1985-жылдан 1991-жылга чейин Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болгон Апсамат Масалиевдин архивдик сүрөтү

Элбашылыкка аттангандардын арасынан Апсамат Масалиевдин караанын издеп...

1418
(жаңыланган 17:16 29.08.2017)
1985-жылдан 1991-жылга чейин Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болгон Масалиев 1933-жылы 10-апрелде азыркы Ош облусунун Кадамжай районундагы Алыш кыштагында туулган.

2004-жылдын 31-июлунда жай саратаны башкача бир ысык эле. Балким кылымдын эң эле аптаптуу күнү болчу…

Дал ошол күнү Апсамат Масалиевич жакшы туруп эле, бул дүйнөдө таза жашагандай эле тиги дүйнөгө да тазалануу үчүн мончого кирип, анан жүрөгү кармап, келбес сапарга кете берген. 3-августта Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында мамлекет башчысы Аскар Акаевдин катышуусундагы коштошуу зыйнатына катышканбыз. Ошондогу Элмирбек акындын:

Кымбаттуу сиздей инсандын,
Кыйлага эле жеткен ардагы, ой.
Кылымда келбес кайрылып,
Эми кызыктуу күндөр андагы, ой.
Кыйылып асыл өмүрүң,
Кыргыздын гана болдуң арманы, ой… — деген кошогу азырга чейин жүрөк-жүлүндү жарага туз сепкендей ачыштырып, кыйнап келет…

Күндөр күндөрдү, жылдар жылдарды жеп отуруп, андан бери да 13 жыл өтүптүр…

Он үч жылдан бери элине берилген, таза, ыймандуу, маданияттуу, жегич-ичкичтер менен келише албаган элбашыны издеп келебиз… Таппай келебиз… Апсамат Масалиев биздин бөлүнгөн күн улам алыстаган сайын ал кишинин караанына зар болуп келебиз…

Апсамат Масалиевди эстеген сайын каңырыгыбыз түтөп, ал кишинин элесинин алдында турар жер таппай калабыз. Жок эле дегенде 1995-жылдагы президенттик шайлоодо Аскар Акаевге добуштарды уурдатпаганда өзү да жебеген, элди да жедирбеген ал киши, көмүр кендерин, колхоз-совхоздорду, өнөр жай ишканаларын, эсепсиз көп техникаларды талоонго салып бербейт эле, жапайы менчиктештирүү болбойт эле, туш келген кадр туш келген кызматка коюла бербейт эле деп ойлоносуң. Андан кийинки Кыргызстанды башкарган биринчи, экинчи президенттердин кылгылыктарын эстеп, дагы Масалиевди жоктойсуң… 

30-й съезд СКП-КПСС (Союз коммунистических партий - Коммунистическая партия Советского Союза). Выступает член Президиума ЦИК Партии коммунистов Кыргызстана Абсамат Масалиев. Киноконцертный зал Измайлово.
© Sputnik / Александр Поляков
1985-жылдан 1991-жылга чейин Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болгон Апсамат Масалиев

Бала бакчага кеткен кой

Эртеси ажал келе жаткан күнү "Азаттык" үналгысынын 29-июлдагы берүүсүндө кабарчы Бекташ Шамшиев менен маектешип Масалиев: "Көмүр өнөр жайын алсак, жылына 4 миллион тонна көмүр казып, биз Казакстан, Өзбекстан тарапка сатчубуз. Булардын баары токтоп турат, жылына 250-300 миң тонна көмүр гана казылып жатат" деп кейиген экен. Ошол экономикалык кыйроону, СССРдин мүлктөрүн талап жаткандарды көрүп туруп, жүрөгү көтөрө албай калган сыяктанат…

ЖК депутаты Исхак Масалиевдин архивдик сүрөтү
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
1975-жылы партиянын Ысык-Көл облустук комитетинин биринчи катчысы болуп барганда кимдир бирөө кой союп келсе, четинен ооз тийип, калганын балдар бакчасына жеткирип бергенин элдин баары айтып жүрчү. Обкомдун биринчи катчысынын жубайы Пржевальск шаарындагы кийим тигүүчү фабрикасында көпчүлүккө кошулуп катардагы тигүүчү болуп иштеп жүрүптүр. Туулган айылы Кадамжай районундагы Алыш кыштагына да, Бишкекке да заңгыратып там салбаптыр, балдарына байлык калтырбаптыр. Өкмөттүн үйүндө жашап, жупуну гана шахтёрдой күн кечириптир.

"Масалиев кетсин!"

