Чачучтук, сөйкө, бой тумар... Кыргыз аялзаты үчүн зер буюмдарынын мааниси

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүү"Оймо" фестивалынын катышуучусу. Архив
Оймо фестивалынын катышуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз аялдары сөз билги, иш билги, жөн билгилиги менен айырмаланып, ошол эле убакта ыйбаасы, илбериңкилиги ажарын ачып, чачпак, сөйкө баштаган боюндагы зер буюмдары шыңгырап баскан изин аруулап, көргөн көздү кубанткан көркөмү да башкача болгон.

Кичинекей наристе кезден кериле бой жеткенге чейин, көйкөлгөн келин кезден, көптү көргөн байбиче болгонго чейин аялзатын коштоп жүргөн зер буюмдардын эң негизги касиети суук көздөн, суук сөздөн сактап, аялдын боюн аруулап турган. Ошону менен катар колдонулган кооздук жасалгалардын өз орду, өз мааниси болгон.

© Sputnik / Табылды КадырбековЧачучтук, модель Асел Кайнарбек кызы
Кыргызские национальные виды украшений - Sputnik Кыргызстан
Чачучтук, модель Асел Кайнарбек кызы

Чачучтук – өрүлгөн чачтын учуна кошо өрүлүп, жасалуу ыгы, көрүнүшү түрдүүчө болгон. Ак жиптен же ак кебезден чыйратылып жасалган чачучтуктар негизинен кырк өрүм чач кызга арналып анын келечегине болгон энесинин ак тилегин билдирген. Андан башка чачучтуктун ак жипке шуру, мончок, же күмүш кооздуктар кошо тизилип жасалгаланган түрлөрү да болгон.

© Sputnik / Табылды КадырбековЧолпу, модель Асел Кайнарбек кызы
Кыргызские национальные виды украшений - Sputnik Кыргызстан
Чолпу, модель Асел Кайнарбек кызы

Чолпу – өрүлгөн чачтын учуна келиндер байлануучу кооздук болуп, тегерек, калакча сымал күмүштүн ортосуна оюу түшүрүлүп, же асыл таш чөгөрүлүп, жогору жагына шакекчелер бекитилип, ага жибек жип байланып, чачка учукталган.

© Sputnik / Табылды КадырбековЧачпак, модель Мира Керималиева
Кыргызские национальные виды украшений - Sputnik Кыргызстан
Чачпак, модель Мира Керималиева

Чачпак — эки өрүм чачка байлануучу азем буюм болуп, жасалышы кооздолушу чачыланышы же оюу түшүрүп же таш чөгөрлүшү боюнча жергиликтүү өзгөчөлүктөргө ээ болгон. Андан сырткары жаш жана статустук өзгөчөлүгү боюнча да айырмаланган.

Чачпак, чолпуну эмне үчүн таккан деген суроо туулат. Биринчиси, албетте, кооздук үчүн. Андан сырткары, буларды келин болгондон тартып тагынып, сымбаттуулукту арттырып, бойду түз кармап, түз алып жүргөнгө шарт жараткан. Анын жылаажын үнү, шыңгыр добушу менен аялзаттын бою арууланган, аластанган.

© Sputnik / Табылды КадырбековСөйкө, модель Мира Керималиева
Кыргызские национальные виды украшений - Sputnik Кыргызстан
Сөйкө, модель Мира Керималиева

Сөйкө – көзөлгөн кулакка тагылуучу жасалга, анын да түрдүү өзгөчөлүктөргө ылайык түрлөрү арбын. Сөйкөнүн мааниси да адеп караган кишинин көз кубатын жандыруу алаксытуу болгон. Ал эми кыргызда "Акылдуу аял кулагын көрсөтпөйт" дешет. Аялдын улгайганы кулагынын артынан билинет экен. Андагы бырышты көздөн жазгыруу максатында да аялдар сөйкө салынган болууга мүмкүн.

© Sputnik / Табылды КадырбековАлатамак, модель Асел Кудайбергенова
Кыргызские национальные виды украшений - Sputnik Кыргызстан
Алатамак, модель Асел Кудайбергенова

Алатамак – өспүрүм кыздардын жасалгасы. Моюну ак куунукундай койкоюп өссүн деген максатта тагылып, анын көрүнүшү да көркөм болгон.

