Кашын боеп жаткан кыздын архивидк сүрөтү

Кыздар, каш-кирпикти эмне мынча кордодуңар? Эми үйлөнбөй каламбы...

6983
(жаңыланган 21:13 06.10.2017)
Соңку учурда кыздардын татуаж жасатуусу күч алды. Биздин колумнист Эламан Карымшаков коёндой окшош каштардан башы айланып турган чагы. Мунун айынан ал болочок жубайын таба албай калышы мүмкүн экенин айтып аябай капа болду.

Айылда бирөө баласын үйлөсө коңшу аялдар келин көргөнү киришчү. Ал жакка барып келген чоң энемден келини кандай экен деп кызыгып сурагыныбызда кашы-көзү кара же каштары чийилген чырайлуу келин экен дээр эле. Жада калса кашы-көзү аркылуу эле анын кулк-мүнөзүн да айтып койчу. Азыр ошону эстеп таң калып бүтө албайм…

Шаарга келгениме беш жыл болду. Чоң энем менен телефон аркылуу гана сүйлөшүп, барсам да бир-эки күн туруп кайра кайтам. Айылдык келиндердин кашы-көзү тууралуу сүйлөшкөнгө убакыт болбой калды. Азыр чоң энемдин ыкмасын колдоноюн деп шаардагы кыздардын кашы-көзүнөн эч нерсе таба албай убарамын. Мурда маани бербей жүргөн экенмин, көрсө, кыздардын баарынын кашы бир заводдон чыккандай окшош болуп калган турбайбы. Мага ишенгиңиздер келбесе, көчөгө чыгып караңыз. Көчөгө чыгуудан да зериксеңиз Instagram тармагын барактап көрүңүз. Нукура каштарды ит менен издеп да таппайсыз. Анткени сулуулук салонго кирсе чийилген керме каштар, ирмесе шамал кылган кирпиктер ашып кетсе эки саатта даяр болот экен. Мындан улам эгер мен үйлөнөөргө жакын сүйлөшкөн кызымды чоң энеме көрсөтсөм анын жасалма каш-кирпиктерине карап мурункудай сынап бере алаар бекен деп башым катып турган чагы.

Дос кыздарым кантип актанат

"Байкуш кашты анчалык эмне кордодуңар?" деп дос кыздарыма да суроо салдым. Алар татуаждын жардамы менен күнүгө каш терип, боёп кырына чыгарып убакыт кетирүүдөн кутулдук дешет. Дагы бир пайдасы — каш жагынан айтпаган кыздардын да кашын чийип коёт экен. Бирок белгиленген убактысында жаңылап жасатып турбасаң кашың ала-була болуп шермендеңди чыгарат. Андыктан баштагандан кийин өмүр бою жасатып жүрүүгө милдеттүүсүң. Ошол эле учурда чөнтөгүңүзгө да күч келерин унутпаңыз. Ал эми жасалма кирпиктен пайдасы кызды убактылуу сулуу кылса, нукура кирпик менен кош айттырат.

Капчыгыңды түзүк эле кемирет

Ойлонуп көрсөм үйлөнгөндөн кийин үйгө жалаяк эле эмес, косметика дагы ташып калат экенмин. Андан тышкары, унаамдын майын алмаштырып, жаңы дөңгөлөк салып турган сыяктуу маал-маалы менен келинчегимди да салонго жөнөтүп турушум керек экен. Сулуулук салондордун биринде иштеген Жибек Мукамбетова эгер кыздар кандайдыр бир кечеге сулуу болуп барам десе орто эсеп менен 3000 сом керектелерин айтат. Мындан улам келинчегим менен тойго барсак аны сулуулантуу үчүн 3000 сомду салонго беришим керектигин түшүндүм. Андан көрө келинчегимди үйгө кылтырып, ошол 3000ди тойго кошуп койсом пайдалуу болобу деп ойлонуп турам.

