Дарыканада кезекте турган адамдар. Архив

Бахила бизнеси ооруканаларда кантип акча табышат?

1955
(жаңыланган 21:14 24.05.2017)
Бахила сатып алууга мажбурлоо менен медициналык мекемелер 100 миңге чукул каражат табарын көпчүлүк этибарга албаса керек. А бирок, ооруканаларга баш баккандардан акча өндүрүүгө министр тыюу салган. Биздин колумнист жана кабарчыбыз Максат Элебесов бул көрүнүшкө көз жуумп кое албастан, иликтеп чыккан.

Өткөн жылдын аягында, жакын адамдарымдын бири операция болгондо мындай бизнеске күбө болдум. Күнүнө бир нече ирет ооруканага кирип чыгам, ар биринде медайымдар мага бахиланы 5 сомдон сатышат. Кийинчерээк, аларда жок калганын айтып, ошол эле имараттын 2-кабатындагы дарыканадан алышымды өтүнүштү. Ал жакта бахиланын баасы 10 сом экен. "Кирешелүү иш го", — деп койгом. Бирок бир нече айдан кийин буга төмөнкү макалада орун алган фактылардан кийин ынандым.

Сөөмөй сая көрсөтө

Мамлекеттик медициналык мекемелерде бахила сатуу сымал көрүнүштөрдү ар бирибиз байкасак керек. Бирок, дааналап көрсөтүш үчүн так мисалдарды келтирип, сүрөттөрдү сүйлөтөлү.

Фучик көчөсүндөгү шаардык №1 бейтапканада сиздин тааныш бейтап кайсы палатада жатканын гана айтып бербестен, сизге 5 сомдон бахила да сатат.

  • Шаардык №1 клиника. Сүрөттөгү айым өспүрүмдөргө эки түгөй сатып, 10 сом алып жаткан учурунда тартылган.
    Шаардык №1 клиника. Сүрөттөгү айым өспүрүмдөргө эки түгөй сатып, 10 сом алып жаткан учурунда тартылган.
    © Sputnik / Максат Элебесов
  • Энелик жана балалыкты коргоо улуттук борбору. Киши бахиланын түгөйүн 5 сомго сатып алды
    Энелик жана балалыкты коргоо улуттук борбору. Киши бахиланын түгөйүн 5 сомго сатып алды
    © Sputnik / Максат Элебесов
  • Улуттук госпиталь. Эки аял бахиланы 5 сомдон сатып алууда.
    Улуттук госпиталь. Эки аял бахиланы 5 сомдон сатып алууда.
    © Sputnik / Максат Элебесов
  • Урология илимий борбору. Оорукананын кызматкери келгендерге бахиланы 5 сомдон сатууда. Жанында бахила сатылчу автомат да бар.
    Урология илимий борбору. Оорукананын кызматкери келгендерге бахиланы 5 сомдон сатууда. Жанында бахила сатылчу автомат да бар.
    © Sputnik / Максат Элебесов
  • Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илимий-изилдөө институту. Бөлүмгө кириш үчүн бахила кийүүгө тийишсиз.
    Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илимий-изилдөө институту. Бөлүмгө кириш үчүн бахила кийүүгө тийишсиз.
    © Sputnik / Максат Элебесов
1 / 5
© Sputnik / Максат Элебесов
Шаардык №1 клиника. Сүрөттөгү айым өспүрүмдөргө эки түгөй сатып, 10 сом алып жаткан учурунда тартылган.

Ал эми Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда кызматкерлер бахила сатып алмайынча сизди ичке киргизбейт.

Улуттук госпиталда үч бөлүм бар. Кире бериште турган автоматка беш сом салып бахила алса болот. Аталган жайда буга эч ким мажбурлабайт, бирок бөлүмгө киргизилбегендер бахила алыш үчүн кайра чыгышат.

Урология илимий борборунда коммерция бир аз башкача: бахила толтурулган автомат коюлган. Бирок баары анын жанында отурган оорукананын кызматкеринин баштыгынан сатып алышат.

Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илимий-изилдөө институтунда да автомат орнотулган. Коопсуздук кызматкери келгендерден бахила кийүүсүн өтүнөт.

