Кыл чайнашкан "кызыл тебетей" кызыгы

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOКыргызстандын желеги. Архив
Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колумнист Абдыкерим Муратов эл башы болгон адамдар, алардын нарк-насили, дал ушул күндөрү кыргыз коомчулугун ойдолотуп жаткан президенттик шайлоо тууралуу кеп козгоду.

Байыркы Манас баатырыбыз тууралуу дастанда хан шайлоонун демократиясы аябай жакшы баяндалат. Канткен менен ал адабий чыгарма, толук тарых деп айтууга болбойт.

Анча-мынча жазылып, санжыралап айтылып калган тарых боюнча 1830-1831-жылдардын биринде азыркы Балыкчы шаарынын батыш жагында, ушул таптагы Орто-Токой суу амбарынын төмөнкү алабында, сарыбагыш, саяк, бугу, солто, саруу, черик, азык, кушчу урууларынан өкүлдөр чогулуп, Кокон хандыгынан да элчилер катышып, тогуз ак боз үй тигилип, өкүмдарга арналган ак кийиз жайылып, кырктын кырына келген Ормон Ниязбек уулу расмий түрдө хан деп жарыяланган. Ага хандын белгиси катары төбөсү кымбат баалуу кызыл кездеме менен тышталган суусар тебетей кийгизилген. Ошол кызыл тебетей ошондон бери элбашылыктын символу болуп келет. Тилекке каршы, дагы эле ошол хан шайлаган кыргыз урууларынын ыйкы-тыйкылыгынан улам бул Түндүк кыргыздарынын хандыгы узакка созулбады, Ормондун кызыл тебетейи башынан ыргып, найза жеп, өмүрү өксүк менен тамам болду…

Андан кийин бир жагынан Кокон хандыгы, бир жагынан падышалык Россия эч бир кыргызга "кызыл тебетей" кийгизе койбоду…

Үгүт иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Капчык кандай, талапкер? Мурунку шайлоо өнөктүгү менен азыркысынын чыгымы
Совет учурунда болсо кыргыздар башка мамлекеттин курамында болуп, өз жетекчилерин шайлоого дээрлик укуксуз эле, СССР курамындагы Кыргыз ССРине көп жылдар башка улуттагы жетекчилер жиберилип турду, ал эми жергиликтүү элден чыккан Исхак Раззаковго окшогон республиканы таза башкарган мекенчил атуулдардын өмүрү трагедия менен аяктаганын азыр эми кантип түшүндүрөрдү да билбейбиз…

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин гана жалпы дүйнө мамлекеттеринин укуктук-саясий талаасына кирип, Башмыйзамга "президент" деген макам кошулуп, ал кызмат ордун ээлөө үчүн шайлоолор өткөрүлө баштады.

Андай болсо биз да ажо шайлоонун башатынан бир аз айта түшсөк.

Биринчи президент Аскар Акаев бийликке 1990-жылы октябрь айында келгени эсте бар, ал кезде Конституция башкача эле, өлкө башчысынын талапкерлигин он экинчи чакырылган Кыргыз ССРинин Жогорку Совети тандамак, адегенде Кыргызстан КПнын биринчи катчысы Апсамат Масалиевдин, Министрлер Советинин председатели Апас Жумагуловдун, Кыргызстан КП Ысык-Көл облустук комитетинин биринчиси Жумгалбек Аманбаевдин талапкерлиги коюлуп, бири да керектүү добуш топтой албай, жыдыйт да, демократияга шерденген депутаттар үч үлкөндү ары сүрүп, жаңы талапкерлердин ысымдарын атоого өтөт. Алар Исанов, Дүйшеев, Түмөнбаева, Асанкулов, Койчуев, Аблесов, Баекова, Акаев, Муралиев, Шеримкулов, Осмонов, Асейинов болуп чыгат, ичинен алтоо өз талапкерлигин алып таштап, калгандардын арасынан эң көп добушту Аскар Акаев ээлейт. Ошентип тар алкакта таажы кийүү бактысы (балким, кайгысы!) физик академикке насип этет.

Андан соң президентти жалпы эл тандоо керектиги Башмыйзамга кирип, 1991-жылы 12-октябрда шайлоо өтүп, "свежий" журтбашы Акаев президенттик такка отурат.

Ошондон кийин эсеби 3-жолу ажону аныктоо күнү 1995-жылдын 24-декабарына туш келип, анда бийликтеги атаандаштары эски коммунисттер Медеткан Шеримкулов менен Апсамат Масалиевди аттан оодарып түшүп Аскар Акаев дагы тизгинди колго алат.

