Тоннельде бараткан киши. Архивдик сүрөт

Жаным көзүмө көрүнгөндө... Өмүргө тете бир күндүн баяны

4430
(жаңыланган 14:33 17.09.2017)
Исмаил Мамытов
Ар бир күндүн өз тарыхы бар. Дүйшөмбү күнү дүңгүрөсөңүз, эртеси мүңкүрөп калышыңыз мүмкүн экен. Анткен менен андан сабак алып жашоо керек. Колумнист Исмаил Мамытов башынан өткөн окуяны өмүр бою унутпаймын дейт.

Facebook тармагында фейктер менен айтышып, интернеттен илимпоздукту жактап отурган ойчулдарга суроо. Адамдын жүрөгү менен жаныбардын жүрөгүнүн айырмасы эмнеде? Ушул суроого жооп издеп көрүңүзчү…

Адаттагыдай сааттын шыңгырашына бир мүнөт калганда туруп, бети-колду жуудум да тамакты жылытууга кириштим. Муздаткычты ачаарым менен көңүл айнып кетти. Бул ашказан бүгүн бунт баштап жатат деген белги эле. Табит такыр жоголду. Эмнедегер ич ооругансыйт. Ашказан биринчи ирет ооруп жатпагандыктан, өтүп кетээр деген ойдо "Мезимден" ичтим да, кийине баштадым. Даяр болуп астананы аттай берээрде абал курчуй берди. Бирок ал мени токтото алган жок. Анткени менин түз эфирим бар эле. Энтигип эч болбосо эфирдеги жаңылыкты окуп анан кайтам деген ойдо жолго чыктым. Жыйырма мүнөткө жетпеген жолдо күн сайын жүргөндүктөн жумушка жетип алыш оңой сезилди. Көрсө…

Саат 08:25тер чамасында маршрутка Чүй проспектиси менен келип Ибраимов көчөсүнө бурула бергенде андан бир жигит чуркап чыкты да жер кучактап отуруп калды. Тизеси асфальтка катуу тийгендиктен кан кетип, ак чолок шым кан аралаша чаңга боелду. Канаты сынган таранчыдай тыпырап, андан ары жөрмөлөп барып окшуп эле отуруп калды. Жерге катуу кулагандыктан оң бутундагы бут кийими чечилип кетти да колдогу телефон ыргып барып үйүлүп турган жалбырактын үстүнө түштү. Маршрутка болсо бейкапар сапарын улады.

…Өзүмө келсем окшуп отурган экенмин. Ашказаным аңтарылып, оозума кептелип эле калыптыр. Көздөн жаш буурчактап, денемди муздак тер каптаган. Алыстан келе жаткан поезддей болуп муунум акыры-ын калчылдап жатат. Башым сынып кетчүдөй болуп, мына-мына жарылам деп турат. Ашказан, боор, бөйрөктөрүм болк этип оозумдан чыга калчудай… Аалам демин ичке тартып, асканын жаңырыгындай болуп жүрөгүмдүн гана согушу угулат. Дүк, дүк, дүк…

Окуя Бишкектин чок ортосунда, эл көбөйгөн убакта болуп жаткандыктан чый-пыйы чыгып 3-4 киши чуркап келе калды. Заматта бирөөсү жакынкы дүкөндөн суу алып, колума куя баштады. Экинчиси дароо Тез жардам чакырып, кийинкиси жүз аарчысын сунду. Колума куйган суу менен бетими жуусам эле кан жыттанат. Жакшылап карап көрсөм бетимди суу менен эмес, кан менен сүртүп жатыпмын. Колумда жүз аарчы эмей эле жашоодон үмүтүн үзүп, санаанын арты менен саргарып кеткендей түр калтырган жалбырак турат…. Эсимди жыйсам, жанымда эч ким жок. Көрсө, жанагынын баары менин фантазиям экен. Көрсө, жашоо кинодогудай эмес тура. Көрмөксөн болуп ары жакта күзөтчү турат. Ал ортодо бака-шака болуп окуучулар өтүп кетти. Көчө шыпырыгыч, анын артынан эки аял, анан башка көп адамдар ары-бери өтүп жатат. Жардам бермек турсун, жакын жолочудай эмес. Аңгыча 6-7 жашар тилемчи цыган кыз мени көрүп, ушул тарапка бет алды. Неси болсо да жаштардын жүрөгү таза эмеспи. Анан да кыз бала боорукер келет деген чын окшойт. Боору ооруп карап коет. Жаныма келип токтоп калды да, андан ары арышын улады. Түшүнбөй эле карап турам. Мени айланып өтүп, чогулуп турган жалбырактарга бара жатат. Мени бир карайт, жалбырактарды бир карайт. Жаш кыздын оюнда жакшылык эмес, жерде жаткан телефонго жетүү экенин эми түшүндүм.