Мамлекеттик медициналык мекемеге баш баккандарга бахила сатууга акысы бар-жогун шаардык №1 оорукананын башкы дарыгери Жусуп Бошкоев түшүндүрүп бере алган жок. Телефон аркылуу сүйлөшкөнүбүздө ал кызматкерлер келгендерди дарыканадан бахила сатып алышын суранарын айтты. Бирок "Кызматкер бул ишти өзү билеби?" – деген сурообузга сүйлөшө албастыгын шылтоолоп, жооп берген жок.

Мындан кийин бардык медициналык мекемелердин жетекчилеринен бул боюнча сураштын маанисин көрө алган жокмун.

Бахиладан канча табышат?

Албетте, эч бир кызматкер бейтааныш бирөөгө өзү же жетекчиси медициналык өндүрүмдөн канча табышарын айтып бере койбойт. Ошол себептен, сатып алуучу кейпин кийип бахиланы дүңүнөн саткан адамга кайрылдым. Ал түгөйүн 1,5 сомдон сатат. Эгер беш миң түгөй ала турган болсоңуз, 10 тыйын түшүрүп берет.

  • Ооруканалардын кызматкерлери менен сүйлөшүү кыйынбы? Аракет кылдыңыз беле?
  • Мурда ошентип иштечүмүн, адатта кире бериштеги медайымдар менден алып сатышчу. Бирок, азыр аларга жетекчиликтери тыюу салгандай. Бул кирешелүү иш, ошондуктан, жетекчилик да буга киришкендей.
  • Күнүнө орточо канча бахила сатылат?
  • И.Ахунбаев атындагы Улуттук госпиталь алчу. Азыр ал жакта үч хирургиялык бөлүмгө бир кириш бар. Босогосунда медайымдар турат. Күнүнө алар менден миң даана сатып алышат.

Бейтаптарды көрүүгө күнүгө уруксат берилет, ошондо бир айда 150 миң сомго бахила сатууга болот. Эгер "товардын" наркын (45 миң) эске алсак, таза киреше 105 миң сомду түзөт.

Саламаттык сактоо министринин пикири

Ооруканаларда бахила сатууга тыюу салынганын Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев телефон аркылуу сүйлөшкөнүбүздө билдирди. Бирок ооруканалар келгендердин баарын бекер бахила менен камсыз кыла албастыгын, буга каражат каралбаганын айтат.

"Бахила өз наркында сатылышы керек, андан пайда табууга жол берилбейт. Бирок, ага кандайдыр бир чара көрүү үчүн расмий тастыктоо керек. Кол коюлган так бир арыз болушу зарыл", — дейт министр.

Анын айтымында, кыргызстандыктардын бири бахила сатып алууда кызыл кулактыкка туш келсе, ал медициналык жайдын жетекчисинин үстүнөн министрдин атына арыз жаза алат. Министрлик ооруканаларга келгендерден акча өндүрүүгө жол бербөөгө болгон аракетин жумшайт.

Мыйзам буга эмне дейт?

Бахила сатууга мыйзам түздөн-түз тыюу салбайт. Бирок оорукананын оозундагы коммерция Конституцияга каршы келет. Башкы мыйзамдын 47-беренесинде мындай айтылат: "Мамлекет ар бир адамды медициналык жактан тейлөө үчүн шарт түзөт жана саламаттыкты сактоонун мамлекеттик, муниципалдык жана жеке секторлорун өнүктүрүү боюнча чараларды көрөт".

Балким, бул макала Жогорку Кеңешти же Саламаттык сактоо министрлигин чара көрүүгө – калкты тейлөө шарттарын өзгөртүүгө чакырык болор. Себеби, акысыз медицина кире бериштеги кызыл кулактыктан башталбоого тийиш эмеспи.

1955
Белгилер:
бахила, дарыкана, дарыгерлер, айлык-акы, акча, Кыргызстан
Тема боюнча
Үй-бүлөлүк медициналык борбордун башчылары казынаны 9 млн. сомго чыгаша кылды
Батыралиев: медицина тармагынын тамтыгы чыккан, аны дароо жакшырта албайбыз
Тойго бараткан колукту. Архивдик сүрөт

Жашырынып тойлогон "генийлер" жана акылга сыйгыс ушактар. Пандемиядан алган сабак

1660
(жаңыланган 18:31 20.09.2020)
Ааламды алаамат каптап алапайыбызды таппай жатканда да коомдо адамдын кыжырын келтирген окуялар болуп турду. Колумнистибиз Шабдан Абылгазы уулу кайсы жагдайга жини келгенин санап чыкты.

