Улуу-кичүүнү көзгө илбеген "көгүчкөндөр" же телефондон сүйлөшүү маданияты

© Sputnik / Табылды КадырбековТелефон менен сүйлөшүп жаткан адам. Архив
Телефон менен сүйлөшүп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданияттуу болуу эч убакта модадан калбайт. Көчөдөгү жүрүм-турум, кийген кийим, ооздон чыккан кеп — баары адамдын маданиятынан кабар берет.

Илгери жомоктордо кездешчү "учуучу килем" азыркы учакка айланып, "дүйнөнүн төрт бурчу менен байланыштырган сыйкырдуу күзгү" уюлдук телефон болуп, аны каалаган адам колдонууга мүмкүнчүлүк алды. Бирок анткен менен телефондо сүйлөшүү маданиятын баарыбыз биле бербейбиз. 

Жумуштан чарчап чыгып, адатымча маршрутка менен үйгө жөнөдүм. Аптанын башталышы болгондуктан жумуш көп. Бел бекчейип, көз чекчейип алган. Унаанын ичинде бут коёрго орун жок. Аарынын уюгундай кайнаган эл. Бир убакта арт жакта бирөө кыйкырып эле, урушуп кирди.

— Жетпей жатса эмне кылам? Кыйкырба дедим мен сени. Оозуңду Ошту каратып коём… — андан ары жети атасын сөгүп кетти.

Көрсө баягы аял телефондо бирөө менен сүйлөшүп жаткан экен. Анын сөзүнөн аялдын 300 миң сом насыя алып төлөй албай калганын, ал сумманын пайызы өсүп, миллионго жеткенин, үйүн сатып кутула албай качып жүргөнүн бери дегенде 20га чукул кыргызстандык билдик окшойт… Эми анын телефондогу сүйлөшүүсүн укпай коюу мүмкүн эмес. Аягында "мен айткандарды эч кимге айтпа" деп койду. Байкасам, мен эле эмес, маршруткадагылардын баары баягы аялды жаман көзү менен карап баратты.

Кыргыз тил китеби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жадатма 9 сөз: эме, бар го, ошо-ооо…
Ооба, ал адамдын көйгөйү чачтан көп болуп, "эл эмне деп жатат?", — деген суроо аны кызыктырбаган чыгар. Бирок өзү айткандай, бул маалыматтар "үй-бүлөлүк сыр" эмес беле.

Кыскасы телефондо кыйкырып сүйлөгөн аялдын үнү өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп, башымдын оорусун дагы күчөттү. 

Маршруткада эзилише сүйлөшүп жаткан жаштар сизди да жүдөтсө керек. Улуу-кичүүнү көзүнө илбей, сүйүшүп жаткан "көгүчкөндөрдү" көрүп, таалим-тарбия маселеси курч турганын сезесиң.

Эсимде, уюлдук телефондор өлкөбүзгө жаңы келе баштаган жылдары ар бурчта кыйкырып сүйлөшүп калганбыз. Биздин мектепте шаардан жаңы бүтүп келген агайыбызда гана "кирпич" телефон бар эле. Коридордо сүйлөшкөнүн баардык окуучулар бир дем менен укчубуз.

Айылыбыздын Асанбек аттуу тургуну биринчи жолу байкесине чалып калат. Уюлдук оператордун кызматкери "Сиз чалган абоненттин телефону өчүрүлгөн", — десе, Асанбек: 

— "Айланып кетейин эжеке, байкемди чакырып коюңузчу", — деп көпкө жалдыраган дешет. 

Маданияттуу болуу ар дайым модада болуп келген. Телефондо сүйлөшүү маданияты боюнча жалпы эрежелерди биле жүрүңүз:

  • Эгер тааныш эмес номерге чалсаңыз "бул ким?" деп сураган туура эмес. Мындай собол угуп жаткан адамга жагымсыз болот;
  • Телефон чырылдаганда 3-4 чакыруудан кийин дароо жооп берүү керек. 6-7 жолу чырылдаганда албаса, ал бошобой жатат деп билсеңиз болот;
  • Бирөөгө телефон чалганда "мен ким менен сүйлөшүп жатам?", — деп, суроо берүү туура эмес. Анын ордуна учурашып, "мен сизди угуп жатам", — десеңиз, өзүңүздүн сылыктыгыңызды билдиресиз;
  • Сиз байланышчу адам менен сөз баштай электе алгач анын сүйлөшүүгө убактысы бар же жок экенин сурап алыңыз. Жумуштагы телефонго коңгуроо келсе, ага алгач өзүңүздү тааныштырыңыз. Кызмат учурунда телефондон кыска жана так сүйлөшүү керек. Себеби, ушул убакта башкалар маанилүү сөз менен күтүп калышы мүмкүн; 
  • Телефондон орой сөз уксаңыз, ага сиз эч качан оройлук менен жооп кайтарбаңыз. Бул сиздин тигинден өйдө турганыңызды далилдейт;
  • Шарт боюнча эртең мененки тогузга чейин жана 22:00дөн кийин коңгуроо кылуу ылайыксыз. Бул учурда сиз чалган адамдын тынчын алып коюшуңуз ыктымал;
  • Үч мүнөт сүйлөшүүдөн кийин адамдын сөз кабыл алуусу төмөндөй баштайт. Ошондуктан баарлашуу беш мүнөттөн ашпаганы жакшы; 
  • Телефон менен баарлашууда маекти чалган адам жыйынтыктайт. Ал эми жетекчилик менен сүйлөшүүдө чалган адам ким экенине карабай, жетекчилик жыйынтыктоосу керек;
  • Коомдук жайларда жана коомдук транспортто этикага туура келбеген сөздөрдү колдонбой, жарым үн менен сүйлөшүү кажет.

Кызыктуу маалыматтар:

Окумуштуулардын айтымында, телефон аркылуу сүйлөшүүдө маалыматтын 40 пайызын адамдын үнү, тембри жана интонациясы жеткирет.

Жогорку окуу жайынын бүтүрүүчүсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дипломдун базар баасы канча?
Эксперттердин эсебине ылайык, бизнесмендер 50 пайыз жумушун телефон аркылуу бүтүрүшөт.

"Кудуреттүү Брюс" ("Брюс всемогущий") тасмасында баш каарман 776-2323 номуру аркылуу кудай менен байланышкан жери бар. Тасма АКШда тартылгандыктан, бул номерге чалып "кудай менен байланышат элек" дегендер көп болгон. Эң кызыктуусу, Стенфорд шаарында аталган номер жергиликтүү чиркөөгө таандык болуп, кудай менен байланышууну каалагандар миңдеп саналган. Тасма сатыкка чыгар алдында номур өзгөртүлгөн. 

Сиздин телефондон сүйлөшүүңүздүн арты менен маданиятыңыз бааланып, ал эле эмес сиз иштеген ишкананын аброюна да таасири тиет. Андыктан телефондон туура сүйлөшүү көпчүлүк фирмалардын имиджинин негизги маңызың түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0