Эми баягы эле кашка кайтып келели. Адистин айтымында, соңку бир-эки жылдан бери айымдарыбыз нукура каштарын садага чаап жатыптыр. Бул кызматты колдонгондордун жаш курагы 15тен башталса, 60 жашка жетип токтойт экен. Баасы сапатына жараша 3000ден 8000 миң сомго чейин жетет. Анысы бир жылдан алты жылга чейин келбетине көрк берип турат. Татуаждын үч-төрт түрү болот дешет. Бирок мен буга чейин көргөн кыздарымдын кашынан бир да айырма таба алган жокмун же мээм жетпедиби, билбейм… Ал эми кирпик улайм дегендердин чөнтөгүндө дагы бери дегенде 800-1000 сому болушу керек. Ал кирпиктер сапатына жана акчасына жараша эки жумадан эки айга чейин жетет. Бирок чылпагын ал десе карегин оюптур болуп, шамал кылган кирпикке жетем деп төрөлгөндө денеси менен кошо түшкөн кирпигинен ажырай берет экен.

Бул сөзүм менен менен жасалма каш-кирпиги барларды мокочо катары көрсөтөйүн деген оюм жок. Болгону нукуралыкты издеп гана ой калчадым. Мага капа болбогула, кыздар. Азырынча бойдокмун. Үйлөнгөнгө чейин дагы көп көрүшөбүз!

Автордун ой-пикири редакциянын көз карашы менен дал келбеши мүмкүн

6983
Белгилер:
сулуулук, жубайлар
Тема боюнча
"Эшек кыздар" чоңоюп келе жатабы?..
Бириң — кайың, бириң — тал… Кайсынысын "сулуусу" деп атайын?
Медициналык маскачан кыздар Бишкектеги Чүй проспектинде бара жатат. Архив

Ушундай абалда калам деп ойлогон эмесмин. Карантинсиз күндөрдүн кадыры...

1170
(жаңыланган 12:41 24.05.2020)
Биздин колумнист Абдыкерим Муратов учурда баарыбыздын көкүрөктөгү нерсебизди дал өзүндөй баяндап бериптир. Чын эле буга чейин эшикке чыккан эки кадам, кучакташып көрүшүү, бет капсыз заман бакыт экенин билбептирбиз да.

...Ушундай күндө калабыз деп үч уктасам түшүмө кирген эмес: же согуш эмес, же абадан чабуул эмес, же табияттын кырсыгы эмес. Болгондо да бүт Жер шары, биздин ажайып планета бир оорунун жайылышынан улам кыйсыпыр түшүп жатып калды...

Неберелерим кезектешип бир жумада сөзсүз бир келип, балдар аянтчаларына, балдар кинолоруна, балдар оюн-зоок жайларына, парктарга, коомдук тамактануу жайларына барып турчубуз, жаратылышка чыгып сейилдеп келер элек... Неберелеримдин ар бирин "тай-тайлап", "бас-бастап" адегенде бир кадам, анан эки кадам, анан үч кадам... жылып отуруп аяк шилтегенге көндүрөр элем. Анан мага жеткенге корстон болуп кучактап калышчу. Өзүнчө турган кызымдын кызы – эң кичине неберемдин кантип басып калганын көрбөй калдым, бир күнү эле видео келиптир, неберем басып жүрөт... Дагы бир кызымдын кызы түштө коляска менен сыртка чыгарып ары-бери сүйрөбөсө уктачу эмес. Эми ал эшикти көрсөтпөй балконду көрсөтүп калыптыр, көрсө ата-энеси балконго "эшик" жасап бериптир... Дагы бир неберем аны-муну айтып чулдурап калыптыр...

Ушул наристелер ушул күндө калышы керек беле?! Ушундай ширин учурларына мен — чоң атасы, таятасы катары күбө өтпөй калышым керек беле?! Ошол неберелерим менен тынч күндөрдү, карантинсиз күндөрдү сагынып жатабыз, кайсы бир кезде ушул учурларды жомок кылып айтып каларбыз дейм... Ошентели, ылайым...