Дүйнөнү коронавирус каптап, ал илдет көп өтпөй биздин өлкөгө дагы кирип келди. Мындай апаатка өлкөбүздөгү дээрлик бардык тармак даяр эмес болуп чыкты. Экономика, медицина, билим берүү, туризм жана башка тармактын баары вирустун айынан келген кыйын күндөргө туруштук бере албай калды. Өзгөчө Кыргызстанда "казанда эмне болсо, чөмүчкө ошол чыгат" дегендей эле болду. Бардык жааттагы кемчиликтерди коронавирус көзгө сайып көрсөтүп жатты. Акыркы убактарда оору жуктургандардын саны азайып үмүттүн шооласын жандырганы менен адистер бул вирустун экинчи толкуну боло турганын боолголошууда. Мындан улам биринчи толкунда кандай сабактарды алдык, кайсы кемчиликтерибизди моюндап, аны жок кылууга аракет кылышыбыз керек деген мыйзам ченемдүү суроо келип чыгууда.

Пандемияда оорудан мурда ойдон чыгарылган кептер кууратты

"Дүйнөдө коронавирус аныкталууда" деген күндөн баштап, ар кандай ушактардын, божомолдордун арты тыйылбай келүүдө. Алар "бул атайын уюштурулган өнөктүк" дегенден башталып "биологиялык согушка" келип такалат. Албетте, мындай ой жүгүртүүгө кандайдыр бир себептер болгон чыгар. Ал эми такыр эле абсурд делген коомдогу аңыз кептерге саресеп сала турган болсок, таң калып эле отуруп каласың. Алардын айрымдары логикага дагы сыйбайт. Адегенде эле социалдык тармактар аркылуу "5G түйүнү коронавирусту күчөтөт экен", "дезинфекциялоо өпкөнүн кагынуусуна алып келет экен", "вертолет менен дары чачат экен, ал оорунун көбөйүшүнө алып келет" деген сыяктуу ушактар тарап, адистер, расмий органдар жалганга чыгарууга жетишпей жатты. Булардын ичинен "оору жок, бул жөн гана бийликтин оюну" деген таризде айтылган кепке ишенгендердин көбү санитардык талаптарды аткарбай, натыйжада илдет тез жайылып, канчалаган адам бул дүйнө менен кош айтышты.

Азыркы азалуу Ата Журт, эртеңки айт... Бул күндөрдүн артында улуу жакшылыктар бар

Буларды абсурд деп четке кагуунун деле себеби бар. Маселен "5G түйүнү коронавирусту күчөтөт" деген кеп логикага деле сыйбайт. Анткени коронавирус илдети бай, кедей, мусулман, мусулман эмес дебестен бардык өлкөнү каптады. Мындай жагдайда адамдын ден соолугуна зыян келтире турган түйүндүн ишке берилиши мүмкүн эмес. Мындан тышкары, өлкөнүн масштабында алсак, аталган түйүн Кытайдын айрым аймактарында гана иштеп баштаганы маалымат булактарында жазылууда. Ал эми Кыргызстандын технологиялык, экономикалык өнүгүүсүн эске алсак, дүйнөгө тарай элек түйүн алгач бизде орнотулуп калса кызык эле болмок.

"Вертолет менен дары чачат экен" деген аңыз кепке коментарий деле бербей койсок болот эле. Көптөрдү ынандырууга аракет кылгандар башка планетадан келгенби деп кетесиң. Себеби мындан бир канча убакыт мурда чет жактан келген туристтер тоо башында калып кетип, аны куткарууга вертолет таба албай карайлаганбыз. Анан кайдагы өлкөнү кыдырып дары чача турган тик учак табыла калат? "Өзү өлкөдө канча вертолет бар" деген суроо салып көрсөк эле бул кептин калпы чыгып калып жатпайбы.

Аза күтүү "аралыктан" жасалып, тойлордо топурагандар...

Карантин бүтүп, оору азайып медиктердин көзөмөлүнө алына баштаган учурда Нарын облусунун райондорунун бирине барып калдым. Бардык жердегидей эле вирустун таасири жана кесепеттери тууралуу кеп салып отурдук. Биз барган айылда жана аларга коңшу айылда коронавирустан үч-төрт адам каза болуптур.

