тамга. Ошондуктанбы, уксак деле калп эле "ыя" дей беребиз. 

"Эй, өө –үү"

Кыргыз тили Google Translate тутумуна кирди
Бирөөнүн атын таппай калсак "эй" дей салабыз. Анан ал баштайт, эй деп жаныбарды чакырат. Бирок канчалык тил уксак да, бул сөзгө болгон сүйүүбүздүн күчтүүлүгүнөн улам таштай албай келебиз.

Филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиевден айтымында, булар мааниси жок сөздөр.

"Жогоруда айтылган сөздөрдүн мааниси жок. Алар көбүнесе оозеки сүйлөшүүдө гана айтылбаса, жазма түрүндө колдонсо туура эмес болуп саналат", — дейт Султаналиев.

Анын белгилешинче доордун өнүгүшү менен заманга жараша кыргыз тилине жаңы сөздөр кошулушу мүмкүн. Кээси башка тилден келсе, айрымдары заманбап аталыштардан жаралат.

Жаңылыктар түрмөгү
0