Үйдөн чыга албай, атамдай болгон агайым, улуу устатым Исак агай Бекбоевичтин мүрзөсүнө жарым ууч топурак сала албай калдым. Алтындай көргөн ардактуу инилерим Элмирбек Иманалиевдин, Зайырбек Ажыматовдун тажияларына тура алган жокмун. Инимдин кайненеси, көптөн бери ажал тооруп жаткан Апипа кудагыйымды төрт баласы менен бир гана машинага салып узатып кала бердик. Анын карасуулук бир туугандары да эжесин узатканы Ноокатка өтө албай кайтып кетишиптир. Карантинсиз күндөр болгондо "өлгөндүн өз зыйнаты бар" деп каада-салты менен, кылкылдаган көпчүлүктүн катышуусу менен коштошуп калбайт белек...

Карантинсиз күндөрдө адамды бул дүйнөдөн аркы дүйнөгө узатуунун баркын да билбей, ага-буга шылтап, өлүм зыйнатына да, өз алаканыбызга уучтап туруп топо салганга да барбай койчу экенбиз. Эми болсо үйдөн чыга албай, өлгөн жерге да бара албай, ошол күндөргө зар болуп отурабыз.

Карантин күндөрү тамак-аштын баркын билдик; китептерди кайра колго алып окуп кирдик; абдан көп чыгым болчу тойлорсуз эле, аштарсыз эле жашоого болорун түшүндүк; кыздар үйдөн тамак жасаганды, сайма сайганды үйрөндү; үй-бүлөлөр эртеден кечке, түндөн таңга чейин бир болуп, бир ойноого, бир уктоого, чогуу баарлашууга көндүк...

Бүт дүйнө чакан, өтө чакан бир кыштак экенин аңдадык, ошол кыштактын бир жерине доо кетсе, бүт айыл азапка малынарын түшүндүк...

Дал ушул пандемия дүйнө боюнча кыргызстандыктарды бириктирди, алардын Ала-Тоодо жоктоп алар Ата Журту бар экендигин көрсөттү. Дүйнөнүн ири учак жайларында, чек араларында, элчиликтердин алдында, дагы башка жерлерде Кыргызстан көзүнөн учуп, Кыргызстанга кетүүнү эңсегендерди көрүп, мамлекет деген канчалык баалуу экенин, канчалык керек экенин түшүндүк. Канча каражат коросо да Кыргызстан кыргызстандыктарды колдон келишинче алып келип жатат, ошол келгендер тууган жердин топурагын тепсеп түшкөндө бүт кайгыларын унутуп, тууган жердин демин сезишкендир.

Карантин карантинсиз күндөрдү сагынтты: жумушка барчу элек; базарга барчу элек; бул күндөрдө тоолорго чыкчу элек; көлгө жөнөп калчубуз; тойлорго барчу элек; бири-бирибиз менен баарлашып отурчу элек; балдарды ойнотчу элек; туулган айылга барып, тууган-урук менен учурашып, сурашып, жыргап кайтчу элек; театрга, киного, парктарга барчу элек; мечиттерге намазга барар элек, дагы башка-башка... Эркиндик... Карантинсиз күндөр кандай керемет эле... Эми ошонун баасы, баркы билинип атат... Ошол күндөрдү сагындык... Тезирээк келишин тилейли...

1170
Белгилер:
балкон, небере, мүрзө, өлүм, адам, карантин, пандемия, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Кызыбызды сагындык... COVID-19 менен күрөшкөн кызматкерлердин үй-бүлөсүнүн баяны
Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейи

Кайдан келгениңди унутпасаң кайда баратканыңды унутпайсың. Моюндагы аманат

552
Бүгүн Эл аралык музей күнү. Музейлер — бизге бай тарыхыбызды чагылтып берген күмүш күзгү, бабалар чыйыр салып, аталар улантып, азыркы күнгө жеткире курган улуу жолду таанытчу алтын ордо дейт колумнист Нуржигит Кадырбеков.

Музей аркылуу тээ илгери өткөн замандарга зыярат кылып, анын ичине сүңгүп, өзгөчөлүгүнө үңүлөсүң. Андагы экспонаттар, табылгалар, атайын жасалган композициялар өткөн доорлордун элестерин, оош-кыйыштуу окуяларын жаңыртып, бир жагынан кайдан келгенибиз тууралуу терең ойго чөмүлтсө, бир жагынан сыймыкка бөлөйт.

