Кышкы Азия оюндарынын тарыхы. Кыргыз спортчуларынын орду

© REUTERS / ISSEI KATOКыргызстандык спортчулар Япониянын Саппоро шаарында өткөн кышкы азия ондарынын ачылыш аземинде
Кыргызстандык спортчулар Япониянын Саппоро шаарында өткөн кышкы азия ондарынын ачылыш аземинде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Япония өлкөсүнүн Саппоро шаарында VIII кышкы Азия оюндары курч мүнөздө өтүп жатат. Анда кыргызстандык спортчулар биатлон, тоо лыжасы, хоккей жана көркөм муз тебүү боюнча катышууда. Журналист Кабыл Макешов эл аралык оюндардын тарыхына токтолуп, андагы жетишкендиктерди тизмектеди.

Учурда жеңип алган медалдардын саны боюнча Япония биринчи, Түштүк Корея экинчи, Кытай үчүнчү, Казакстан төртүнчү орунда келатат.

Азия оюндарынын тарыхы

1982-жылы Япониянын Олимпиадалык комитети Азия оюндарынын кышкы түрүн уюштуруу демилгесин көтөрүп чыккан. Алардын демилгесин Азия Олимпиадалык Кеңеши (АОК) колдоого алып, 1986-жылы Саппоро шаарында Биринчи кышкы Азия оюндарынын тушоосу кесилип, оту жанган. Бул Азия континентиндеги кышкы спорту өнүктүрүү максатын көздөгөн спорттук иш-чаралардын эң ири жана таасирдүүсү болуп саналат.

I Азия оюндары

Кубок вызова Азии по хоккею с шайбой в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кышкы Азия оюндарында кыргыз хоккейчилери филиппиндик атаандаштарын утуп алды
1986-жылы Саппоро шаарында I кышкы Азия оюндарынын тушоосу кесилип, жаңы тарых барактары башталган. Бул шаар 1972-жылы февралда XI кышкы олимпиадалык оюндарды кабыл алып өткөрүп, алардын тажрыйбасы да жетиштүү болуп, инфраструктурасы, спорт жайлары даяр болгондуктан ушундай чечим кабыл алынган. Спорттун кышкы 4 түрү боюнча мелдешке 7 өлкөнүн 293 спортчусу катышкан. Командалык эсепте биринчи орунду япондуктар, экинчи орунду кытайлыктар, үчүнчүнү түштүк кореялык спортчулар ээлеген.

II Азия оюндары

1990-жылы 9-марттан 14-мартка чейин Япониянын Саппоро шаарында кайрадан II кышкы Азия оюндары өткөн. Бул оюндарды алгач Индия өткөрүүнү пландап, бирок техникалык жана каржы кыйынчылыктарынан улам баш тарткан. Мындан улам япон өлкөсү башталган демилгени уланткан. II кышкы Азия оюндары спорттун алты түрү боюнча өткөрүлдү. II кышкы Азия оюндарына тогуз өлкөнүн 300дөн ашуун спортчусу катышып, алар спорттун алты түрү боюнча атаандашкан. Мында дагы командалык эсепте биринчи орунду япондуктар колдон чыгарган эмес.

III Азия оюндары

Международный турнир по джиу-джитсу в США - Sputnik Кыргызстан
Жиу-житсу: КР мушкери Америкадан алтын тагынып, дүйнө чемпионатына жолдомо алды
1996-жылы 4-февралдан 11-февралга чейин Кытайдын Харбин шаарында III кышкы Азия оюндары өткөн. Бул оюндарды алгач Түндүк Корея 1995-жылы өткөрүүнү пландап, бирок каржы кыйынчылыктарынан улам баш тарткан. Кийин Советтер Союзунун курамына кирип, эгемендик алган Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан алгач ирет оюндарга кошулуп, катышуучу мамлекеттердин саны 17ге жеткен.

Командалык биринчи орунду Кытай, экинчини Түштүк Корея, үчүнчүнү Казакстан камсыздаган.

IV Азия оюндары

IV кышкы Азия оюндары 1999-жылы 30-январдан 6-февралга чейин Түштүк Кореянын тоолуу аймагындагы Канвондо шаарында болгон. Анда спорттун жети түрү боюнча 43 мелдеш өткөрүлгөн. Ал эми фристайл мелдеши программадан алынып салынган.

Кышкы оюндарга 22 Улуттук Олимпиада комитетинин өкүлдөрү катышып, айрым өлкөдөн спорт жетекчилери гана барган.

Кытай биринчи орунду колдон чыгарган эмес, экинчини Түштүк Корея, үчүнчүнү Япония, төртүнчү орунду Казакстан жеңип алган. Ал эми Кыргызстандын атынан тоо лыжачы Андрей Трелевский жалгыз катышкан.

V Азия оюндары

Велоспортчулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык Евгений Ваккер Бахрейндеги Азия биринчилигинде ат салышат
2003-жылы 1-февралдан 8-февралга чейин Япониянын Аомори шаарында кайрадан V кышкы Азия оюндарынын оту жанды. Мында 17 өлкөнүн 641 спортчусу спорттун 10 түрү боюнча жалпы 51 комплект медаль үчүн күч сынашкан. Фристайл менен трамплинден лыжа менен секирүү кайра программага кошулган. Мурда трамплинден секирүү көрсөтмөлүү оюн болсо, бул ирет жеңүүчүлөргө байгелер берилген.