Ал кишинин бийликтен кетишине жаңы бой сала баштаган Кыргызстан Демократиялык кыймылынын (КДК) мүчөлөрү чоң эмгек сиңирген, алар 1990-жылы Өкмөт үйүнүн алдында "Масалиев кетсин!" деп ачкачылык жарыялап турушкан, алардын бири Тынчтыкбек Чоротегин эле. Беш жылдан соң Чоротегин бийликтен кеткен Масалиев менен маектешкенде эски парт жетекчи мыйыгынан күлүп: "эгерде мен ыйманды, чынчыл болуу керектигин ойлобосом, ошол октябрь күндөрү бир эле министрлик кызматты бир нече кишиге сунуш кылып, далай аткаминерди алдап бийлигимди сактап калмакмын. Андай иштерге мен эч качан барбас элем" деген экен. Бул кызматты сатпаган, элдин тагдырын тобокелге салбаган кишинин айтканы эмеспи.

Ал кездин кадр саясаты башкача болчу, баары өз-өз жолу менен акырындап даярдалчу. Масалиевдин дагы бир саясий келишпес кишиси Топчубек Тургуналиев ал киши каза болгондо "Апсамат аке жөнүндө эң оболу менин айтарым – бул киши эски заманда дагы, жаңы заманда дагы элдин кызыкчылыгы үчүн жан-дилин берип, күйүп-бышкан адам эле. Бул киши эл үчүн деп жанын сабап жүрүп өтүп кетти" деп айткан. Айтайын дегеним, Масалиевди бийликтен кетирген күчтөр да, анын чечкинсиздигин айыптап чыккандар да тазалыгына, эл үчүн иштегенине баа беришкен, балким аны кызматтан кетүүгө мажбурлап, туура эмес кылгандарына өкүнүшкөндүр… 

Член Политбюро Абсамат Масалиев
© Sputnik / РИА Новости
Апсамат Масалиев

Айтматов менен ынак эле…

Масалиевди Москванын айткан-дегенинен чыкпаган, "көрөбүз", "макулдашабыз" деген гана сөз айткан жетекчи кылып көрсөткөн ошол кездеги демократтар жана куудулдар болгон, ошол эле кезде Масалиев да Москванын айтканына моюн толгогон учурлар болуптур. Алсак, Алматыда казак жаштары Колбиндин биринчи катчы болуп келишине каршы чыгып, Желтоксон окуясынын изи сууй электе Кыргызстанга да Киселев, Рябоконь сыяктуу "десанттар" жиберилип, ошолор тыңчылык кылып жаткан кезде Фрунзе шаарында жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо тууралуу конференция чакырылат. Ага жогорудагы "десанттардан" башка КПСС БКнын жооптуу кызматкери Иваненко "тескөөчү" болуп келип катышып отурат.

Ошондо залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов аябай толкундануу менен борбор шаарда жалгыз кыргыз мектеп бар экендигин, ушундай жыйынга КПСС БКнын катчылары катышпагандыгын айтып, Кыргызстанды башкарып жаткан жыйырмадай орус жетекчинин атын бирден атап, силер биздин республика үчүн эмне кылдыңар деп турганда, чогулушту башкарып жаткан Масалиев эмне үчүн жазуучуну тыйып койбоду, эмне үчүн регламентти бузуп, ага кырк беш мүнөт сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берди. Чын эле ошондо жазуучу менен биринчи катчы сүйлөшүп, макулдашкан болуу керек, ал экөө абдан ынак эмес беле… Эгерде чын эле Москвадан чочуганда Масалиев жазуучуга сөз бермек эмес да…

Масалиевсиз он үч жыл ичинде Кыргыз Республикасы деп аталган чакан мамлекеттин журтбашыларын тандоо үчүн бир топ шайлоону өткөрдүк. Азыр дагы бир шайлоого кез келип турабыз. Мына ушул куттуу орунга талапкер болгондордун бир тобун карап туруп, ичинен Масалиевдин караанын издедим. Мамлекеттик кызматта бир күн иштебегендер, эчак эле активдүү кызмат кылуу жашынан ооп калган кары-картаңдар, эл мүлкүнө кол салгандар, чет жакта жүргөндөр, абакта жаткандар… кыскасы, зериккендин баары президенттикке талапкер болуп чыга келди. Арасында "киндер сюрприздери" да бар. Баары бар, бир гана масалиеви жок болууда…

1418
Белгилер:
талапкер, президент, Абсамат Масалиев, Апсамат Масалиев, Абдыкерим Муратов
Тема боюнча
Алмаш Чойбекова: Азаптуу сулуулук. Акындык тагдыр. Армандуу өлүм
Элчи менен ырчыга өлүм жок эле го?..
Боз үйдүн жанында турган бала. Архив

"Эс ообо, эсиңе кел!" Эс тууралуу эки ооз сөз

391
(жаңыланган 15:47 08.08.2020)
Табиятынан сабырдуу кыргыз, кандай кырдаал болбосун сабыр сактап, узакты болжогон. Кандай кырдаал болбосун эсин жоготкон эмес. Бүгүн биздин колумнист эс тууралуу жазууну чечти.