Анан кийин 2000-жылы дагы бир шайлоо өтөт. Ал эми төртүнчү деңиз…

Портфель - Sputnik Кыргызстан
Президенттикке талапкерлер кайсы учурда жарыштан четтейт
Ушул жылдарда ар кандай шайлоолордо мыйзам бузуулар кадыресе көрүнүшкө айланып, 1993-жылдагы Конституция ар кандай референдумдар менен ашарлашкан мыйзамчылардын авторлугунда бийликти президенттин колуна салып берип, башка бутактар саясий-экономикалык айдыңда алсырайт жана ажонун колу аябагандай узарат. 2005-жылдын февраль айында парламенттик шайлоодо Акаевдин эки баласы бирдей депутаттыкка өтүп кетти деп кыжырданган эл бийликти алмаштырып, Ак үй башына шайлоосуз эле Курманбек Бакиев келет.

Бул президент адегенде төңкөрүшчүлөрдүн суроо-талабы менен мамлекетти башкарып калган менен кийин ал атаандаштык түрдө шайлоого катышып, башка талапкерлерди жеңип чыгат. Ошентип 2005-жылы 10-июлда шайланган президент катары ишин баштаган.

Ажо үчүн ат салышууда кыргыздардын өзүнө таандык менталитети бар

Анын эң негизгиси жана башкысы – жердештерин тандоо, жердешчилик, уруучулук ураанын чакыруу. Башка өлкөлөрдө, мисалы, АКШда партияларга карап, демократиялык партияданмын, республикачыл партияданмын деп, ошолордун идеялары үчүн күрөшсө, кыргыздар азырынча уруулук-кландык топтор үчүн ат салышат. Цивилизациялуу өлкөлөрдө саясий партиялар элүү-жүз жылдап иштеп, кадыр-барк топтосо, бизде жазда партия түзүп, күздө жеңишке жетсе боло берет.

Дагы бир кыргызча пародокс — бир жолку Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Клара Кабилова өлкөнү таштап чыгып кетип, сегиз ай Москвада театр, кино көрүп, балдары менен эрмектешип жүрүп кайра келип "мени бир жылда үч шайлоо өнөктүгүн өткөргөн киши жана эки миң шайлоо участокторун түзүп, аларды үйрөткөн катары" Гиннес китебине жазуу керек деп чыгат. Айтса-айтпаса төгүнбү, эгер Гиннес китебинде ушундай орун болсо шайлоо жана референдумдарды тынбай өткөргөн, аларды уюштурууга ченебей акча чачкан жана Баш мыйзамын эсепсиз эле эби жок жамаачылай берген мамлекет катары ал китептен орун алууга толук татыктуубуз.

Ошентип отуруп дагы бир президенттик шайлоого бет келгенбиз

Президенттикке талапкерлердин КТРК каналындагы дебатынын графиги - Sputnik Кыргызстан
Президенттикке талапкерлердин КТРК каналындагы дебатынын графиги
Ал шайлоо тарыхка дагы бир эрте башталган шайлоо катары кирди. Жылнааманын 2009-жылдагы барактары жаңы эле айрыла баштаган. Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясындагы депутаты Асылбек Жээнбековдун арызынын негизинде Конституциялык сот 2009-жылдын 19-мартында чечим чыгарат да, анда ушул жылдын октябрынан кечиктирбей президенттик шайлоо өткөрүү керектиги белгиленет. Мына ошондон кийин "урушта туруш жок" дегендей Кыргызстанда ушул быйыл эле күзгө жетпей 23-июлда президенттик шайлоо өткөрүп жиберебиз дешти. Шайлоо идеясы бир караганда шашылыш кабыл алынып, шашылыш эле чечилип калгансыды, анан калса шайлоо өтчү мезгил жай саратан кезинде студенттер айылдарга кетип, мугалимдер эмгек өргүүсүнө чыгып, иштегендер отпуск алып, калк саны азайгансып калган учурга туш келип жаткандыгы да кызык болду. Адатта эгемендүү кыргыз мамлекетинин оголе көп өткөн шайлоолору менен референдумдары март-апрелге же күзгө, алардын да дем алыш күндөрүнө белгиленчү эле, бул жолу негедир ошол шарт бузулду, жайда жана бейшемби күндө өтмөк болду. Бийлик оппозициясы болсо муну башка талапкерлер даярданганча азыркы башкаруучулар элди тез алып алуунун, атаандаштарды баш-аягын жылдарбай коюунун амалы деп, балким туура түшүндүргөндүр. Ошентсе да шайлоо ошол күнгө белгиленди, иши кылып өлкө жыл башынан эле жаңы шайлоонун деми менен жашап, калктын кайсыл кеби болбосун шайлоолорго барып такалды.