Кыргызстанда мамлекеттик, жеке, муниципалдык болуп бардыгы 117 музей бар. Анын 57си Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин көзөмөлүндө. Негизинен мемориалдык, краеведдик, тарыхый, этнографиялык, археолого-архитектуралык, ачык асман астындагы жана көркөм-сүрөт тармактарына бөлүнүп иш алып барышат. Алардын элибиздин маданий-тарыхый мурасын сактап, кийинки муундагыларга табыштоодо жасап жаткан эмгеги эбегейсиз.

Өзгөчө ушул карантин шартында музей тармагынын каармандары кол куушуруп отуруп албай, эл-журт өз үйүнөн музейлердеги дөөлөттөр менен таанышкыдай чоң мээнет кылышты. Бөлүп-бөлүп видеого айлантып, социалдык тармактар аркылуу өз экспонаттарын калайманга сунуп жатышты. Албетте, мындай демилгелер үчүн кубанып да, сыймыктанып да турам. Бирок ушуларды кызыгып көргөндөр канча? Билим булагы катары бала тарбиялоодо колдонгондор көппү же азбы? Кеп мына ушунда! Кызыгып, талдап көрсөм, аттиң, бул жааттагы жагдай чеке жылытарлык эмес экен.

Болгону...

Атагы алыска кеткен "Сулайман-Тоо" музейинин бирин-бири улай чыккан көрсөтүүлөрүн эң көп дегенде 46 гана адам көрүптүр. "Манас" деп ураан чакырууга келгенде үнүбүздү аябаганыбыз менен "Манас эпосу" музейи ар бириңиздердин үйүңүздөрдө" деген тема коюп, Таластагы айтылуу Кыргыз улуттук "Манас Ордо" комплексинин баяндамачылары жасаган таанытым видеолоруна 134 гана адам назар салыптыр. КМШдагы эң абройлуу он музейдин катарына кирген Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинин Facebook тармагындагы баракчасына болгону 3,5 миңдей гана адам катталыптыр. Андан тышкары, Курманжан Датка, Токтогул, Бурана, Токмок, Нарын, Ысык-Көл музейлери да онлайн форматта мыкты долбоорлорду жүзөгө ашырышты. Аларды көргөндөр, аттиң, мындан да аз.

Ошол эле мезгилде бүгүн дүң, эртең ким болору белгисиз корей жаштарынын BTS аттуу поп-группасынын клибин бир күн ичинде 4 миллиондой адам көрүптүр. Анын жок эле дегенде он миңдейи кыргыз жаштары болсо таңданбайм. Ал эми биздин маданиятыбызга, ийгилигибизге, келечек-бактыбызга кымындай пайдасы жок Месси менен Роналдонун соккон голдорун, Фергюсон менен Конордун мушташтарын да жүз миңдеген мекендештерибиз тирмейе тиктеп отурушканы да кашкайган чындык.

Алты миллиондон ашкан калктуу өлкөдө атактуу музейлеринин аземдеп көрсөткөн экспонаттарын аябай көп дегенде 134 адам көрүп жатса, анан кантип маданиятыбызды сактап, байытабыз? Өз тарыхыбыз, тамырыбыз өзүбүзгө кызык болбой жатса, анан кайсы арыбызга Элмирбектей тарыхый залкарларыбызды социалдык тармакта "чувак" дейсиң деп кийинки муундун өкүлдөрүн өкүртө сөгөбүз.