Тизгин жаяр

Адамзатты каптаган алааматтан адам аттуунун эси ооп турган учуру. Эчендеген асылдарыбызды, эсилдерибизди колдон учуруп, эсеңкиреп турабыз. Эстүүлөрүбүз деле эс болгондун ордуна нес болуп калган өңдөнөт. Мындай учурда эзелтен уланган улуу "Эсти" кайра жаңылоого кез келгендир. Эчендеген доорлордо элдин кутун сактап, урпактан урпакка улап, бузулганын курап келген эстүүлөр болгон. Эстүүлөр деген ким болот, эсиргендер ким болот, эс кеткенде не болот, эссиз деген ким болот? Акылгөйлөрдүн айтканын улап, анча-мынчасын өзүбүз курап, эс деген сөздүн өзөгүнө үңүлүп көрөлү.

Эс кайдан келет, кайда болот? Эс менен акылдын айырмасы не?

Эс бул – Эгемден жалганып, туюмга байланып, көкүрөктө тунган чындыктын устуну. Ал жүрүм-турумдан баштап, жүйөөлүү акылга чейин нускап турган чайпалбас тараза. Адам болуп жерге жаралып келе электеги жанда турган жогорку аң-сезим, улуу уңгу. Теңирдин бир учкуну менен кошо жанга уюп, жараткандын деми менен кошо жанга жалганган тууралыктын туусу.

Акыл – адам болуп жаралгандан баштап, таанып билип алган нерсе болсо, жат ошол илимди, тирүүлүктөгү алган бардык маалыматтарды сактаган казына. Мунун баары адамдын мээси менен байланыштуу. Акыл калчоо, акылга салуу, акылды иштетүү, демек, жадыбызда сакталган турмуш тажрыйбадан топтолгон, окуп, угуп, көрүп өздөштүргөн башыбыздагы маалыматты иштетүү. Ал эми эс андан да тереңирээк. Ал жараткандан жалганган киши жанында сакталган ааламдык аң-сезим.

Караңгы түндүн артында жаркырап тийчү күн бар... Өмүр-өлүм ортосу

Эс түшүнүгү тууралуу кыргызда

Ааламдык аң-сезимдеги бардык маалыматтардын, керек билимдердин, улуу чындыктардын топтому эс тутумда сакталат. Ал эс тутумдун учугу ар бир жанда болгону менен аны улай билгендер, түрүп отуруп түбүнө жеткендер аздыр. Андай кишилерди эстүү дейт.  Эстүүлөр ак-караны айырбаштап, тирүүлүктөн тирликке түшкөн пендеден айырмаланып, аалам чындыгын тааныйт, өзүндөгү өзөктү ойготот. Бала тили чыгып, сөзгө түшүнүп, табиятты, ааламды тааный баштаганда эселек болот, кирди-чыкты эси бар, билип-биле элек кези. Анан эси кирди, эсине кирип калды дешет. Демек, балага жогорку ааламга жол ачылат. Өзүнөн-өзү табият, жер-суу, жашоо, жакшы-жаманды түшүнүп баштайт. Өз ою, өз дүйнөсү менен өтө акылга салып аңдап билбесе дагы, эс тутуму менен өсүп жүрүп отурат. Анан дүйнө жыргалчылыгын аңдап, жашоо кызыгына батып, азгырыктарга алдырып баштаганда эле, айрымдар эсирип башташат. Башкача айтканда, жогору жактан келген байланыш үзүлүп, эсирип, б.а. эси ирип калат. Киши кирдейт. Эсирип калган адамды эстүүлөр эсиңе кел дешкени менен, кырсыктап, кыйынчылык болмоюн эсине келүүсү кыйын. Эсирип жүрүп отуруп, дүйнөнүн кызыгына батып эс-мас абалга келип, манчыркап кетет. Эсиргендин куту учат, анткени ал эсирип отуруп кутурат да. Анан, тирегинен, дымагынан ажырайт, ишенген байлыгынан ажырайт, тооруган кыйынчылыктан эси кетет. Ошентип барып айрымдар эсин жоготот. Түйшүктөн эси ооп, эсеңкиреп калат. Айрымдар эсине келет. Кызыгы, жан болуп жаралганда бар эсибизди, киши болуп калыптанганда эсибизден чыгарып койгонубуз. Албетте, аны кайра эстөө керек. Ал үчүн эс алышыбыз зарыл. Айрымдар эс алуу десе эле шапар тээп-сайрандоону, табият койнун булгап көңүл ачууну ойлошот экен, чыныгы эс алуу бул жаратканга жакын болуу, үзүлүп калган байланышты улап, жашоо чындыгын аңдоо, анүчүн кайра эле өзүбүздү таануу. Башка түйшүк түшкөндө кимдин-ким экендиги билингенде, жашоо өйдө-ылдый болгондо киши эсине келет, көр оокаттын масы тарап соолугат. Албетте, кыйынчылыктан эсибиз кетет, кооптуу жагдайда эсибиз чыгат, керек болсо таптакыр эсибизди жоготуп коюшубуз да мүмкүн. Ошондуктан ар дайым эс-акыл тең салмакта болушу керек. Кичинекей баланы эси жок десе, кудайды тааныбаган, тирүүлүктүн сабагын албаган кишини эссиз дейт. Эстүү жакыныңды эсилим деп жоктойсуң, эстүү кишини эсил кайран дейсиң. Анткени анын улуулугу, билгилиги эсибизге илинип калат тура. Анткени алар жашоонун калпыстыктарында билип-билбегендерибизге эс болгон. Андай адамдар өмүр өтөлгөсүнө чыккандар, ар дайым эскерилгендер, түбөлүк эстелик калтыргандар.