Караңгы түндүн артында жаркырап тийчү күн бар... Өмүр-өлүм ортосу

"Башында кичине барып, кол-кабыш кылып, көз көрсөтүп жатканбыз. Анан оору күчөп жатканда ылдыйкы айылдан бирөө каза болуп калды. Баралы десек, медиктер телевизордон барбагыла деп үгүттөшөт. Жуктургандардын саны күн санап өсүп жатат. Аз эле адам барган. Ошондо каза болгон адамдын жакын тууганы "кошуналары келе беришпейби, эмне оорудан коркуп жатышабы" деп нааразы болуп ыйлап жаткан. Кийин ошол киши өзү вирус жугузуп алып кайтыш болуп калды. Анын жаназасына эч ким деле барган жок. Доктурлар эле жерге берди. Башында айылдагылар кантип ошондой болсун деп жатышкан. Кийин баары эле түшүнүп калды", – деди бир айылдашы.

Негизи маркумду жерге берүүнүн өз зыйнаты болот. Жакындары, туугандары чогулуп жоктоп, аза күтүлөт. Бирок "өлгөндүн артынан өлмөй жок" деп тегин жерден айтылбаса керек. Андыктан айылдарда абалды түшүнүү менен кабыл алып, аза күтүүнү да "аралыктан" жүргүзүп калышыптыр. Бул күндөр дагы өтөр.

Сөзүбүздү куру какшык менен улайлы. Антпесек, "акыл айтып жатат" деген токонаалатка калабыз. Жашырганда эмне, арабызда "генийлер" толтура жашап жүрүптүр. Мамлекеттик органдар жарандарга жөнү жок үйдөн чыкпоосун улам-улам эскертип, медиктер топтолууга тыюу салып, коомдук жайлар иштебей турганда да жолун таап, топуратып той бергендер болду. Кантип ыңгайын тапты? Ким билсин...

Бизге позитив керек! Жашоону оң нукка бура турган 8 кадам

Тойго жарашыктуу кийинип алып, жаркылдаган унаа менен барып, ал жерден 200-500 адам топтолуп, айрымдары мас болуп алып шоктонуп, кубалашып тилдешип, кучакташып бийлешип... Анан ушунун баарын коомго да, тийиштүү органдарга байкатпай "жашыруун" жасаган адамдарды "гений" дебегенде ким дейбиз? Социалдык тармактарда анча-мынча адамдардын тойдогу сүрөттөрү карантин убакта да чыга калып турду...

Негизи пандемия бир топ эле жүрөктүн үшүн алып койду. Оорунун күчү бир аз басаңдап баратты эле, жаңы статистика вирус илештирип алгандардын саны көбөйүп жатканын көрсөтүүдө. Экинчи толкун болот деп боолголоп, күн суук тартып сасык тумоо менен кошулуп айлабызды алты кетирет деп жатышат. Жакшы эле сабак алгыдай болдук, дүрбөлөңгө түшпөйлүчү. Сактаналы, дарыгерлердин айткан-дегенин аткарып, жардам берели. Өзүбүздү өзүбүз аяйлычы...

1660
Белгилер:
ушак, айыл, той, карантин, коронавирус
Тема боюнча
Түндүн миссиясын билесизби? Өзгөчө абалдын пайдасы
Адамдан эс алган табият. Карантин кыялды чындыкка айландырганда
Кишилер шайлоо участкасында. Архив

Шайлоодон кийин депутаттар кантип "жыргашат". Келечек үчүн элде эки тандоо бар

981
(жаңыланган 16:15 15.09.2020)
Саясий жарышка аттанган 16 партиядан 1 952 талапкер депутаттыкты арзып турган чагы. Эмне үчүн мандатты мелжегендер көп? Кыргызстанда парламенттин укуругу канчалык узун да, депутаттын таасири кандай? Учурда эл эки тандоонун ортосунда калды.

Журналист Эламан Карымшаков шайлоонун шарапаты кызып турган маалда эл эске алчу эки нерсени айткысы келген.

Аз күндөн кийин парламенттик шайлоо өтөт. Бул күнү биз жөн гана добуш бербейбиз, келечегибизди тандайбыз, колубуздагы бийликти бирөөгө ишенип тапшырабыз. Буга өзүбүзгө жар тандап жаткандай эле мамиле кылуу зарыл деп эсептейм. Себеби шайлоодон кийин депутаттарга беш жыл, алар түзгөн системага бери жагы 10 жыл чыдашыбыз керек. Бизди эр кылган да, кара жер кылган да ушулар болот.