Анда талапкерлигин жеке адамдар жана партиялар сунуштады, алардын саны көп эле болуп мамлекет башчысы Курманбек Бакиевден тартып көзү ачыктарга чейин жетти. Президент болуу үчүн БШКга арыз берүү гана жетишсиз, 50 миң добуш топтош керек, анысы да түрдүү региондордон болушу керек дешти.

Шайлоо алдынан дагы да салтты бузбай талапкерлигин коюп келе жаткан экс-акыйкатчы, Турсунбай ажы Бакир уулу адегенде кандидатурасын көрсөтөрүн жарыя айтып, анан эле Малайзияга элчи болууга макулдугун берип жиберди, чамасы президентке караганда элчинин элге пайдасы көп тиет деп ойлоду шекилдүү.

Психолог Айзада Танаева - Sputnik Кыргызстан
Психолог Танаева: шайлоочу жүрөгүнүн түпкүрүндө эски саясатчыга көбүрөөк ишенет
Эң кызыгы оппозиция да бир гана талапкер чыгарабыз деген эле, чыгара алган жок, адегенде "жаңы оппозиционер", "жаңы кыргызстанчы", эски министр Исмаил Исаков өз талапкерлигин көрсөткөн. Кийин Бириккен элдик кыймыл (БЭК) аябай ийлеп-ийлеп бышырып Алмазбек Атамбаевдин талапкерлигин алып чыкты. Албетте, аларга "Ак шумкардын" лидери Темир Сариев кошула албастыгын ашкере айтып, өз талапкерлигин коюп таштады. Ошентип оппозициялык талапкерлер кыйла эле алсыраганы менен негизинен күрөш экс-премьер-министр менен ошол учурдун президентинин айланасында жүрөрү түшүнүктүү болуп калды. Булардын саясий жана пиар технологдору, социологдору, "бакма басылмалары" ишке кирип, ким кимге добуштарды берери санала баштады. Бийликке соңку жылдардагы энергетикалык кризис, айрым жергиликтүү аткаминерлердин бюрократиялык мамилелери тескери таасирин тийгизсе, ошол эле кезде Россиядан келген насыя, грант, бюджеттик тармактарда иштегендердин аракеттери, элдердин курултайы, пенсиянын кошулушу оң роль ойноп жиберди.

Талапкерлердин катарында "көмүр королу" аталган, деги эле утулуп калышын ойлобогон Нурлан Мотуев да жүрдү. Үсөн Сыдыков жетектеген "Жаңы Кыргызстан" партиясы менен Исхак Масалиев башында турган коммунисттер бул жолу "Ак жол" тандаган талапкерди – Курманбек Бакиевди колдошо тургандыгын айтып чыгышты, ал кишиге тең келе турган атаандаш жок экендигин ачык билдиришти.

Жаңы шайлоодо мурдагыдай бармакты маркировкалоо деген болбойт экен, оппозиция добуштар бурмаланып кетеби деп мындан да коркуп жатат. Ал эми абдан көп адамдар эл шайлоого барбай коюшу мүмкүн дешип чыкты эле, анда дале келгендер менен тагдырлар чечиле берет.

Мурдагы президенттик шайлоодо Исхак Масалиевдин жана Жеңишбек Назаралиевдин "түбүнө жеткен" мамлекеттик тил боюнча сынак ошондо да болду.

Шайлоодо жеңиш Бакиевге алып берилгени менен алдыда жаңы төңкөрүш баш багып келе жатты. Анда Роза Отунбаеванын, Алмазбек Атамбаевдин "кызыл тебетейлери" күтүп турду.

Эмки шайлоонун шайы кандай?

Первый секретарь ЦК Компартии Киргизии Абсамат Масалиевич - Sputnik Кыргызстан
Элбашылыкка аттангандардын арасынан Апсамат Масалиевдин караанын издеп...
2017-жылкы, жалпы эсеби билинбей дале калган кезектеги, президенттик шайлоонун эң кызыгы – мурда мамлекетти башкарып келген кишинин бул жолу талапкерлигинен жоктугу. Экинчи кызыгы жана жарашпаган жери Салижан Жигитов тирүүсүндө "президенттикке түбөлүк талапкер" деп баа берген Өмүрбек Текебаевдин абакта отуруп калышы. Ушундай эле өлкөбүздө жарандыгы жок болуп калган Москвадан доктор Кубанычбек Апастын бир келип, кайра жок болуп кетиши. Калган кыйла адамдар мурдагы шайлоолорго окшош эле болууда.

Быйылкы талапкерлер арбын: ичинде аннтендүүлөр да, мандемдүүлөр да, тандемдүүлөр да бар, "кызыл тебетей" болсо бирөө гана. Аны татыктууга кийгизип алсак кана, атаганат!..

Автордун ой-пикири редакциянын көз карашы менен дал келбеши мүмкүн

Жаңылыктар түрмөгү
0