Кайдан келгениңди унутпасаң кайда баратканыңды унутпайсың. Моюндагы аманат

Акылыбыз өмүрдөн топтогон, тирүүлүктөгү тажрыйбабыз болсо, эсибиз тээ түпкүрдөгү, асман-жер чеги ажырап бөлүнө элек кездеги, ай-күн дагы жаркырап көрүнө элек кездеги улуу билимдер. Акыл башыбызда сакталса аалам чындыгы эсибизде сакталат, эс жан менен кошо жаралат. Акыл мээде болсо, эс жүрөк менен байланыштуу болор.

Платондун эстөө теориясы

Эсиңе кел, эсиңди тааны, эс ал, деген түшүнүктөрдүн баары жаныбыз менен кошо жаралган эс тутумду ойгот дегени экен. Платондун "Эстөө" деген теориясы бар. Анда "Киши болуп жерге жаралып келгенге чейин, жан кудайлардын жанында болгон. Жерге келген соң тирүүлүктүн, тирликтин, дүнүйөнүн, дүйнөнүн азгырыгына арбалат да, жан кезиндеги жашоосун унутат. Аны менен катар аалам чындыгы, жогорку эс тутум эстен чыгат. Беш-алты тилди жат билүү мүмкүн эмес, ал акылга сыйгыс нерсе, же болбосо, илим жаатында улуу ачылыштарды жасоо да акылдын жыйынтыгы эмес. Мындай адамдар эс тутумун ойготуп, кудайлардын доорундагы жашоосун эстегендер. Ийгиликке жетүү үчүн эстөө гана керек" деп айтылат.

Чындыгында адам акылына сыйбаган шумдук жагдайларга түшүндүрмө берүү кыйын. Тээ бир аң сезимдин түпкүрүндө гана "болушу мүмкүн" деген бүдөмүк ой турат. 72 тил билген Аль Фарабини алалы, же болбосо, миллион сапты жатка айткан манасчылар болсун, чымын-чиркей болбосо адамзатты өлбөс кыла алат элем деген Улукман Акимди алалы, булардын деңгээли адам акылына сыйгыс. Кишиден артык жаралган, дарамети кудайдын бир учкуну ичине кирип кеткенби деген ойго кептейт. Балким, Платон айтмакчы, бул жандар жана булар сындуу улуу инсандар эстегендир, эс тутумун ойготкондур, ким билет...