Парламент кандай укукка ээ?

Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзам чыгарып эле отурат деп ойлогон жоксузбу? Эгер андай десеңиз мандат мынчалык талаш болмок эмес. Мандаттын жыргалчылыгы башкада...

Шайлоодон уткан депутаттар жаңы өкмөттү бекитет. Ал үчүн ар бир партияга квота берилет, мисалы, менин партиям сунуштаган адам айыл чарба министри кызматына, сиздин партияңыздыкы Бажынын башчылыгына дайындалат. Ошентип өкмөттүн курамын түзүп, премьер-министрди дайындашат. Ошол өкмөт анан өлкөнүн тагдырын чечет. Ниети түз болсо өргө тартат, болбосо "өгүз өлбө, араба сынба" принциби менен эптеп иштейт.

Карыз жөнүндө көп кеп кылабыз. Өкмөт чет өлкөдөн насыя алып жатканда бир тыйынына чейин парламент менен макулдашат. Депутаттар карыз кандай максатта алынып, качан төлөнөрүн билген соң ратификациялайт.

Мындан сырткары, партиялар Борбордук шайлоо комиссиясы, Жогорку сот, Конституциялык палата сыяктуу органдарга өзүнүн адамдарын коё алат.

Байыркы бабам кандай эле?.. Эл энчисиндеги эгемендик тууралуу эки ооз сөз

Парламенттин күчүн ушундан байкасаңыз болот, жада калса бир дагы министр депутаттардын макулдугусуз кызматка отура албайт. Жыл сайын өкмөт аткарган иши тууралуу отчёт берет. Эгер аны парламент жактырбай койсо отставкага кетет. Сапар Исаковду дал ушундай жол менен ээрден алып түшүшкөн. Эсеп палатасы менен Улуттук банк дагы парламентке баш иет.

Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшү — парламенттик-президенттик башкаруу. Демек, сиз шайлаган депутаттардын ичинен бирөөсү төрагалыкка шайланат да, президенттен кийинки эле өлкөнүн экинчи адамы болуп калат.

Кыскасын айтканда, бизде парламенттин ролу абдан чоң, кыбыр эткендин баары депутаттар аркылуу чечилет. Азыр сиздин колуңузда опол тоодой бийлик турганын түшүнүп жатасызбы? Ал каалайсызбы-каалабайсызбы 4-октябрдан кийин күчүн жоготот. Мен сизди максаттуу пайдаланууга чакырам.

Сизде эки тандоо бар

Биринчи тандоо:

VI чакырылыштын 100дөн ашуун депутаты кайра мандат алууга ашыгып жатат. Арасында буга чейин эки-үч жолу депутат болгондору бар. Кээ бирлери канча жыл иштесе да жыйынтык көрсөтүүгө жарабаган, галстугу бар, бирок калыстыгы жок оомо депутат катары эсте калды. "Башкасына баш оорутпайм, бизнесимди гүлдөтсөм болду" деп келе жаткандар да бар. Болбосо бир мандат үчүн 500 миң долларды (39,4 миллион сом) ким эле садага чапсын.

Талапкерлердин ооз көптүрүп айткан убадаларын угуп жатканда баскан жолуна да көз чаптырып коюңуз. Баарына көз жумуп, кайра эле ушулар бийликке келишин каалап турсаңыз, биринчи тандоо сиздики болот.

Ошол учурда сизге бир нерсени эскерте кетейин...

Кайсы партияда жогорку билимдүү талапкерлер көбүрөөк? Рейтинг

Парламент өлкө тагдырын ишенип тапшырган өкмөттүн дараметин пандемия башталганда көрдүк. Бюджетте кошумча акча жок, карыз менен жан баккан мамлекет экенибизди түшүндүк.

Июлдагы апаатта саламаттык сактоо системасынын таш-талканы чыкканын жоон терибиз менен сездик. Чекеден кырылып калабызбы деген коркунуч жаралбады беле. Миңден ашуун үй-бүлө жер кучактап отуруп калганын унуткан жоксузбу? Адистер өз убагында медицина тармагына көңүл бурулбаганын айтышууда. Мунун кесепетинен учурда замандаштарыбыз мээрим төккөн энесинен, таянар тоо болчу атасынан, боор тарткан бир тууганынан, чырактай уул-кызынан жана бир жаздыкка башын жөлөгөн жубайынан ажырап, кан жутуп отурушат.

