Биз билген жана билбеген Нооруз

Жазылуу
Нооруз тууралуу мындан 400 жыл эмес, 4 000 миң жыл мурда эле айтылган экен.

Биздин колумнист Абдыкерим Муратов улустун бул улуу күнү бери дегенде эле ар кыл 15 элде майрамдаларын, анын келип чыгышы, себептери, абдан кызыктуу аталыштары тууралуу кеңири баяндап берет.

Празднование Нооруза соотечественниками в Бельгии - Sputnik Кыргызстан
Чет өлкөдөгү кыргыздар Ноорузду кандай майрамдашты. Англиядан Сахалинге чейин
Биз, азыркы кыргыздардын арасында бир тобубуз, Нооруз тууралуу туура эмес маалымат таратып жүрөбүз: анын биринчиси – Нооруз мусулмандардын майрамы дегенибиз, буга жергебиздеги башка диндегилер да ишенип алган, чынында андай эмес, мусулман дини эң жаш дин, анын пайда болгонуна он төрт кылым гана болду, ал эми Нооруз тууралуу маалыматтар мындан 4000 жыл илгери эле айтыла баштаган, анан калса Нооруздун салттарында ислам шариятына ылайык келбеген учурлар кездешет (отко сыйынуу; оттон аттоо); экинчиси – Ноорузду кыргыздын Жаңы жылы деп алганыбыз да туура эмес, а Эне-Сай доорунан тартып эле жазма булактарда кыргыздын жыл башы – Жалган куран, азыркыча айтканда, февралдын орто ченинен башталат, эч убакта байыркы кыргыздар күн менен түн теңелгенде жыл башы кылган эмес, кайсыл бир доордо андай дей турган болсо, ал Борбор Азиядагы башка элдердин таасиринен улам болгондур. Мына ушул нерселерди ажыратып карашыбыз зарыл.

Нооруздун маани-маңызы башкада

Дал ушул күндөн кара жердин тоңу кетип, жерден тап келген да, жерге сайган көчөт өнүүгө шарт түзүлгөн.

Дал ушул күндөн дайралардагы тоңгон муздар ээрип, суу чулдурап, таш астындагы балыктар чээнден чыккан.

Дал ушул күндөн кыш бою таманын соруп уктаган аюулар узак уйкудан ойгонуп, токой-тоо аралап жөнөгөн.

Дал ушул күндөн жерге көк чыккан.

Дал ушул күндөн дарактар бүчүр байлап, боткоктогон.

Дал ушул күндөн тили каткан канаттууларга " тил чыгып" безенеген.

Дал ушул күндөн жер астындагы курт-кумурскалар жер бетине шашылып, күндүн алгачкы жылымык табына денесин какташкан.

Дал ушул күндөн кардан бошогон жерлерге байчечекей кылайып чыга келген.

Дал ушул күнү табияттын мыйзамы боюнча күн менен түн теңелген да, бул карт ааламда кыш өлүп, бийликке жаз келген.

Дал ушул күнү сууга салган буудай өнүп, көк майса болуп, жаңы жылдын биринчи түшүмүн берген.

Празднование Нооруза на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жаздын деми, кубанычка толгон жүздөр. Бишкектеги Нооруз
Ноорузду Борбор Азиядагы каракалпактар, түркмөндөр, тажиктер, өзбектер, казактар, кыргыздар, Кавказдан азербейжандар, Ооганстан, Иран, Пакистан, Түндүк Индия, Ирак элдик майрам катары салтанатташат.

Төрт миң жылдан бери майрамдалып келе жаткан бул күн жаздын, жаңы мезгилдин башталышы катары эсептелип, табиятка сыйынуу, табияттан жакшы түшүм, ырайымдуу күндөрдү күтүү анын негизги өзгөчөлүгү болот.

Нооруз – адамдын табияттын бир бүртүгү экендигин, табиятсыз адам болбостугун сездирген, адамга ал өзү бул ааламда ким экендигин айтып берген күн.

Нооруз тарыхындагы ошол төрт миң жылдын ичинен биз билгенден совет учурунда гана Ноорузду белгилөөгө каршы чыккан иш-чаралар жүрдү, коммунисттер Түркмөнстанда селкинчектерди бузушкан, Кыргызстанда бешиктер талкаланган, куран окуп бата кылгандарды партиядан чыгарып, кызматтан куушкан.

Ушул тууралуу жакында эле көзү өткөн өзбек акыны Абдылда Ариф мындай саптарын жазды:

Сен бизди кечиргин эй, Ноорузубуз,
Чылпакка толду ал күнү көзүбүз.
Жүзүңө кол көтөрүп жибердик,
Суу кебез тартабыз эми өзүбүз.