Топудай кыргыздын башына тоодой кайгы үйүлбөсө дейм. Сейдакматова менен дил маек

Тизгин жыяр

Барчылык жашоодон, түгөл дүйнөдөн манчыркап, ыксыз шапар тээп, жосунсуз сайран куруп эсирип кеттик эле, дүйнөнү түгөл каптаган улуу тумоо эсибизди оодарды. Боо түшүп кырылган апааттан эстен танып кала жаздадык. Эсил кайран деп эчендерди жоктодук. Балким, бул асман ээлеринин жерге түшүп, эсиңе кел деген чакырыгыдыр. Эсибиз барында этегибизди жаап, балким, эс тутумду ойготуп, андагы улуу аң-сезимди эстейбиз. Ошондо эсибизге келебиз, ар кимибиз аалам чындыгын билген, салабат сабыр күткөн эстүү болобуз. Кудайдын буйругун көкүрөк менен туюп, аяндарын алып, белгилерин аңдап асылдыкты ойготобуз. Сиз кандай ойлойсуз, окурман, дүнүйөгө эс-мас болуп, эсибизди жоготуп койдукпу, эс менен байланыш үзүлө элек болду бекен, эсин тааныган, эстүү боло алабызбы?

391
Белгилер:
жоготуу, адам, философия, акыл, тутум, Кыргызстан
Тема боюнча
Караңгы түндүн артында жаркырап тийчү күн бар... Өмүр-өлүм ортосу
Биз байларга шайланарда керекпиз. Шайлообек Дүйшеевдин нускасы
Айт намазын окуп жаткан карыя. Архив

Азыркы азалуу Ата Журт, эртеңки айт... Бул күндөрдүн артында улуу жакшылыктар бар

379
(жаңыланган 14:39 30.07.2020)
Колумнист Нуржигит Кадырбеков аза күтүү күнүнө улаш келген Курман айт майрамына токтолуп, бул эки күндүн бири-бирине байланышы, мааниси тууралуу ой калчады.

Адамзаттын башына келген апаат кыргыз жерин да кыйгап өткөн жок. Таажы вирус тумандай басып, түтүндөй каптады. Канча адамдарыбыз бул дарттын торуна чалдыкты. Көбү, ылайым жамандык көрбөй, өздөрү эле эмес укум-тукуму оожалып, оомат тапкыр дарыгерлердин алтын колдору жана ападай камкордугу себеп болуп, ал тордон кутулуп чыгышты. Аттиң, бирок канчалары үчүн бул оору ажалдын айдагына салган тирүүлүктүн эң акыркы азабы жана сыноосу болуп калды. Арасында жашы да, карысы да, байы да, кедейи да, аалымы да, илимпозу да, калемгери да, киночусу да, сахна чебери да, карапайымы да, бий, төбөлү да бар...

Адам — аалам

Суу бөксөрсө, жер оюлса бир себеп болуп кайра толор, дайра ташыса бир күн нугуна түшөр, бирок дарттан айыга албай өлүм даамын таткан мекендештерибиздин ордун ким толтурат? Көрсө, ар бир адам өзүнчө кайталангыс бир аалам тура. Бүгүн ошол маркум шейиттерди эскерип бүтүн эли-журтубуз аза күтүүдө. Дүйнө боюнча желбиреген кызыл туубуз түшүрүлүп, капалыкта тунжурап турабыз. Аза учурунда көзү өтүп кеткендер үчүн көңүл айтышып, аларга бата багыштап гана тим болбостон, өлүмдү ойлондурат. Анын айбалтасы акыры ар бир моюнга шилтенерин, мейли падыша бол, бай бол, дыйкан же дубана бол, азыр сен тебелеп баскан чөптөрдүн бир күнү үстүңдө өсүп турмайы барын эсте жаңылайт экен. Ошол себептүү жашоонун маңызын, маанисин, максатын ой элегинен өткөрүп, жүрөгүң эзилип да, жумшарып да чыкканын сезесиң.

Ар бир көз жумган мекендешим сай-сөөгүмдү сыздатып кетти… Жээнбеков элге кайрылды

Аза күтүү ким үчүн?

Адам кандай кымбат... Болбосо пандемиянын таасири тийбеген бир дагы тармак калган жок. Өндүрүш аксады, экспорт жана импорт кыскарды, тыштан инвестиция агымы кан буугандай токтоду, канча ишканалар сызга отуруп, соода айлануусу соолуй жаздаган дайрадай азайды. Булар себеп болуп түмөндөгөн адамдар жумуш орундарынан кол жууду. Натыйжада өлкө казынасына миллиарддаган акча түшпөй, экономикалык абал кедерге кетти. Музейлер жабылды, китепканалар ишин токтотту. Тартылчу кинолор, коюлчу спектаклдар жана концерттер кийинкиге жылып, маданият тармагы өтө өксүдү. Мектептердин, окуу жайлардын, бала бакчалардын стол-парталарын чаң басып, билим берүү айдыңы кыйынчылыкка кептелди. Жергиликтүү шайлоолордун мөөнөтү жылып, саясий система башаламан. Чынында бул көрүнүштөрдүн баары — өлкө үчүн өтө ачуу сыноо жана ого эле чоң жоготуу. Бирок түшпөй калган киреше, тайыздаган казына жана үзгүлтүккө учураган маданий-гуманитардык иш-чаралар үчүн эч ким эч качан аза күтпөйт. Кудайдын алдында дүнүйө-байлыктын чымындын канатынча да кадыры жок деп бекер жерден айтпаса керек. Кечээги селсаяк бүгүн чириген байга айлангандай, буюрса, бүгүн кемисе, эртең кайра кемелине келет бул тармактар. Жамандыкты амандык жеңет дейт акылман кыргыз.

