Семирген жашоо… Курсакты тарталы, туугандар!

Жазылуу
Колумнист Аман Алымбеков коомчулуктун көңүлүн ден соолукка, анын ичинен саламаттыкты жабыркаткан илдеттерге бурууга аракет кылып, оорулардын алдын алууга чакырат.

Анда эмесе сөз башынан болсун. Назарыбызды 15-20 жыл мурунку модага оодарсак. Ал кезде союз ыдырап, коммунизми кошо жоголуп, кыргызымды капиталисттик базар экономикасы каптаган. Анын артынан соода, бизнес, иномарка, компьютерлер жана уюлдук телефондор келди. Ошол иномаркаларды, уюлдук телефондорду жаңы кыргыздар минип, колдонуп, өзүнчө "крутой" деген атка конуп бапырап, элге үлгүдөй көрүнүшчү. Муну айтканымдын себеби, ал кездеги "крутой" байкелерибиз, мерседестен түшпөй, кафелерден өлөрчө тамакка тоюп, курсак байлап сонун пиджак-костюмдарды кийип "солидный" көрүнүп, карапайым эр азаматтарыбыз ошолордой болгусу келчү. 

Илимпоздор: компьютер оюндары жүрөк оорусун күчөтүп, кант диабетин пайда кылат
"Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" дегендей, курсак өзүнчө бир бакубат жашоонун символу болуп, көрккө айланып кандайдыр бир стимул болуп чыга келди. Эми эмне дейбиз, аздыр-көптүр жашоо оңолуп, баягы сотка, компьютер жана иномаркаларга элибиз жетип, анысы менен кошо "жаман адат калабы, уйга жүгөн салабы" дегендей, баягы эр азаматтарыбыз курсактарын да кошо байлай келишти. 

Чынында мага деле курсактуу киши, аябай берекелүү жана капчыктуу көрүнчү. Оюмда курсагын ушунча чоңойтконуна караганда бир топ акча жумшаса керек деп койчумун. 

Эми кеп чындыкка карай болсун. Жакында мамлекетибиздин алдыңкы доктурларынын бири менен маек куруп отуруп, сурап калдым. Акыркы жылдары коомдо инсульт, инфаркт жана башка адамды аябаган дарттар пайда болду, доктур эмессиңби, билесиң го, себебин айтчы дедим. (Ичимен доктур мурунку эле нерв, депрессия, кыжалат, кан басымы, жакырчылык, тамеки тартуу маңызындагы мисалдарды келтирет го деп турдум).

Аңгыча доктур мырза "эми чынында элибиз тамакты көп жегенден жанагы сен айтып аткан балакеттерге кабылып жатат" деп калды. Мындай жоопту күтпөгөн жаным кайра сурадым "тамакты кенен жегенден дейсиңби" деп. Докем:

— Аман, сен акыркы жолу ачкадан бирөө өлүптүр дегенди качан уктуң эле?— деп кайра мага суроо узатты. 

Эмнегедир ачкачылыктан эл кыйналып өлүп атат деген сөз эсиме жылуу учурап, өзүм маалымат жаатында иштеп көп нерсе окуп билип жүргөнүмө ишенип эстей баштадым.

Чындап "ачкадан өлүптүр" деген окуялардан эстей албай ичимен бир жолу шүгүр деп: 

— Ийи, макул, менин эсиме таянсак эч ким өлбөптүр, — дедим. 

Анда ал күлүп, "мына көрдүңбү, ачкадан азырынча эч ким өлө элек, а семирип кетип, ар кайсы ооруга чалдыккандардын саны күндөн күнгө өсүүдө" деди.

Таразадагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Илимпоздор ашыкча салмак бардык органды жабыркатарын аныкташты
"Элдин негизги көйгөйү — тамак. Биз кыргыздар тамакты көрбөгөндөй жейбиз, анысы аз келгенсип өңчөй медицинада аябай күчтүү жана оор делген азыктарды казандап ичип алабыз. Мындан тышкары, ар бирибизде унаа, телевизор, анын алдында диваны, туткунга түшкөндөй компютердин креслосу жана башка эч кыймылдабай эле жыргализм шартында күн көрүп келебиз. Эми өзүң элестет, адам күнүмдүк нормадан көбүрөөк тамак жесе, анан эч бир физикалык кыймыл-аракет кылбай, аяштарыбыз менен жеңелерибиз айткандай, дардайып телевизор менен интернетти чукулап жатсак, эмнебиз калат? Албетте семиребиз, башыбыз, белибиз ооруйт. Мындай эле салыштырып берейин, салмагы өз ордундагы кишиге он беш килограммдык гиря байлап күнүгө көтөрүп жүр деп койсок. Ал киши турса да, жатса да, басса да гиряны көтөрүп жүрсө эмне болот? Ооба, чарчайт, жүрөгү кыйналат, кан тамырларына күч келет, иши кылып соо адамды бүлдүрөбүз. Чынбы? Жанагы семирүүнүн ден соолукка болгон таасиринин эффектиси, дал ошол он беш килограммдык гирядай эле болот", — деп, айтор семирүүдөн адам кантип соо туруп ооруп жок болчу мисалдарын келтирип отуруп жүрөктү түшүрдү. Эми доктурга ишенбегенге айлабыз жок, алар билет эмеспи. 

Окумуштуулар: диета кармаган адамдар арыктай албайт
Ошол интервьюдан кийин даамдуу азыктан баш тартпаган, тамаксоо жаным эмнегедир табитим жоголуп, аз көлөмдө тамактана баштадым. Анысы аз келгенсип, чуркап барып көчөдөгү апалардын беш сомдук таразасына да түшүп жибердим. "Салмагың 90 килограмм, сөөктүү жигит экенсин, бирок балам, ашыкча май жүрөккө зыян болот, арыкта", — деп таразачы беш сом акысына эсимди чыгарды. Макул деп, эртеси кычырап мода үчүн алган кымбат кроссовкамды "кой эми, өз максатынды аткар" деп кийип алып, үйүмө жакын дене тарбия институтунун стадионуна келип чуркамак болдум. Эми бышылдап, күйүгүп, эң негизгиси канча айлампа чуркаганым сыр бойдон калсын. Ошентип чуркап жүрүп бир өзгөчөлүктү байкадым. Стадион өзү эл жыш жашаган жерде жайгашкан, саат кечки 6-7. Бирок эмнегедир мага окшоп ден соолукту чыңдап жаткандар саналуу эле. Мындай көрүнүш эмнеден кабар берет? Ар бирибиз телевизор, интернет, дивандан башыбызды чыгара албай "жыргализм" жашоосуна көнүп, аягы инсульт инфаркт менен алышып жатканыбызды маалымдайт. Анда эмесе, кеч болуп кала электе, эң негизгиси чуркамак турсун баса албай кыйналып калчу күндү көргөндөн көрө, өзүбүздү колго алалы туугандар! Чуркайлы, машыгалы… 

Жаңылыктар түрмөгү
0