Дипломдун базар баасы канча?

© flickr.com / Will FolsomЖогорку окуу жайынын бүтүрүүчүсү. Архив
Жогорку окуу жайынын бүтүрүүчүсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта жогорку окуу жайын аяктап жаткандар дипломдук иштерин жазууга кызуу киришкен чагы. Буга чейин дипломдук иштерди акчага жаздырган студенттер көп экенин угуп жүргөндүктөн, ушул темага кызыгып көрдүк.

Алгач жер алдындагы өтмөктөрдөгү жарнамага көз жүгүртүп көрдүк. Аларды айланып өтүү дегеле мүмкүн эмес. Дипломдук иштерди жазабыз деген жигитти кепке тартып, маалымат алганга аракет кылдык.

— Саламатсызбы. Диплом жазасыздарбы?

— Ооба, кайсы темага?

— Азырынча тема ала элекмин, юридикалык тармакта.

— Эгерде базамда болсо жазам, болбосо жок. 

— Канча сом болот?

— 5000 ден 15 миң сомго чейин.

Жер астындагы өтмөктө компьютердик кызмат көрсөтүп турган Бектур аттуу жигиттин айтымында, учурда дипломдук иштердин "сезону" жүрүп жатат. Ал белгилегендей дипломдук иштердин атайын базасы бар. Аны бир тааныш баласынан көчүрүп алган. Базада ар кыл темадагы дипломдук иштер чогултулган. 

"Мен дипломдук иштин электрондук түрүн гана сатам. Эгерде туура эмес болуп калса өзүң оңдоп аласың. Эч кандай кепилдик бере албайм", — деди Бектур.

© Sputnik / Исмаил МамытовДипломдун базар баасы канча
Изготовление дипломов - Sputnik Кыргызстан
Дипломдун базар баасы канча

Көп узабай эле дипломдук иш жазган кийинки жигитке кезиктик. Азамат келинчеги экөөсү беш жылдан бери компьютердик кызмат көрсөтүп, жер алдындагы өтмөктө иштерин айтты.

"Дипломдук, курстук иштердин, рефераттардын түрүн жазабыз. Атайын базасы бар. Эгерде сиз издеген тема ошол базада болсо анда арзан болот, эгерде жок болсо тааныш мугалимге жаздырам, акчасы ошого жараша кымбат чыгат. Орто эсеп менен 300 доллар. Жакшы жагы — кепилдик беребиз", — дейт Азамат.

Баш калкалаар жайы жок, артист байкуш кантти экен?..
Кепилдик дегени — дипломдук иш интернеттен көчүрүлбөстөн, колго жазылып, эгерде иш туура эмес болуп калса, жазган киши кайра-кайра оңдоп берүүгө милдеттүү болот.

Мугалимдер жазып берет дегенди эшитип, мугалим издеп жөнөдүк. Кыргыз Мамлекеттик юридикалык академиясында эмгектенген Нурсултан Акинов буларды айтып берди.

"Менин практикамда андай учур кездеше элек. Акчага жазып бериңиз деген учурлар көп эле болот, андайда мен баш тартам. Албетте, башкалар үчүн жооп бере албайм", — деди Акинов.

Башым да оорубайт

Жаңыл быйыл борбордогу жогорку окуу жайлардын бирин бүтүрүп жатат. Ал жумушта иштегендиктен дипломдук ишти өзү жазганга убактысы жок экенин айтты.

"Биздин старостабыз бүтүрүп берет. Чынын айтсам, башым да оорубайт. 200 доллар берем, ошол менен бүтөт. Кимге жаздырат — ал старостанын иши", — деди Жаңыл.

Андан ары Жаңылдын старостасын таап, кепке тарттым. Анын айтымында, дипломдук иш жазчулар толтура. 

"Менин тайпамда 23 студент бүтүп жатат. Алардын онго жакыны өзүлөрү жазат. Калгандарын мен жаздырып берем. Баасы ар кыл, темасына жараша 5000 сомдон 300 долларга чейин", — дейт староста. 

Окуу жайдын алдында топтолуп турган жигиттерге барып, дипломдук иш жаздырганы адам издеп жүрөм десем, Мыктыбек аттуусу кепке келди. 

© Sputnik / Исмаил МамытовДипломдун базар баасы канча?
Изготовление дипломов - Sputnik Кыргызстан
Дипломдун базар баасы канча?

"Менин тааныш байкем бар. Досум экөөбүздүкун 4000ден жазып жатат. Дипломду коргоп алганга чейин оңдоп, түзөп бергенге даяр. Кепилдиги менен", — дейт Мыктыбек.

Бир теманы алып, интернеттен издөө салсак, жамгырдан кийинки козу карындай эле жайнап чыкты. Бирок бизге керектүүсүн акысыз сайттан таба алган жокпуз. Көпчүлүк сайттар акча которсок эле, биз издеген иштин таап берерин жазып чыгышты. Интернетте дипломдук иш орто эсеп менен 1000 сомдон 3000 сомго чейин бааланат. Бирок бул интернеттеги алдоонун бир жолу эмес деп эч ким кепилдик бере албайт.

Дипломдук ишти жаза албаган студенттин илимде келечеги барбы?

Бишкек гуманитардык университетинин Жакынкы жана Орто чыгыш өлкөлөрүнүн филологиясы кафедрасынын жетекчиси Нурлан Балтабаевдин айтымында, акчага дипломдук иш жаздырган студенттердин илимде келечеги жок.

"Илимге умтулгандар ишти өзүлөрү жазышат. Беш жыл билим алып, бир дипломдук ишти жаза албаган студенттин илимде келечеги жок. Негизинен биринчи курстан баштап даярдык көрүлөт. Алгач жөнөкөй реферат, кийин курстук, андан соң дипломдук иш жазышат. Жакшы окуган студентке дипломдук иш жазуу көйгөй жаратпашы керек", —дейт Балтабаев.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, өлкө боюнча 50 жогорку окуу жай бар. Алардын ичинен он бири мамлекеттик болсо, он тогузу коммерциялык жогорку окуу жай болуп саналат. Жалпы жонунан 223 миң 200 студент билим алат. Алардын 15 пайызы акысыз билим алат. Бир жылда жогорку окуу жайлар 35 миң студентти кабыл алып, 38-40 миң бүтүрүүчүнү узатат. Ал эми жогорку окуу жайлардагы контракттын орто эсеби 30 миң сомду түзүп, беш жылда 150 миң сомду чапчыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0