Канбийкелер келе жатат: Борбор Азия президенттеринин кыздары такка отурабы…

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүКазакстан президенти Нурсултан Назарбаев, Өзбекстан президенти Ислам Каримов жана Тажикистан президенти Эмомали Рахмон. Архив
Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев, Өзбекстан президенти Ислам Каримов жана Тажикистан президенти Эмомали Рахмон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарига, Озода, Лола жана "соодасы бүткөн" Гүлнара. Бул ысымдар жакынкы жылдары мамлекет башчынын ысымы катары байма-бай аталышы мүмкүн дейт биздин колумнист Абдыкерим Муратов.

Борбор Азия дегенде биз өзүнчө бири-бирине жакын салты бар, өзүнчө бири-бирине жакын тили бар, окшош дини бар, чейрек кылым мурда эле бир мамлекетке биригип, "коммунизмди чогуу курабыз" деген максаты бар, ошол эле кезде кийин өз алдынча түтүн булаткан мамлекеттер болуп, бири-бирин чек аралар менен бөлүп алган өлкөлөрдү түшүнөбүз. 

Акын, жазуучу, окумуштуу, публицист, коомдук ишмер Салижан Жигитов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шуулдаба, шуулдаган теректерим… же Жигиттин уулу жетишпей турганда
Элдик оозеки чыгармачылыктын тээ түпкүрүнө үңүлүп карасак, алардын Каныкей, Жаңыл Мырза, Томирис, Кыз Жибек, Кыз Сайкал деген баатыр кыздары болуу менен ислам дини аялдардын ээн-эркин жүрүшүнө чектөө киргизген. "Аял эркектин кабыргасынан жаралган" деген эреже менен аялдардын укугу тебеленген. Большевиктер Чыгыш аялдарына азаттык берип, паранжалар өрттөлгөнү менен совет учурунда деле бул өлкөлөрдө аялдарга баш орун берилген эмес. 

Анан СССР чачырап, эгемендүүлүк келип, мурдагы союздук республикалар өз-өзүнчө мамлекет болушканда бийлик башына коммунисттик партиянын сынынан жана тарбиясынын өткөн Нурсултан Назарбаев Казакстанга, Ислам Каримов Өзбекстанга президент болушту. Ошондой эле баскычтарды баскан Сапармурат Ниязов Түркмөнстандын "түбөлүк президенти" макамын алгандан көп узабай 2006-жылы кайтыш болду да, ордуна Гурбангулы Бердымухамедов отурду. Атуулдук согуштан башы чыкпаган Тажикстанда бийлик тез-тез алмашып, акыры бул орун Эмомали Рахмонго ооган кезде кыйла тынчтык орноп калды. Кыргызстан болсо төңкөрүш жолун тандап, алгачкы эки президентин чет өлкөгө "кетирип", үчүнчү башчыга аял кишини тандады.

Бир кезде аялзаты баш көтөрбөгөн бул өлкөлөрдө аялдар бийликке катуу таасир эте баштады. Сара Назарбаева, Майрам Акаева ар кандай фонддорду башкарууга өттү. Чет жерден гендердик саясат деген келди. Аялдар уюмдарынын, коомдорунун саны жайнап кетти. Атүгүл Кыргызстан сыяктуу "демократиялашкан аралчалар" парламентинен атайын аялдар үчүн орун бөлүп койду.

Эми ушундай шартта президенттердин кыздарынын таскагы катуу чыкты. Алар бийликке – болгондо да монархиялык бийликке жакындап, аталарынын мураскери болууга жулунуп турган чагы. Аларды четтен баштасак.

Дарига Назарбаева

Булардын башында, албетте, Казакстан президентинин тун кызы, вице-премьер-министр Дарига Назарбаева турат. Ал былтыр Астанада өткөн Евразиялык аялдардын IV саммитинде өзүнүн активдүү саясатчы экендигин толук аныктады. Президенттин кызы ушул жыйында атасынан озунуп эми жакында бала бакча, оорукана, маданият сарайлары сыяктуу социалдык мекемелер менчикке чыгарыла тургандыгын ашкере айтты. Муну Даригадан башка ким айта алат эле? 

