Телефон менен суйлошуп жаткан ачтан кыз. Архив

Кулак тууралуу баян же кулагыӊызга күмүш сырга

1360
(жаңыланган 11:50 13.06.2017)
Бир караганда жөнөкөй, бирок ошол эле учурда аткарган функциясы, маани-маңызы да терең кулак тууралуу ойлору менен колумнист Шаакан Токтогул бөлүштү.

Кулак – кишинин угуу мүчөсү. Баштын угуу тешигинин сыртындагы кемирчек калканча жалпы кулак деп аталса да анын ичи – чара, ылдыйкы жумшак бөлүгү көнчөк, сырт жагы – кулак калканы, арт жагы – кулактын арты деп аталып, мындан башка кулкуну, тарсылдагы жана башка көп бөлүктөрү бар. Кулак аркылуу үн-доошту угуп, ыр-күүнүн, шаттык-шаӊдын, кызык кептин ырахатына батабыз.

Кишиге таасири

Түзүлүшүнө ылайык кишиге жарашыктуу, жакшынакай кулактар болот. Артыкча чоӊ, же өтө кичинекей, жука же калыӊ кулактар дагы бар. Элдик билимде кулагына карап кишиге сын берип, тагдырын айткан. Жигиттин кулагынын жогору жагы кашынан өөдөрөөк болгону акылмандыгынан, көрөгөчтүгүнөн кабар берген. Эгер кулактын калканы жазы келип, жалпы көлөмү чоӊ болсо мал-мүлктүү, дүнүйөлүү болот дешкен.

"Жакшы аял кулагын көрсөтпөйт" деп байыркылар айтышкан. Анын сыры бизге маалым эмес, бирок аялдын жашы кулагынан билинерин, кулактын артына бырыш бат түшөрүн санжыралык маалыматтардан улам укканыбыз бар.

Кулактын сыны

Кыргыз билгилери болуп жаткан кепке карата кишинин аракетинен улам төмөнкүчө сын берген:

1. Куйма кулак – укканын уккандай эстеп калган киши. Кыргыздын элдик оозеки чыгармаларынын эпос, дастан баштаган бардык түрү, санжыра тарыхы, күүлөрү куйма кулактыктын негизинде ушул күнгө дейре уланып келди.

2. Акма кулак – айтканды жакшылап эле укса да, керек жерде унутуп коет. Укканы уккан жеринде кулагынан агып түшүп калат.

3. Таш кулак же кум кулак – айтканды такыр укпаган, көӊүл бурбаган, кулак сыртынан кетирген киши.

Керек жерде кулак кагуу, керек жерде кулак жапыруу…

Мамлекеттик деӊгээлде же дүйнөлүк деӊгээлде көп нерселерден кулагдар болгон адамдар бар. Айрыкча, азыр ааламдашуу араанында маалыматтык согуш күч алып турган кез, көп нерседен кабардар болуу, жакшы кепти кулакка күмүш сырга кылып, жаман кепти кулактын сыртынан кетирүү, ушак-айыӊга кулак жапыруу, маанилүү кептин маӊызын чагып, кулак төшөө учурдун талабы окшойт…

Шайлоолордун алдында жакшы убадаларга бышы кулак болобуз. Алтымыш түрлүү атминер алтымыш башка кеп айтып, элде кулак жок. Айрымдарына кулак салып, айрымдарына такыр кулак какпай, кулак кужурун алган убадакөйлөрдүн убадаларын кулак сыртынан кетирип, эл да көнгөн. Шайлоо өткөндөн кийин эле кулак-мурун кескендей тыптынч боло түшөт. Бирок ар бир кыргыз келечекке кулак түрүп, кулак угуп, көз көргүс жакшылыктарды, эл тилеген эр келип, эр убайын эл көрүп жаткан учурду күтө берет…

Ошондон улам шайлоодон да, кыйноодон да арылып, көр оокаттан алыстап, жан эргиткен жакшы кепке кулак салып, маектешкенге не жетсин. Кулак кычуусун кандырып сүйлөп берген киши болсо, кулагым сенде дегиӊ келет. Кыскасы, заман агымы менен болуп, жакшы нерсени угуп кулакты азыктандыргандан да алыстап кеттик белем…

Кулакка байланыштуу терминдер, айтымдар

Кулагы жок – сөз укпаган, тил албаган балага карата айтылат.

Кулагы катуу – жакшы укпаган кишиге колдонулат.

Кулакчын – кышкы  баш кийимдин эки кулакты жабыш үчүн түшүрүлгөн бөлүгү

Кулакташ – өз ара байланышы бар, кабарлашып турган

Узун кулак – тыӊчы

Кулак кагыш кылуу – алдын ала айтып көндүрүү

Кулак кайчы – ууру, каракчы

Кулак-мээсин жеген – кайра-кайра айта берип тажаткан

Жыйынтык

Кыргызда "чөлдүү жерде булак бол, сөздүү жерде кулак бол" деген жакшы бата бар. "Азаматтын жакшысы азыраак сүйлөп көп тыӊшайт" деп да макалдатышат. Керектүү кеп, маанилүү маалымат бар жерде кулак салып, ызы-чууда кулак жапырып, жашоонун жарыгында жаркып, күүсүндө балкып өмүр сүрөт турбайбызбы.

1360
Белгилер:
кеп, каада-салт, кулак, Шаакан Токтогул
Тема боюнча
Ултаң, кырмызы, чукак... Эски сөздүн эбин таба аласызбы?
Ууру жигиттин башы алынып атасынын мойнуна илинген. Каада-салт тууралуу маек