Баатыр деген ким? Кыргыздагы баатыр түшүнүгү

Жазылуу
Колумнист Шаакан Токтогул баатыр деген түшүнүк эл арасында мурдатан жашаса да ар кимге ыйгарыла берип баркы кетти деген ойдо. Мындан улам бул түшүнүккө аныктама берүүгө аракет жасап көрдү..

Баатыр деген ким?

Бул жеке кызыкчылыктарды жеңип, элдин эркиндигине, байгер жашоосуна, тынччылыгына кам көрүп, бардык күч аракетин ошого жумшаган кишиге гана статус катары эл тарабынан берилет. Демек, баатыр элдин бактысына жаралып, тынчтыгы үчүн күрөшкөн, таалайын жеңип берген же жеңгенге аракет жасаган киши.

Баатырды коштогон сапаттар

Намыскөйлүк ичтеги баатырдык отту ойготкон сапат. Чыныгы баатыр эң биринчи элдик намысты, андан кийин жеке намысты катуу сактаган. Ошондуктан эл алдында чыккынчылыкка барган эмес, байлыкка же бийликке көптүн кызыкчылыгын саткан эмес. "Коёнду камыш, жигитти намыс өлтүрөт" деп ошондон улам айтылган.

Көк-бөрү оюнчусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Камчынын орду, касиети, мааниси, сыры...
Кубаттуулук жигиттин ички дараметин, кубатын сыртына чыгарган, алышса адамдын алы жетпес, арстан тиши өтпөс даражага сүрөгөн. Кишинин ички кубаты толук болбосо кыйынчылыктарга туруштук бере албайт, тоскоолдуктар менен күрөшө албайт. Айрым учурда акыл менен эмес, күч менен да маселе чечилген жагдайлар арбын.

Чыдамкайлык — баатырдын башкалардан артык сапаты. Анткени, ал көптүн үмүтү, анын жеңилүүгө, алсыз болууга акысы жок. Эл үчүн эмгекке аттанган баатырлар ысык-суукка кайыкпай, оор түйшүккө камыкпай, жокчулукка мүңкүрөбөй чыдамдуулугу менен баатырдыкка жеткен.

Сыпайылык, ак сөөктүк — баатырдыктын негизги касиети. Ак сөөк киши гана жеке кызыкчылыктан элдикин жогору кое алат. Ак сөөк гана байлык, бийликтин артынан пастыкка барбайт. "Чымчып жеген тамакка пайда" дешет кыргызда. "Айтканды ар ким билет, ымдаганды билгенди айт" дешет. Табиятында ак сөөктүгү бар киши — ал сезимтал, ал сыпайы киши. Башканын кайгысын, көптүн түйшүгүн баатырлар сезимталдыгы менен аңдап, сыпайылыгы менен коомчулукка үлгү болгон.

Калыстык болбосо баатыр болуп атаныш кыйын. Эрден эрдин неси артык, калыс айткан кеби артык. Калыстыгынан жанбаган баатыр ар убак бийик бааланган.

Культурные мероприятия в рамках Всемирных игр кочевников на джайлоо Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Ууру жигиттин башы алынып атасынын мойнуна илинген. Каада-салт тууралуу маек
Кайраттуулук — баатырдыктын түйшүгүн көтөрө ала турган негизги сапат. "Байлыгыңды жоготконуң эч нерсе жоготконуң, намысыңды жоготконуң көп нерсе жоготконуң, кайратыңды жоготконуң бардыгын жоготконуң" деген кеп бар. Баатырдык жолу катаал болгондуктан түмөн түйшүк башка келет. Андайда кайраттуулук менен тагдырды жеңе билүү — чыныгы баатырдык.

Көрөгөчтүк — акыл-эстин барлыгынан кабар берет. Көрөгөч баатыр баарын алдын ала көрөт, аңдайт, түшүнөт, билет. Учурунда акыл менен, керек жерде сезим менен иш жасап, көрөгөчтүгү көп түйшүктөн сактайт, жакшылыкка жетелейт.

Баатырдыкты коштогон шарлык, сөз билгилик, адамгерчилик, каниеттүүлүк өңдөнгөн дагы башка сапаттар да толтура. Бирок баатыр болуу баарынын эле тагдырына буйрубаса керек.

Баатырдын түрлөрү

Байыркы мезгилде баатырдык жоокерлик менен сыналган. Андагы аракеттерине ылайык, баатырларды эл арасында төмөнкүчө бөлүп сыпатташкан.

Шер – ажалдан кайра тартпаган, коркуу эмне экенин билбеген баатыр. Буга Манас ата баштаган, Алманбет, Ажыбай, Сыргак дагы көптөгөн баатырларды кошууга болот.

Көк жал – колу сынса ийинге таңып, буту сынса үзөңгүгө таңып, аягына чейин күрөшкөн, беттегенден кайра тарпаган, акыры жеңген, жеңбесе өлгөнчө күрөшкөн баатыр. Бул сыпаттамага Чубак атанын сапаттары айрыкча туура келет.

Торжественное мероприятие, посвященное 220-летию Тайлак-баатыра - Sputnik Кыргызстан
Ултаң, кырмызы, чукак... Эски сөздүн эбин таба аласызбы?
Илекор баатыр – согуштук стратегияны мыкты өздөштүрүп, амал-айла таба билген баатыр. "Ат жыгылып тургуча алтымыш акыл ойлогон…" деп Серек ата баяндалат. Демек, ал илекор баатыр болгон.

Жеке баатыр — керек жерде жайнаган душманга жалгыз катылган, колдоочу, коштоочусу табылбаса жалгыз эрдик жасаган баатыр. Каптап калмак келгенде Курманбек баатырдын кырк жигитине "Кебиме кулак салгыла, кырк жигитим калгыла, кылкылдаган кол келди, мен барайын алдына" деп айткан жери бар. Жалгыз катылуудан коркпогон Курманбек баатыр жеке баатыр болгон го…

Ээрчиме баатыр — башка баатырлардын шары менен жүргөн баатыр. Жеке колунан иш келбесе да, көпчълүккө сүрөөн болууга жарайт.

Опсуз баатыр — амал-айланы колдонууну билбеген, аң-дөңдү карабай, аянбай согушкан баатыр. Анын баатырдыгынын ченеми жок. Акылга сыйгыс баатыр.

Жаңылыктар түрмөгү
0