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүКазакстан президентинин тун кызы, вице-премьер-министр Дарига Назарбаева
Инаугурация президента Республики Татарстан Рустама Минниханова - Sputnik Кыргызстан
Казакстан президентинин тун кызы, вице-премьер-министр Дарига Назарбаева

Атасынын сүйүктүү кызы 2004-2012-жылдары парламентке эки ирет депутат болгон, анын колунда "Хабар" сыяктуу маалымат холдинги турган, ири бизнес жайлары бар экендиги айтылып келет. Каныкенин "бактылуу" жубайы белгилүү бизнесмен Рахат Алиев өлкө башчысы – кайын атасына оппозицияга ооган, дал ошондо аны куугунтуктап, акыры аялынан, балдарынан ажырап, Венада калканыч издеп жүргөн. Ошол жакта белгисиз жагдайда өлүмгө учураган. Өткөн жылдын соңурагында Дарига Назарбаеваны атасы Нурсултан Назарбаев Батыш Европа мамлекеттерине болгон иш сапарында жанында алып жүргөн.

Эмки казак президенти дал ушул Дарига болору өлкө ичинде да, сырт жакта да байма-бай айтылып, жазылып келет. Ал үчүн Казакстанда азыркы саясый кырдаал да, байлык да жетиштүү… Бирок…

Лола Каримова

Өзбек президентинин эки кызы Гүлнара жана Лола бийликке катуу жулунгандардын катарына кирет. Адегенде Гүлнаранын аты аталуучу. Лола тынч эле жаткан. Эми Лоланын таскагы катуу чыкты. Өткөн жылы АКШнын көп нускалуу "Нью-Йорк Таймс" гезити 15-декабрда Лос-Анжелестеги элиталык аймактан Лола канайым үй сатып алганын кабарлады. Бирди эмес төрттү. Мурда ушул аймакта үчөө бар экен, төртүнчүсүн президенттин экинчи кызы Лола Каримова палестиндик ишкер Мохаммед Хадиддин жардамы менен 58 миллион долларга баалап алыптыр. Лола Каримова күйөөсү Тимур Тилляевдин фамилиясын да өзүнө кошуп жүрөт, демек ал Лола Каримова-Тилляева.

© AFP / MIGUEL MEDINAӨзбек президентинин кызы Лола Каримова жолдошу менен
Младшая дочь президента Узбекистана Ислама Каримова - Лола Каримова - Sputnik Кыргызстан
Өзбек президентинин кызы Лола Каримова жолдошу менен

Эже-сиңди Гүлнара менен Лоланын "бет карашпай" калганы да дал ушул бийлик талаштын айынан дешүүдө, Гүлнаранын көп байлыгынан кол жуушу, кадыр-баркынын кетиши, а түгүл "үй камагына" алынышы ушул Лоланын көрсөтмөсү менен болушу мүмкүн дегендер да жок эмес. Ага "мамасы" Татьяна жардам берген дешүүдө. Андай болсо 2013-жылы сентябрда ачыкка чыккан каримов-каримовалар тополоңу "атакелери" карыган сайын тереңдеп кетип баратат. Ал арада Лола эжесин аябай сындап, аны менен он эки жылдан бери катышпай калганын жарыя кылып жиберди. Эмне максатта?..

Гүлнара Каримова

Алмазбек Атамбаев мураскери кантип тандаларын айтты
Бир кезде атасынын ордун басат деген Гүлнара Каримова АКШда жашап, окуп, болгондо да Гарвард университетинде билим алып, ошол жактан өзбек тектүү ооган жигит менен тагдырын байлап, анан жакшы эле байлык топтогон. Батыштан келип, Өзбекстанда эрке кыз атыккан. Бир нече ишканалардан салык алып турган, менчикке чыгарган, акын, обончу, ырчы болуп чыга келген. "Гули" деп аталган зергерчилик дүкөндөрүн ачкан. Сулуулук салондору, сымбатточу каражаттарды чыгаруучу ишканалары бар. Ага кезегинде кызмат да берилип, Өзбекстандын Испаниядагы элчиси болгон. 2013-жылдагы үй-бүлөлүк ыйкы-тыйкылардан кийин Twitter баракчасына президент болбой турганын жазган. Өзбекстанда Гүлнара Каримова ээлик кылган бир нече телеканалдар, радиостанциялар, жеке компаниялар жабылган. Аны менен өнөктөштөр камакка алынган.