Экинчи тандоо:

Өлкөгө азыр тайманбас, курч, реформатор, сабаттуу жана саясий эрки бар адамдар керек. Агымга каршы сүзө алгандарды тандоо да сиздин эркиңиз. Жаңыланууга карай кадам таштасак, жаркын жашоону кура алабыз.

Мени күйдүргөнү, элдин жашоосун жакшыртууга жарабагандар, калктын жакырчылыгынан пайдаланып колундагы бийлигин 2000 сом менен сатып алууга аракет кылууда. Муну элди шылдыңдоо катары сыпаттайт элем.

Кээ бирлери карантин маалында тараткан жардамын бетине кармап, үгүт ишин аткарууда. Анысына рахмат, бирок билип коюңуздар, биз кайрымдуулук фондунун директорун эмес, мамлекеттин тагдырын чече турган адамдарды шайлап жатабыз.

"Өзүбүздүн бала" деген түшүнүктөн арылып, айылга эки машина шагыл төгүп бергендерге алданбай, "тууганым суранды эле" дегенди жыйыштырып, өз эркибиз менен тандоо жасайлы.

Кайсы партия жаштарды көбүрөөк чогултту? Жаш курак боюнча инфографика

Эч качан кайдыгер болбоңуз, шайлоого барып, колуңуздагы бийликти ишенимдүү адамга тапшырып бериңиз. Ошондо андан талап кыла аласыз. Азыр эч кимге добуш бербей койсоңуз, кийин бийликке нааразы болууга моралдык укугуңуз жок.

Адам сатып алган буюмун каалагандай колдонорун билесиз. Ошол сыңары эле добушуңузду сатып алгандан кийин өз билгениндей бийлик жүргүзөт. Андыктан ойгонуп, активдүүлүктү көрсөтүүгө убакыт келди.

"Элине жараша бийлиги" дейт, мен сиздерге аябай ишенип, үмүт артып турам. Бир күндүк оокат менен эмес, келечек үчүн күйөлүчү!

P.S: Мен эч бир партиянын курамында жокмун. Жөнөкөй жаран жана журналист катары пикиримди жазууну чечтим.

Автордун пикири редакциянын көз карашы менен дал келбей калышы мүмкүн.

981
Белгилер:
келечек, укук, парламент, депутат, тандоо, үгүт, шайлоо
Тема:
Шайлоо-2020
Тема боюнча
Бир эле телеканалга 3 млн. сом берип... Партиялар акчасын кайда чачып жатат
Катарында жумушу жок талапкерлер басымдуулук кылган партиялар. Инфографика
Кайсы учурда депутат мандат ала албай калат. Маалымдама
Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) россиялык чемпион Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Жастин Гэтжинин көз караштар таймашы

Гэтжи менен Нурмагомедов көз караштар таймашын өткөрдү. Видео

0
(жаңыланган 23:08 21.10.2020)
Нурмагомедов менен Гэтжинин чемпиондук наам үчүн кармашы саналуу күндөрдөн кийин Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" аренасында болот.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) россиялык чемпион Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Жастин Гэтжинин көз караштар таймашынын видеосун жарыялады.

Бүгүн, 21-октябрда, мушкерлер маалымат жыйын өткөрүп, андан кийин салтка айлангандай бетме-бет жолугушту. Атлеттер бири-бирине сес көрсөтпөй, сый менен тике карашкан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Промоутерлик компания жүктөгөн экинчи видеодон Гэтжи утурумдук чемпион болгондогу бел курун тагынбай койгонун көрүүгө болот. Аны башында көтөрө келген. Ал эми чыныгы чемпион атыккан Нурмагомедов курун кармап кадрга түшкөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Нурмагомедов менен Гэтжинин чемпиондук наам үчүн кармашы 24-октябрда UFC 254 турниринин алкагында Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" аренасында болмокчу. Россиялык мушкер бел курун сактап калганга жан үрөйт.

0
Белгилер:
таймаш, видео, Жастин Гэтжи, Хабиб Нурмагомедов, UFC
Тема боюнча
Уайт: Нурмагомедов — Гэтжи беттеши UFC тарыхындагы эң ири таймаш болот