Бирок өлгөн адамды тирилтүүгө ушунча илимий жетишкендиктери менен бүткүл адамзат алсыздык кылат экен. Ошон үчүн пандемиянын кесепетинен көзү өткөн миңдеген мекендештерибизди эскерип, азалуу муңайып турат, кайран Ата Журтубуз. Адам — чыныгы байлык. Адам болбосо кайдагы экономика, кайдагы маданият жана кайдагы мамлекет. Белди бекем бууйлу! Оңололу! Жаман адаттарды таштап, жакшы амалдарды баштайлы! Элибиз адептүүлүгү, уяттуулугу, бекем ынтымагы жана күжүрмөн эмгеги менен ааламга атагы чыксын. Балким, маркумдарга ошонун сообу тиер. Ошону менен алардын арбактарын ыраазы кыларбыз.

Коронавирустан көз жумгандар "Ата-Бейитте" эскерилип, куран окулду

Дарт берген дарс

Алтын менен күмүштүн, ак сарай менен кымбат автоунаанын эмес, ден соолуктун чыныгы байлык экенин ооруп сакайган жан билет тура. Апааттын эпкини тийип, эки өпкөсү кагынып, ооруканада жаткан апам менен видео байланыш аркылуу баарлашсам: "Айыгып чыксам алтын шакек-сөйкөлөрүмдү тагынбайм. Аларың байлык эмес экен. Чыныгы байлык жана бакыт — оорубай соо жүргөнүң тура. Эч кимди сындабайм, урушпайм. Адамдын даражасын ыйманы, топугу жана кичи пейилдиги көтөрөт экен. Бизди караган өзбек мээрман айымдын илбериңки мамилесине көңүлүм көлкүлдөп, ушундай тыянакка келдим. Эгер бирөө мени урушса сүйүнөм, анткени тирүү болгонум үчүн урушуп жатат", — дейт. Аны угуп, оору жүрөктү жумшартып, жан дүйнөнү тазалап, боорукерликти күчөтөт деп бекер айтылбасына дагы бир жолу ынандым. Ошондон улам Жараткан бул кара тумоону элибиздин ынтымагын арттырып, бир туугандык сезимин жылуулап, чыныгы дөөлөт-баалуулук эмне экенин аңдатыш үчүн атайын жибергенби деген ой кылт этти мага. Демек, ушул апаат сыноосунан ден соолугубуз жабыркап, канча асыл адамдарыбыздан ажыраган менен өтмүш-келечегибизге дагы бир жолу көз чаптырып, акыл калчап, айып-күнөөлөрүбүз үчүн тообо, аманчылыгыбыз үчүн шүгүр келтирип, анык байлык-бакыт эмне экенин түшүнүп, руханий жактан жетилип, байып чыгалы.

Караңгы түндүн артында жаркырап тийчү күн бар... Өмүр-өлүм ортосу

Артка канчалык кылчактабайлы, өмүрдө өткөн күнүңдүн, саатыңдын, ал тургай көз ирмемиңдин пардасы дароо кайра ачылбас болуп жабылат. Демек, кетирген каталыктардан таалим алып, кемчилдиктерди кайталабай, мындан да көбүрөөк жигер, кайрат менен алга кадам шилтейли. Оорунун жайылышына негиз болгон алешемдиктерди жашоонун берген эң маанилүү сабагы катары кабылдайлы да, ал үчүн ар кимди айыптап, кылдан кыйкым издеп, ансыз да ачышып турган көңүлдөрдү, муңканып турган жүрөктөрдү жаралабай, бири-бирибизге арка-бел болуп, баштарды, жүрөктөрдү бириктирип, ынтымак менен сыноо тоскоолдуктарын сындырып өтөлү.