© Sputnik / Табылды КадырбековМончок, шуру, бой тумар, модель Мира Керималиева
Кыргызские национальные виды украшений - Sputnik Кыргызстан
Мончок, шуру, бой тумар, модель Мира Керималиева

Мончок, шуру, бой тумар – булардын милдети бирдей болуп, бирок бой тумардын касиети баарынан күчтүү болгон. Анткени ал күмүштөн жасалып, чоң көкүрөк калканы болгон.

© Sputnik / Табылды КадырбековБилерик, модель Асел Кайнарбек кызы
Кыргызские национальные виды украшений - Sputnik Кыргызстан
Билерик, модель Асел Кайнарбек кызы

Билерик – келиндердин, аялдардын колунун билегине салынып, аяк сунганда түрүлгөн жеңден көрүнгөн билек аркылуу дене бойду туура эмес ойдон, көздөн сактаган.

Күмүш зер буюмдардын мааниси

Негизи эле тагылган кооздук буюмдардын бардыгы кишинин көзү адеп уруна турган, биринчи түшө турган жерлерге тагылып, аялзатына бекем коргоочу чеп милдетин ишеничтүү аткарган.

Кыргыз аялдардын кооздук буюмдарынын көбүнесе күмүштөн жасалгандыгынын сыры, мааниси күмүштүн аялдын сулуулук, назиктик касиетин арттыргандыгында жатат. Андан башка күмүш – суук көздү артыкча назарды бойго жуутпай калкалап турган бекем күчкө ээ. Эң негизгисин айта турган болсок, күмүш тагынган аялдын оюндагы сары-санаасын, боюндагы илдетин, дилиндеги кайгы-капасын өзүнө сиңирет деп ишенишкен. Чындыгында да күмүш адамдын ичиндеги дартын алып, ошонун натыйжасында карарып кетээри илимде далилденген.

Күмүш буюм эмнеге керек?

Проект 100 жана 1 элечектен айым (100 и 1 женщина в элечеке) - Sputnik Кыргызстан
Сулууларга суктанууга акым бар. Ажарлуу, жылдыздуу ак элечекчен айымдар
Күмүш — ак сүйүүнүн, ак тилектин белгиси эле. Анткени байыртан сөйкө салып, кыз кудалаганда кыздын кайны сөзсүз күмүштөн сөйкө салышкан. Кызын узатаарда энеси чачына чачпак жасатып, кырк өрүмү жанып, кош өрүлгөн чачка чачпак тагылып, кайын-журтка узаган, келин атанган. Өзү салынган сөйкөсүн ырымдап, келинине каткан, ал кымбат буюм ак жолтой болуп, муундан-муунга уланган. Ал эми келин чачпагын да же кызына же келинине таберик буюм катары табыштаган. Кайынга аттанаар кыздын жүгөн, үзөңгүсүнөн тартып камчысына чейинки бардык ат жасалгасы да күмүш менен кооздолуп, же күмүш чабылып жасалып, бул барган келиндин актыгын, тазалыгын билдирген ырым болгон.

Күмүш сулуулуктун да белгиси деп саналган. Ошондуктан, кичинекей кезинен тартып ата-эне кызына күмүш чөйчөктө тунган суу берип, күмүштүн сулуулугун алсын деп тилек кылган. Күмүш кашык, күмүш табак колдонуу да ошондон улам келип чыккан. Ал эми эркек балага күмүш идиштен тамак берүү тунук акылды берет деп ишенишкен.

Зер буюмдар жалаң гана сулуулуктун белгиси же кооздук эле эмес, байлыктын, мол ырыскынын энергетикасын уютуп туруучу күчкө ээ. Ошондуктан очокто казан кармап, ырыскыны сактаган, жоктон бар кылган аялдын алтын менен күмүш аралашкан зер буюмдарында куту сакталып, касиети кармалып турат.

Сүрөттөрдөгү салттуу кийимдер жана кооздуктар "Миң кыял" коомдук фондусунун "Кийиз дүйнө — көчмөн руху" долбооруна тиешелүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0