Ай чыккан сайын апамды эстейм…

Жазылуу
Энеге кандай жакшы сөз айтсак да жарашып, дүйнө өзү эненин зор күчү, талыбас кайраты менен жашап турганын ким талашат. Колумнист Кабыл Макешов өзүнүн апасы тууралуу эскерип, адам канча жашка чыкпасын, эненин жыты, деми, мээрими эч нерсеге алмашкыс байлык экенин дагы бир ирет далилдеп берди.

Ар жыл сайын жазында энелер күнү белгиленип жүрөт. Менин апам мындай майрамды көрбөй калды. Анан ай чыккан сайын же айды көргөн сайын апамды эстейм. Себеби, апамдын "Ай чыкты тоодон суйкайып…" деген ыры дале кулагымда жаңырып турат. Элүүдөн ашсам да апасына эрекелеп жаткан уул-кызымды көргөндө, менин да апама болгону кусалыгым жүрөк эзип жиберет… 

© Кабыл МакешовКерез Жакыпова үй-бүлөсү менен
Керез Жакыпова - Sputnik Кыргызстан
Керез Жакыпова үй-бүлөсү менен

Анда студенттик курагым. 1982-жылы экинчи курсту бүтүп, Жети-Өгүз районунун Комсомол (азыр Кытай) айылында студенттик курулуш отрядында иштеп жүргөнүмдө, апам 10 баланы төрөп, бакканы үчүн "Баатыр эне" деген ардак наамга арзыды. Атам өмүр бою жылкычы, чабан болуп, жайы-кышы мал артында жүрүп, көп нерсеге анча маани бербеген адам. Башкалардын апаларынын колунда алтын шакек, кулагында алтын сөйкө жаркырап турганын байкап, апамдыкы жок экенине ичим ачышып калаар эле. Атам деле апама алтын сөйкө, шакек алып берип койсо, элден кем кылбаса дечүмүн. Аны атам билип, баамдай турган түрү жок. Анан жайлата, студенттик курулуш отряддан иштеп тапкан акчама апама белек алууну чечтим. Дүкөнгө барып, "кызыл көздүү" жарашыктуу алтын сөйкөнү шакеги менен кошо сатып алып барып бердим. 

Ата-энелер балдары менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эң күчтүү "жолтандабас" — бул ата-эне
Апамдын ошондогу кубанычын айтпа! Кийин ошол алтын сөйкө, шакекти өмүрү өткөнчө тагынып жүрүп, жети балалуу болгон Адыл инимдин Ырыскүл деген кызына мурас катары ыйгарып берди.

Апам өрмөк согуп, чий чырмап, жүн тытып, аны сабап, ийик ийрип, ала кийиз жасап, шырдак шырып, деле жаны тынбаган мээнеткеч жан эле. Апамдын дагы бир өнөр, шыгы ачылбай кетти. Тоо-ташта, жайлоо-кыштоодо доктур, оорукана кайдан болсун. Балдары ооруп же жөтөлүп калса өзү эле ырымдап, тоодогу дары чөптөр менен дарылап койчу. Кызамык, колу-бутубузга жара чыкса, тоодо өскөн дары чөптөрдөн жаап койсо эле, айыгып кетчү. 

Анан апамдын курутундай даамдуу курутту элүүдөн ашканы жей элекмин. Карынга куйган сары майычы! Андай сары майды Бишкектен алигиче таппай жүрөм. Жаңы союлган койдун өпкөсүн үйлөп, улам сүт куюп, сары майдан аз-аздан салып бышырган олобосу дале таңдайымдан кетпей турат. Боорду эзип, бар аз күрүч кошуп бышырган быжысын да унуталбайм. 

Жаңы студент болгон кезим. Жайдын капортосу. Бир күнү жатакананын кире бериш жеринде мага тааныш килейген фляга, жанында биздин үйдөгү апам колго соккон таар баштык турат. Арыраакта апам отурат! "Төл башым" деп менин студент болгонумду куттуктап, жайдын аптабына карабай бир фляга кымыз, бир козунун этин алып келатыптыр… Өмүрү ал кездеги Фрунзе шаарына келип көрбөгөн апам чыгынып, элден сурап, таякем Зарылбектин жашыл "Жигулисин" айдатып алып, жетине албай жетип келген тура. Атам болсо Ак-Сай жайлоосунда, дале мал артында… 

Апаңарды эч качан "жеңе же эже " дебегиле 

Айылга кат. Жылдыз Жолдошованын пахта талааларына, киндик кан тамган Мадыга болгон сагынычы
Ушунча болду,эми дагы бир сырымды, бугумду айтайып алайын. Мен үйдүн тун баласы, 10 бир туугандын улуусу болгондуктан, чоң энем Шаарба тарбиялап, апам Керезди "жеңе", атам Асангелдини "байке" деп, чынында аларга суук боор болуп өсүп калдым. Алар да мени эркелетпей, алысыраак кармап, чоң энемден ыйбаа кылып, элжиреп турса да оолак болушчу тура. 1-класска барганга чейин апамды "Эже-апай" дечүмүн. Биринчи класстан эле балдар апасын "эже-апай" дейт деп мени аябай шылдыңдашты. Үйгө ыйлап келсем, чоң энем "анда жеңе" деп айт деди. "Эже-апайга" көнүп калган жаным, көнө албай жүрүп, көптө "жеңе" деп айтып көндүм. Кийин гана чоң энем каза болгондон кийин 25 жашымда көпкө чейин өз апамды "апа" деп айта албай жүрдүм. "Мамаша" деп койчумун. Акыркы 10-15 жыл гана апа деп ооз учумдан айтып жүрүп, араң дегенде көндүм. Бирок апама башка балдарындай болуп эркелей албай, мээримине канбай арманда калдым. Менден кийинки балдарын эркелетип жатса, абдан жаман ыңгайсыз абалда болчумун…

Өзү да өпкөсүнөн "жаман" оору (рак) менен ооруп, акыркы жылдары колумда 2-3 жыл туруп калды. Бир жолу "менин оорум жаман экен, балдарыңа жугуп калбасын, айылга, Эчки-Башыга эле алып барып салчы, Кудай айтканын көрөөрмүн",— дейт. Бирок акыркы мүнөттөрүнө чейин жанында болгум келди. 

Апаңарды эч качан "жеңе, же эже " дебегиле. Айылга барганда апабыз кошуна-колоңдун үйүнө кирип кеткен болсо, келгичекти үйгө кирбей күтүп турчу элек. Биринчи эле сөзүбүз "Апам үйдөбү?" деп сурачы элек. Айылга барган сайын апам жок, үйдүн куту учкандай таасир калтырып, апамдын артында калган атамды аяп кетем… 

Эне. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Памперс", буламык, баатыр энелер айылы: уят өлүмдөн катуу эмеспи?
Адамзаттын таалим-тарбиясынын башаты, адам болуп калыптанышы энеден башталат тура. Ошол кездеги ак сүтүнөн уюткубуз кандай болсо, ошого жараша адам болуп өсүп-өндүк. Бул чындыкты эч ким таналбайт. 

Айылыма барган сайын апамдын жоктугу сезилип, умсунуп, улутунуп, арман кылып жүрөм. Бир түндүк эле ак сүтүңдү актай албадым деп өзүмдү күнөөлүү сезип калам… Бул эскерүүнү окуган жаштар, уул-кыздар апанын ыйыктыгын, эң кымбат адам экенин, балдары үчүн жанын садага чабууга даяр экенин билсе дейм. Мендей болуп, эненин баркын, баасын кеч түшүнүп, бармак тиштеп калбаса дейм…

Жаңылыктар түрмөгү
0