Улуу акын жана астроном Омор Хаёом өз окуусунда асманды он эки бөлүккө ажыраткан. Күндүн кут бурчунун хамал (амал) бурчуна өтүүсү анын окуусу боюнча жыл сайын жыйырма биринчи жыйырма экинчи мартта саат он экиде ишке ашат. Ошондо амал келди, жерге амал кирди, амал айы башталды дешип, дыйкандар талаага чыккан, арыктарга суулар толо аккан, жылуу жакка учуп кеткен чабалекей сыяктуу куштар келе баштаган. Демек, бул ааламга жаз бийлик жүргүзүүгө киришкен…

Бир нече күн мурун кыз-келиндер шуудураган, ачык ыраңдуу маталардан көйнөк, кемсел тиктирген, үйлөр, тамаркалар, арыктар, көчөлөр тазаланган, эски акыр-чикирлер өрттөлгөн. Буудай өндүрүлүп, көгөртүлгөн жана ал сүмөлөк кылууга даярдалган.

Нооруз бир нече күндүн майрамы

Празднование Нооруза на центральной площади Оша - Sputnik Кыргызстан
Оштогу Нооруз майрамына 10 миңдей адам катышты
Нооруз – бир эле күндө өтүп болбойт, ал бир нече күнгө же аптага созулат. Бир күнү Гүл сейили болсо, бир күнү Сүмөлөк кайнатуу, дагы бир күнү Көжө аш жасоо, дагы бир күнү Бак тигүү дегендей ырасымдар белгиленүү менен Нооруздун шааниси көтөрүлгөн.

Ноорузда күн чыгарда эл топтолуп, чыгышты карап туруп, күндү тоскон, түштөн кийин күндү узатып, батышка жүрүш кылышкан. Мындай эл топтолгон майрамдар чоң дайралардын боюнда, мейкин жана кооз талааларда, тоолордун жайыктарында өткөн да, ырчы-чоорчулар, акындар, манасчылар, дарбаздар, маскарапоздор, аттарчылар, ашпоздор, дервиштер… катышкан. Жүз, миң адам кошулуп, бир казандан даам таткан. Адамдардын тили, дили жакындашкан, бириккен.

Нооруз күндөрү урушкан тараптар жарашып, а түгүл жылдарга созулган согуштар тынып калган, адамдар бири-бирине боорооруй карап, дарт басып үйүндө жаткандарды көрүүгө барган, кембагал, жетим-сагыр, жесир, кары адамдарга камкордук көрсөткөн, туугандарына зыярат кылган, көрүстөндөргө барып, маркумдарга таазим этишкен. Ал күндөрдө беймаани сүйлөө, беймаани жүрүү токтотулган, адамдар бири-бирине жакшы тилектерин гана арнашкан.

Келин-кыздар каштарына осмо, көздөрүнө сурма коюп, шуру-билериктерин шыңгыратып, астырттан жигиттер тарапка көз агытса, жигиттер болсо түнү отту улуу жагып, анын жалыны пастаганда оттон секирип өткөн, байчечек терип келип, көңүл-ышкысы түшкөн кыздарга тартуу кылган.

Кемпир-кесектер, абышкалар арча, адырашман, чекенде түтөтүп, короо-жайда, балдардын бешигин, мал сарайларды, адамдарды ысырыкташкан (аласташкан).

Жети түрдүү даамдан тамак же шербет жасап, үйлөрүнө мейман чакырып, же мейманга барышкан. Бул күндөрү аялдар жууркан-төшөктөрүн, шырдактарын күүп-күүп, күнгө жайган. Мына ошолордун баарын элдик оозеки чыгармачылык коштоп турган. Улуу муундагылар менен бирге эле балдар да:

Алас-алас,
Ар балээден калас,
Эски жыл кетти,
Жаңы жыл келди.
Айдан аман, жылдан эсен бололу
Жакшылыкты теңирим берсин.
Жарык күндү кеңири берсин.
Орообуз данга толсун,
Оозубуз нанга толсун.

Алас-алас, — дешип ырдашып, эски буюм-теримдерди, күздө түшкөн жалбырактарды өрттөшкөн.

Празднование 25-летия независимости Кыргызстана в Бишкеке на площади Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады
Жакшы ниет менен жазга тилек айтуу, аксакалдардын батасын алуу, кары-картаңдарга, ооруп аткандарды көргөнү баруу – бул күнү баарынын негизги милдети болгон. Ошол процессте алардын мезгил менен мейкиндикти сезе билүү аракети күчөп, жаратылыш менен өздөрү тыгыз биримдикте экендигин сезишкен, былтыркыга караганда өздөрү дагы бир жылга чоңоё түшкөнүн туюшкан.