Анда 17 Улуттук Олимпиада комитетинин спортчулары жана 12 УОКтун жетекчилери катышкан. Командалык эсепте биринчи орунду өз жеринде япондуктар ээлеген. Алар 24 алтын, 23 күмүш, 20 коло медаль утуп алышкан. Экинчини Түштүк Корея, үчүнчүнү Кытай, төртүнчү орунду Казакстан ээлеген. Кыргызстандан барган 10 спортчу ийгиликке жеткен эмес.

VI Азия оюндары

2007-жылы 28-январдан 4-февралга чейин Кытайдын Чанчунь шаарында VI кышкы Азия оюндары өтүп, спорттун тогуз түрү боюнча медалдын 47 комплектиси ойнотулган.

Кувейт, Малайзия, Макао өлкөлөрүнүн жети көркөм муз тебүүчүсү жана Түркмөнстандан келген коньки спортчусуна мелдештерге катышууга уруксат берилбей калган. Себеби, бул өлкөлөр эл аралык Коньки спорту кеңешине мүчө болушкан эмес.

Оюндардын жыйынтыгында биринчи орунду Кытай, экинчини Япония, үчүнчүнү Түштүк Корея жана төртүнчүнү Казакстан ээлеген. Ал эми Кыргызстандан барган беш спортчу байгелүү орундарга илинбей калган.

VII Азия оюндары

2011-жылдын 30-январынан 6-февралына чейин Казакстандын Астана жана Алматы шаарлары VII кышкы Азия оюндарын өткөрдү. Казакстан мурдагы СССР өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп оюнду кабыл алган.

Мында биринчи жолу топ хоккейи программага кирип, кёрлинг менен сноубординг ойнолгон эмес. Ал эми лыжа менен трамплинден секирүү боюнча мелдеш кайра кошулган.

Участница Олимпиады-2016, борец Айсулуу Тыныбекова - Sputnik Кыргызстан
Айсулуу Тыныбекова Швециядагы мелдеште күмүш байгелүү болду
VII кышкы Азия оюндарына 26 өлкөдөн келген спортчулар катышкан. Кыргызстандан алгачкы жолу 50дөн ашуун спортчу барып, шайба менен ойноочу хоккей командасы бардык атаандаштарын жеңип, кичи алтын медалга татыган. Бирок бул алтын байге үчүн упай берилбей, командалык зачетко кошулган эмес. Ал эми топ менен хоккей мелдешине үч команда гана катышып, Кыргызстандын командасы Казакстан менен Монголияга жеңилген. Ошентсе да үчүнчү орунду ээлеп кыргыз спортунун тарыхында кышкы спорттон алгачкы ирет коло байгелүү болгон.

Казактар өз жеринде артыкчылык көрсөтүп 32 алтын, 21 күмүш, 17 коло байгеге ээ болуп, биринчи орунду камсыздаган.

VIII кышкы Азия оюндары

VIII кышкы Азия оюндары учурда Япониянын Саппоро шаарында 18-февралда башталып, учурда курч мүнөздө өтүп жатат. Таймаш 26-февралда жыйынтыкталат.

Япония ушуну менен төртүнчү ирет кышкы Азия оюндарынын отун жандырды. Бул ирет 33 өлкөнүн спортчулары мөрөй талашууда. Австралия менен Жаңы Зеландия өлкөлөрү дагы чакырылып, алардын спортчуларына байгелүү орундар берилбей, упайлары эсептелбей зачеттон сырткары катышып жатышат.

Бул жолу кышкы спорттун 11 түрү боюнча медалдын 64 комплект үчүн атаандаштык жүрүп жатат. Кыргызстандын намысын коргоо үчүн 33 спортчу барып, спорттун хоккей, көркөм муз тебүү, биатлон жана тоо лыжасы боюнча күч сынашууда.

Олимпиада 2016. Греко-римская борьба. Мужчины. Весовая категория до 59кг - Sputnik Кыргызстан
Түркиядагы күрөш боюнча турнирге кыргыз балбандары катышат
21-февралда Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы филиппиндик атаандаштарын 10:5 эсебинде утуп алды. Буга чейин кувейттиктерди 5:0 эсебинде жеңишкен. Эми 22-февралда Бахрейн, 24-февралда Катар курамасы менен беттешет.

VIII кышкы Азия оюндарында Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы экинчи дивизиондо Кувейт, Катар, Бахрейн жана Филиппин курама командалары менен А тайпасында ойноп жатат. В тайпасында Түркмөнстан, Малайзия, Индонезия жана Макао командалары бар.

Тайпалык беттеште биринчи орунду алгандар алтын үчүн, экинчини алгандар коло үчүн беттешет. Финалдык оюн 26-февралда өтөт. Бирок байгелүү орунду ээлеген күндө дагы бул медаль кичи байге деп эсептелип, командалык эсепке алынбайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0