Өзгөчө Курман Айт

Улуттук аза күнүн утурлап Курман Айт майрамы келет. Бул күн мүмкүнчүлүгү барлардын эчки, кой, уй же төөнү курмандыкка чалып, этин жиликтеп таркатып канчалаган муктаждардын, бей-бечаралардын, тууган-туушкандардын, кошуна-колоңдордун жана жакшы санаалаштардын көңүлүн көтөрүүсүнө себеп. Ошол аркылуу адамдар арасындагы алака бекемдеп, мамилелер жылуулайт. Таарынышкандар табышып, кектешкендер кечиришет. Байлардын берешендиги болбосо жардылар мукурайт, жардылардын батасын албаса байлар жарыбайт дегендей, бул күнү алуучулар берүүчүлөргө ак баталарын арнайт. Ошентип маанай көтөрүлөт, ынтымак-ырашкердик чыңдалып, береке артат. Ушундай улуу мааниси бар бул ыйык майрам – эл-жерибиз үчүн аза-муңду аз да болсо унуткарып, көңүл-сезимдерге жакшылыкка карата үлкөн үмүттүн үрөнүн сепкен, бакытка, бейпилдикке жана сак-саламатыкка карай бурулуштун ак жолтой учуру болуп калгай.

Бизге позитив керек! Жашоону оң нукка бура турган 8 кадам

Азалуу зайыптын ак кийдисин элестеткен быйылкы Курман айт майрамынын дагы бир өзгөчө мааниси бар. Кыргыз кырсыктан сак болуу же кутулуу үчүн мал союп, түлөө өткөргөн. Башына балакет, оору же башка азап келген адам адегенде кой-короосунан токтуларынын семизин карматып, Кудайымдын жолуна деп курмандык чалып, этин эзилте бышырып, устукан-шорпосун атайын жайылган дасторкон үстүнө чакырылган конокторго тартып, алардын жүрөгүн жылытуу менен ак батадан шыпаа жана жакшылыкка жол издеген. Ушул Курман айт майрамында курмандыкка чалынган жандыктардын баары, ылайым, калкка каран түн болгон касиетсиз апааттын алыстап, артын карабай кетишине чабылган садага, арналган түлөө болгой.

Ойлоп көрсөк, курмандыксыз дегеле ийгилик да, жеңиш да болбойт экен. Бизнестеби, илимдеби, чыгармачылыктабы, же саясат багытындабы, бийиктикти багынтуу үчүн канча күч, убакыт жана каражат курмандыгы талап кылынат. Ата-бабаларыбыз элибиздин маданиятын, салтын, наркын сактап, кийинки муунду ыйман-адепке тарбиялаш үчүн да малын, жанын, убактысын аябаптыр. Согушта же азыр биз баштан кечирип жаткандагыдай апаат учурунда күч, убакыт жана байлык эле эмес, өмүр курмандыгысыз жеңиш келбейт экен. Фашизмдин мизин майтарыш үчүн мурдагы СССР отуз миллионго жакын адамынан ажыраганы мунун таасын мисалы.

Ылайым, эртеңки кылчу курмандыктарыбыз бүгүнкү күткөн аза туманын таркаткан керимсел шамал сыяктуу болгой. Келчү балакеттердин алдын тосуп, оор-жеңил дарттардын шыпаасына айлангай. Жеңиштерибизге жана ийгилигибизге жол ачууга себеп болгой.

Караңгыдан кийин күтүп таң турат,
Капалыктан кийин күтүп шаң турат, — демекчи, азанын артынан рухий тазаруу жана ийгилик жылоолгон кез келсин. Бул күндөрдүн артында, буюрса, улуу жакшылыктар бар. Караңгы түндүн эң коюу учуру — таң атар алды болот.

379
Белгилер:
оору, түлөө, майрам, курман айт, курмандык, аза күтүү күнү
Тема боюнча
Эргешов: карантин тууралуу Мухаммед пайгамбардын айтканы бар
Ош облусунда жер-жерлерде куран окулуп пандемиянын курмандыктары эскерилди
Россиянын коронавируска каршы вакцинасы

Коронавируска каршы вакцина: гениалдуу нерсенин баары жөнөкөй

0
(жаңыланган 22:59 12.08.2020)
Россия дүйнөдө биринчилерден болуп коронавируска каршы вакцинаны каттоодон өткөргөнүн жар салды. Колдоп ыраазычылык айткандар, сындап нааразы болгондор да кездешти дейт дарыгер Сергей Царенко.

Биз, дарыгерлер, коронавирус жуккан бейтаптарды дарылап айыктырууда моноклоналдык антителону, стероиддерди, вируска каршы дарыларды колдонуп, ийгиликке жеттик. Ооругандар азыраак көз жума баштады, ал эми оор абалда жаткандарды баары бир өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырууга аргасыз болдук.