Улустун улуу күнү байыркы жазмаларда

Нооруз тууралуу маалыматтар кытай жазма эстеликтеринде кездешет, Жусуп Баласагындын "Кут алчу билим" дастанында, Махмуд Кашгаринин атактуу түрк элдеринин алгачкы энциклопедиясы болгон "Диван-ы Лугат-ит Түрк" өздүгүндө бар, Бируни, Низаму Мүлктүн "Саякатнаамасында", Меликшахтын жылнаамасында, Аккойунлу Узун Хасандын мыйзамдарында учурайт. Ошондой эле Сивас өкүмдары Кады Бурханеддин Ахмет, Түркмөн мамлекетинин негиздөөчүсү Шах Исмаил (Хатаи), Осмон империясынын султаны Султан Ахмет I жана Султан Мурат IV сыяктуу өкүмдарлардын, Мустафа Кемал Ататүрктүн, Казаскер Баки Эфенди менен Шейхулислам Яхя сыяктуу дин өкүлдөрүнүн, Кулоглу, Пир Султан Абдал, Кайгусуз Абдал, Шукру Баба, Хусну Баба, Фузули, Неви, Нефи, Хусейин Суад, Намык Кемал сыяктуу акындардын, Фатих доорунун вазирлеринен Ахмед Пашанын, азербайжан акыны Шахриярдын, түркмөн акыны Махтумкулинин Нооруз тууралуу "Наврузийе" же болбосо "Бахарийе" аттуу чыгармалары эл арасына кеңири таралган. Айрыкча, Нооруз тууралуу Сафиуддин Абдулмумин Урмевинин 1224-1294-жылдарга таандык кол жазмаларында айтылат.

Мындан башка да Түркияда Нооруз майрамы – Жылдын сырты, Тогузунчу март, Март бозуму, Султан Нооруз, Күн чыкты, Жаңы күн, Өлүүлөрдүн майрамы, Нооруз деген түрдүү аттары менен белгиленсе, алтайлык түрктөрдө "Жылгаяк" майрамы; Азербайжанда "Новруз", "Эргенекон майрамы", "Бозкурт майрамы", "Өлүүлөр майрамы"; Башкырстанда "Эгин майрамы"; Чыгыш Түркстанда "Жаңы күн", "Баш бахар"; гагауздарда "Алгачкы жаз"; карачай-балкарларда "Гөллү", "Гутан", "Сабан той", "Тегри той"; казактарда "Невруз", "Невруз майрамы""Невруз көжө", "Улус күнү"; кыргыздарда "Нооруз"; кумыктарда "Язбаш"; ногойлордо "Навруз", "Сабан той"; өзбектерде "Невроз"; татарларда "Невруз", түркмөндөрдө "Тезе йыл"; уйгурларда "Йени гүн" деген ат менен аташат.

Бул дата тууралуу түрк мифологиялык түшүнүктөрүндө (түрктөрдүн "Эргенекон" чыгармасында, шаман, кызыр, топурак ата, суу эне, бөрү ж.б. тууралуу мифтеринде) кененирээк орун алган.

Ноорузга арналган азербайжан элдик ырынан үзүндү мындай:

Жубайым турсаңчы
Баштыгың толтурсаңчы
Конокту жолго салсаңчы
Баштыгын толтурсаңчы,
Бергендин уулу болсун
Бербегендин кор кызы.

Мындай Ноорузга тиешелүү эски жана жаңы ырлар бардык түркий элдерде бар.

Фотофакт: самое первое празднование Нооруза в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Фотофакт: Кыргызстанда эң биринчи жолу белгиленген Нооруз майрамы
Түркияда Эртугрул гази II Абдулхамиддин башкарып жаткан дооруна чейин (эски жылнаамага жараша) марттын тогузу, башкача айтканда, Нооруз майрамы майрамдалып келген. Диван адабиятында акындар газель, касийде түрүндө "Неврузийе" наамындагы ырларды жазып, ошол доордун өкүмдарларына жана мамлекеттик ишмерлерге тартуулашкан.

Түрк эл акыны Али Небинин (725-1810) Нооруз тууралуу жазган ырларында мындай саптар кездешет:

Бүгүн тоолор жашыл жамынды,
Султан Нооруз жакшылык алып келдиң.
Куш-канаттуу тил безеп сайрады,
Султан Нооруз жакшылык алып келдиң.

Бүгүн жаздын керимсели,
Нооруз түрктүн майрамы,
Көңүлдөрдүн султаны,
Султан Нооруз жакшылык алып келдиң.

Кетти кыш, келдик жазга,
Али Неби кол ойнотот сазда,
Жинденгендер туш болсун кайгыга,
Султан Нооруз жакшылык алып келдиң.

Ноорузда "Өлбөгөн кулга жаз келди, кудай буйруса эми өлбөйбүз" деп жашоого канимет кылган, жаратканга ыраазы болгон.

Нооруз күнү жарык дүйнөгө келген перзенттерге өзгөчө бир башкача кароо салты өкүм сүргөн. Ал күн төрөлгөндөргө Ноорузбек, Ноорузбай, Жылкелди деген сыяктуу ысымдарды койгон.

Анда, Нооруз майрамыңыз кут болсун!

Жаңылыктар түрмөгү
0