© Sputnik / Валерий Левитин / Медиабанкка өтүүӨзбек президентинин кызы Гүлнара Каримова
День рождения основателя ювелирного дома De Grisogono - Sputnik Кыргызстан
Өзбек президентинин кызы Гүлнара Каримова

Ошентип Гүлнаранын "соодасы бүттү". Жок, бирок бул кыз оңой кыз эмес, кандайдыр бир моменттерди күтүп жаткан болушу да мүмкүн. Бирок кайда экендиги, кайдан чыга келери азырынча табышмак…

Озода Рахмон

Быйыл жыл башында Тажикстан парламенти Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүүнүн датасын белгиледи. Анын негизги максаты жана маңызы азыркы президент Эмомали Рахмондун башкаруу мөөнөтүн чектебөө, б.а., түбөлүк өлкө башчысы кылып такка отургузуу. Референдум 22-майда өтөт. 64 жаштагы Эмомали Рахмон 1994-жылдан президенттик милдет аткарат. Аны тажиктер "Пешвои миллат" ("Улут лидери") аташат. 2013-жылы акыркы жолу деп жети жылга президенттикке шайланган, демек дагы төрт жылы бар. Ошентсе да бийликке тыл катары кызын алып келе жаткандай. Уулу Рустам президент болууга Тажикстан Конституциясына ылайык, 35 жашка толо элек, ал 28 гана жашта. Ошондуктан атасы кызын – Озаданы президенттин аппаратынын жетекчиси кылып дайындады. Бул өлкөдөгү эң чоң кызмат катары эсептелет. Күндө үйдө да, чет өлкөдө да, иште да атасынын жанында ушул кызы болуп калды. Алты жыл мурдагы АКШда студент болуп жүргөн кызы мындай бийликке кандайча келип калды? Албетте, кандай-андай болот дегенден уламдыр…

Дарига Назарбаева Казакстандын вице-премьер-министри болду
Озадахан 1978-жылы туулган. Юридика илимдеринин кандидаты (Темасы: "Развитие законодательства о правах и свободах женщин в Таджикистане (1917-2011 гг.) "). Атайын жана толук укуктуу элчи рангы бар. АКШ элчилигинде иштеп жүрүп, Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине Консулдук бөлүмдүн башчылыгына келип, анан министр орун басары болгон. Анын апасы Азизамону "Моияти умраи Пешвои миллат ва бонуи аввал" ("Значение умры лидера нации и первой леди") деп жиберишти жана өлкөдөгү мусулман аялдардын лидерине айлантты. Буга караганда апасы кызынан бийлик талашпайт, тынч жашоону көздөйт. Ал эми иниси Рустамдан бийлик талашты күтсө болот, ал Тажикстан футбол федерациясынын вице-президенти, футболчу, "Истиклол" командасын негиздеген, Бажы комитетинде, Жаштар союзунда чоң кызматтарды аркалаган. Футболдун ыкмаларына салып топ киргизүүнү ойлосо, ойлоп жаткандыр…

Эмомали Рахмон тогуз балалуу, үчөө – уул. 2007-жылга чейин үй-бүлөсүн эч ким билбей келсе, азыр Тажикстанда эң көп сөзгө алынгандар, жакшы жагынан да, жаман жагынан да, анын балдары. Дагы бир кызы Зарина Дүйшөмбүдө теле алып баруучу, англис жана тажик тилдеринде сүйлөп, теледидардын жүзү, Фарзона деген кызы 2010-жылы Орусиянын Екатеринбург шаарында мектеп окуучуларынын билим жарышында биринчиликти багынтса, дагы бир уулу Соман Бухарестте компьютер боюнча дүйнө биринчилигин багындырган. Демек, Озадага тең келер, ашса, ашып да кетер бала-чакалар Тажикстан ханынын үй-бүлөсүндө жетиштүү.

Негизи Чыгышта бетке айтпай, "хоп" деп туруп, учурду күтөт. Ал учурда бул каныкелер бийликке келеби, келтиришпейби – күмөн. Анан калса алардын атакелери кошуна Кыргызстандагы Бермет ханышанын парламентке келишинен улам атакеси бийлигинен, ал гана эмес Ата Журтунан да ажыраганын Шералынын чокоюндай кылып кыздарына эскертишип турушар… 

Жаңылыктар түрмөгү
0