"Жок дегенде тапичкемди ташта!" деп кыйкырсам үнүм чыкпады. Катуу окшуганда тилим чайналып калыптыр. Шыбырап, анан жер муштап гана кала бердим. Көрбөй калдыбы, же көрмөксөн болдубу, ар жактагы күзөтчү үн катпады. Аңгыча таксилер чогулуп, эл кыйла көбөйүп калыптыр. Бир чай кайнам убакыт отурдум. Анан акырын өзүмө келип, таксилер жакка жөнөдүм. Көп жолу ашказаным ооруп ооруканага баргандыктан алардын дары гана жазып берип коерун жакшы билем. Андыктан таксини үйгө айдаттым. Бирок жолдон дарыканага тийип кетүүнү өтүндүм. "Чыгыш-5" кичи районундагы аялдаманын жанындагы дарыканага бир аз өтүп токтоду. Мени суранат дедиби, айтор, айдоочу дароо ары карап туруп алды. Аксап дарыканага жөнөдүм. Көпчүлүк жакшы билет, дарыканын жанында Тез татым бар. Ошол жерге жеткенде майдын жытынан көңүлүм айный баштады. Дарыканага кире бергенде дарынын жыты мурунга урду го. Чуркап чыгып эле окшуп калдым. Баягы эле баян. Арыкка эки тизелеп отуруп алып, өгүздөн бетер өкүрүп жатам. Кумурскадай болгон элдин бири да карап койбойт. Ал турсун дары саткан эже көрүп туруп, көрмөксөн болду. Көпкө отуруп калдым окшойт, алыстан таксист байкенин карааны көрүндү. Атамды көргөндөй сүйүнүп, азыр ушул келип колтугуман сүйөсө эле ашказан тып басылчудай. Жок. Андай болбоду. Менин тизелеп отуруп калганымды көрүп, "качып кетпептир" дегендей кылды да кайрылып кетип калды. Эптеп туруп дарыканага кирдим да дарыны алдым. Ашказанга газдалган суу жакшы эле. Сурасам, 90 сомдугу гана калды, арзаны жок дейт. Аны алсам таксиге акчам жетпей калчудай. Өлгөндүн үстүнө көмгөн экен деп артка бурула берсем кадимки эле 25 сомдук суу турат. Бул эмне десем, "ий, бар турбайбы" деп коет. Болбосо бир катар турат. Күттүргөнүм үчүн таксиден кечирим сурап, жолубузду уладык. Үйгө жетип таксиге акча берсем майдасы жок экенин айтып, 50 сом ашыгы менен алып койду. Бир чети күттүм дегениби же дүкөн аралап акча майдалатууга чамам жок экенин көрдүбү, айтор кудуңдап гана алган бойдон кетти.

P.S Учурда абал жакшы. Акырындык менен ашказанды дарылап жатам. Ашказанды го дарыласа болот. Жүрөктү кантебиз?..

4430
Белгилер:
колумнист, абал, ден соолук, Исмаил Мамытов
Тема боюнча
Эркектер гана ооруй турган 5 дарт
Кимдин башы канчага бааланат? Кун тууралуу