Ар бир он кишинин алты-сегизи оорукана ичиндеги инфекциядан каза тапты. Андай ноокастарды жаңы антибиотиктер сактап калмак эле. Бирок аларды иштеп чыгуу үчүн көп жылдар керек. Дагы башка жолу бар. Ал – адамдарды оору жуктурбай аман алып калуу. Бардык жагынан алганда бул жакшы. Адам оорубайт, айланадагыларына илдетти жуктурбайт. Негизи адам кеселге канчалык туруштук берсе, коомчулуктун иммундук катмары калың болуп, эпидемия эртерээк кайтат.

Путин COVID-19га каршы россиялык алгачкы вакцина каттоодон өткөнүн кабарлады

Азырынча ооруга болгон туруктуулук эгерде ал ооруп айыкса гана калыптанат. Дагы бир коопсуз жолу бар, ал — иммунизация. Анан калса Гамалея институтунун адистери иштеп чыккан майнаптуу жана коопсуз вакцина бар. Бул институт автомобиль курууда "Мерседес" кандай кадыр-барктуу бренд болсо, микробиологияда дал ошондой дөө-шаа.

Мен академиктер Гинцбург менен Логуновду көп жылдан бери жакшы билем. Алардын кызматкерлери менен туруктуу бактерияларга каршы күрөшүү боюнча жаңы ыкмаларды иштеп чыгып келе жатабыз. Мындан сырткары, Эбола жана MERS вирусуна каршы вакцина чыгарышты. Жөн гана ойлоп чыгарып коюшпай, аны майнаптуу жана коопсуз кылышты.

Адам үчүн коопсуз болгон аденовирус ташып жүрүүчү ракета сымал орбиталдык станцияга коронавирустун кичинекей бөлүгүн жармаштырып койду. Аны адамдын ичине, организмине кое берди. Мындан улам экөөндө тең иммунитет пайда болду. Ийгиликти бекемдеш үчүн ошондой эле "орбиталдык станцияны" башка аденовируска "ташып жүрүүчү ракетага" кое беришти. Кайрадан иммунитет пайда болду. Жыйынтыгында эки аденовируста алсызыраак (себеби ал организмге кереги жок да), ал эми коронавирустан — туруктуу жана ишенимдүү иммундук коргоо жаралды. Сонун, гениалдуу.

Каттоодон өткөн россиялык вакцина жапырт колдонууга качан чыгары айтылды

Вакцинаны ыктыярчы адамдарга сынап көрүштү. Алардын бардыгы Гамалея институтунун кызматкерлери эле. Алар аркылуу биринчи поезд өттү! Мындан кийин вакцинаны аскер кызматкерлерине сынашты. Биринин да ден соолугунда көйгөй жаралган жок, бардыгында кубаттуу бир иммунитет пайда болду.

Албетте, бүткөн ишке сынчы көп. Басылмаларда сындар жаады. Көп сөздөр айтылды. Акыркысына эле токтолсок, чочуй тургандай нерсе. Инфекцияны толук жок кылбайт же антитело вирустун клеткага киришинин натыйжалуулугун күчтөндүрөт (ADE) дешти. Бул адис эместер үчүн коркунучтуу. Ал эми вирусологдор ADE натыйжасы Денге лихорадкасы үчүн эле эмес, вакцинация менен да байланышпагандыгын билишет. Калган учурларды майнапты пробиркадан гана көрүшөт.

Ушул жерден суроо жаралат. Басылмалардагы бул кампанияны ким каржылап жатат? "Көз карандысыз" эксперттер кимден көз каранды? Полишинель сыры: россиялык окумуштуулардан артта калып калган башка вакциналардын өндүрүүчүлөрүнөн көз каранды. Дагы вируска каршы дарыларды чыгаргандар бар. Кээде ал препараттар оору менен күрөшүүдө майнабын берет. Бирок ал оорунун жеңил түрүнө кабылганда жардамчы, бирок башка кыйыр таасирлери толтура.

Россияда COVID-19га каршы вакцина алгандар ооруканадан чыкты. Видео

Иштеп жүргөн бизге окшогон дарыгерлер, мисалы, ушундай майда нерселерди көргөндө уяласың. Бизге качан коронавирус жуктурган бейтаптар келбей калат, эпидемиядан улам кол жетпей жаткан башка ооруларды качан дарылайбыз деп күтөбүз.

0
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Россия: коронавируска каршы чыгарылган бир вакцина баарына жарай бербейт