Мен калың төлөөдөн баш тартам! Шаарда өскөн бойдок жигиттин "бунту"

© Sputnik / Табылды КадырбековАкча жана шакек кармаган бала. Архив
Акча жана шакек кармаган бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ар бир эле эркек үчүн үй-бүлө куруу жашоодогу олуттуу, маанилүү максаттардын бири. Биздин колумнист, бойдок жигит Бакыт Толканов калың берүү жөрөлгөсүнүн терс жактарын тизмектеп, аны эки жаштын бактысына тоскоолдук жаратуучу түшүнүк катары сыпаттады.

"Эки ящик арак, бир тирүү кой, анан бышырылган бир койдун эти, коробкалаган таттуу-тарапа, баланча миң акча". Бул менин жакын тууганымдын келинчеги үчүн берген калыңы. Мынча каражатка байкуш тууганым бир жыл курулушта жумушчу болуп иштеп, ичкен-жегенин үнөмдөп атып араң жетти. Ушинтип үйлөндү.

Менин "калың-палыңы жок эле үйлөнөм" дегениме туугандарым баланын сөзү да дегенсип жооп да беришчү эмес. Албетте, мен реалистмин, азыркы айткандарыма "тууганың азамат экен, калың төлөйм деп иштеп, акча чогултуптур, сен эмне эле каяктагыны айтып башты оорутуп атасың" дегендер четтен чыгарын билем. Ошон үчүн далил менен сүйлөп, каршы чыкчулардан озунуп алардын суроолоруна жооп берүүнү эп көрдүм.

Бул илгертен келе жаткан салт

Биздин ата-бабалар кашык, вилка деген эмне экенин билбей, 12 саат бою тирмийип соцтармакта отурчу эмес. Каада-салт дегендердин деле тамакты колу менен жеп IPhone телефонун ыргытып ийгенин көргөн жокмун.

Кылымдарды карытып келе жаткандан кийин керек да

Жаш жубайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда баш кошкондорго караганда ажырашкандар көбөйдү
Адамдардын арак ичип, сөгүнүп-сагынганына деле оголе көп болду. Бирок булардын зарылдыгы тууралуу айтууга ооз барбайт. Негизи, калың башында кыздын уруусуна берилчү. Бул жумушчу колдун азайышына жана өзү менен ала кеткен анча-мынча оокатынын ордуна көңүл сооротуу үчүн берилип келген. Уруулук түзүлүш деген азыр жок.

Калың төлөбөй туруп сеп алгың келеби?!

Ой жок, ой! Калың да, сеп да бир эле нерсе. Бир кыстырма. Сеп — бул ата-эненин, өзгөчө кайнененин каалоосу, табити менен алынган буюм-тайым. Сандык, жууркан-төшөк, жыгач-ташты көбүнчө кыздын энеси тандайт эмеспи. Бирок аялым экөөбүз бөлөк жашайбыз да, демек мен үй-жайымды өзүм каалагандай, өзүмө жаккандай кылып жасалгалап алгым келет. Баса, сандык негизинен керектүү эле оокат экен, бала кезде жашынмак ойноп аябай жыргачубуз. Өзгөчө чоңойгондо колдошуп көтөрүп баратып, үчүнчү менен төртүнчү кабаттын ортосунда калганда "бир жыргадым" дейсиз…

Калың бербесең кыздын туугандары сени сыйлабай калат

Демек күндө келе берип тажатпайт. Тамаша. Чынын айтсам, кайын журтума болочоктогу жубайыма болгон жылуу-жумшак мамилем, эч нерседен кем кылбай бакканым баалуураак болуш керек.

Что входит в приданое кыргызской невесты - Sputnik Кыргызстан
Кызга сеп: кашыктан шырдакка чейин
Ушунча да сараңсыңбы?

Эгер адамдын берешендиги калың менен эсептелсе, анда ооба, сараңмын. Калыңга берчү акчага үй, машина сатып алсаң болот да. Очойто калың берип туруп кызды алакандай батирге жетелеп баруу — мен үчүн намыс.

Эми калыңдын терс жактарына токтолоюн.

Калыңдын баасы

Берчү акчанын көлөмү көп нерседен көз каранды: жигиттин материалдык абалы, кыздын ата-энесинин алкымы, анан албетте, жаштардын сүйүүсүнө жараша сумма айтылат. Өкүм сүргөн 70 миңден 180 миңге чейин орточо баа бар. Мында эң аз калың Ысык-Көл (70-100 миң) менен Чүй (80-100 миң) облустарында экен. Ал эми таластык кызга 160-180 миң сомдон аз акча менен баш да бага албайт экенсиң. Эми бул акчаларды 14 миң сомду түзгөн орточо айлык менен салыштырып көрөлү…

Кыздык белгинин соодасы

Калыңдын наркы көп нерседен, кээде таптакыр акылга сыйбас нерседен да көз каранды болот экен. Бир курбу кызыма жеңелеринин бири кайын сиңдисинин "кыздыгы" өзүнчө баа болуп, калың баасынын жогорулашына таасир тийгизиши керектинин айтыптыр. Ал окуянын аягы эмне менен бүткөнү, тилекке каршы, мага сыр боюнча калды.

Үйлөнүүгө кедергисин тийгизет

Празднование золотой свадьбы в семье алтайских казахов Дюсенби и Марии Кобдобаевых - Sputnik Кыргызстан
Калың каадасы: Кытай, Түркиядагы кыргыз кыздарынын "баасы" канча
Бир досум сүйлөшкөн кызы менен жакында үйлөнө турганын айтып жүрчү. Өзү орто оокаттуу үй-бүлөдөн, тапкан-ташыганын той өткөрүп, бирок калың бербей турганын айтып сүйлөшүптүр. Той жейт экенбиз деп жүрсөк эле, үйлөнбөй калганын айтты. Көрсө, кыздын ата-энеси болбой эле калың сурап туруп алган экен. Натыйжада бала да, кыз да азыр жалгыз жүрөт. Демек, мындан бала эле эмес, кыз да жабыр тартты. Үй-бүлө эркекке эле эмес, аял кишиге да керек го, акыры.

Жубайыңа мамилени өзгөртөт

Менин баамымда, нике — эки тең укуктуу адамдын жашоосу. Бирок акча төлөп алып келген кызга жакшы мамиле жасоо мен үчүн кыйыныраак. Сиз, мисалы, компьютерди анын бир топ акылдуу экенине карабай өзүңүзгө тең көрбөйсүз да, туурабы?

Сөзүмдүн акырында "Адам бактылуу болуу үчүн жаралган" деген кепти келтиргим келет.

Азыр "автордун пикири редакциянын көз карашына дал келбеши мүмкүн" деп жазылат. Макаланы окуган кесиптештеримдин ызы-чуусу бул сөздүн калети жок экенин ырастады.

Автордун пикири редакциянын көз карашы менен дал келбеши мүмкүн

Жаңылыктар түрмөгү
0