Айыптабай кечирим сурадым

Социалдык тармактарда ошол "чувак" деп жазган жигитти көпчүлүк иттен алып көргө салып, аябай талады. Деген менен анын пайда-батасы канча? Элмирбектин алтын сөзү акылына жетпеген немеге биздин соцтармак аркылуу чачкан заар сөзүбүз өтөр бекен? Кыскасы, мен ал жаш адамды эч айыптаган жокмун. Тескерисинче, улуттук аң-сезимибиздин азыркы мышык ыйларлык акыбалынын акыйкатын көзүбүзгө сайып көрсөтүп койгону үчүн ырахмат айттым. Анан башымды ийип кечирим сурагым келди. Эмне үчүн дегенде, кеп ал жана ал сыяктуу кабыгы калып, маңызы алмашкан кандаштарыбызда эмес, ошондой кайдан келгени, башат алган булагы жана көчөт байлаган тамыры менен кымындай иши жок, бир эмес бир нече муундун чыгышына жол берген, керек болсо атайылап шарт түзгөн өзүбүздө. Чоң ата билген кааданын, нарктын жарымын ата билбей, ата билгендин жок дегенде чейрегин биз үйрөнбөй, анан "атаңгөрү, заман ушундай болду" деп өзүбүздүн өлөсө жактарыбызды заманга шылтап, дүнүйө, байлык деген жеңил баа сулуу кыздай азгырыкка баш-отубуз менен киришип кетип, аталардан алган баягы каймак куйган идиштин түбүндөгү билгенибизди да кийинкилерге тапшырууга чолоо таппай, балдарыбыздын тарбиясын интернет, чөнтөк телефон жана телеге калтыргандын аянычтуу акыбети ушул. Бул окуя, болгону, "Элим, эсиңе кел! Артыңа бир кылчайып, акыл токтотуп, ой багып, анан барар багытыңды такта! Болбосо түбү жок жардан чегине жетип калдың!" деген ак ниеттүү эскертүүдөй эле туюлду мага.

Вирус апааты жана тарыхтын сабагы

Элди эл катары жок кылуу үчүн үстүнө атом бомбасын таштоо шарт эмес, болгону маданиятын унуткар, тилин чандыр, улуттун алтынын жез, алмазын таш көрсөтүп кой, бүттү. Октон кырылган элдердин көбү өмүр-жолун, сапарын улап кетишкен, бирок маданий геноцидге тушуккан шордуу калк эгерим кайра тикеленбесин тарых кайра-кайра тастыктап келет. Эсибизге келип, этегибизди жапсак, буюрса, жагдайды дале жакшыртып, али какшып, момолой чычкандар туш келди көзөй элек арыгыбыздан суу жүгүртүп кетсек болот. Бирок бул үчүн ар бирибиз жок дегенде өз балдарыбызга Элмирбек болуп, уккан, билген, окуган, үйрөнгөн улутубуздун улуу дөөлөттөрүн аманат кылып табышташыбыз шарт.

Таажывирусунун апааты, буюрса, аз күндөрдө өтүп кетер. Аны жугузгандын бир азы гана, Жараткандын ыракматына бөлөнсүн ылайым, акыретке аттанбаса, көбү дабаа таап, куландан соо болуп чыгып келишүүдө. Эми эбак эле кара түтүндөй каптап, чулгап, тамырдан аккан каныбызга чейин кирип келген маданиятты сактоого жана байытууга кошкөңүлдүк, шалаакылык жана кайдыгерлик вирусун кантебиз? Бул вирустун кесепети эки ай карантин менен эле бүтүп калбайт... Биздин маданият — биздин моюндагы аманат. Аны сактоого Батыш да, Чыгыш да милдеттүү эмес. Ойлонолу! Тыянак чыгаралы!

Ошон үчүн музейлерге зыярат кылып, тарыхыбыз жана тамырыбыз менен таанышып, уул-кыз, небере-чөбөрөлөрдү да тааныштыралы. "Кайдан келгениңди унутпа, ошондо кайда баратканыңды унутпайсың!" деген накыл бекер айтылбаган да.

552
Белгилер:
келечек, карантин, коронавирус, маданият, каада-салт, тарых, музей
Тема боюнча
Таш ыргыткандар аш алып кетсин. Алмадан алган сабагым
Суу каптаган жол. Архив

Сел жүрүшү мүмкүн. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

14
Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлүп жатканы айтылган. Андыктан бул учурда адамдардын өзгөчө этият болушу керектиги эскертилди.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Бүгүн жана эртең тоолуу, ошондой эле тоо этектериндеги райондордо күндүн ысышынан улам сел жүрүшү мүмкүн. Бул маалыматты Кыргызгидромет таратты.

"2020-жылдын 3-4-июнуна чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда өзгөрүлмөлүү аба ырайына жана күндүн ысышына байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт" , — деп айтылган маалыматта.

Мындан улам тиешелүү тараптар жарандарды этият болууга чакырды.

14
Белгилер:
суу ташкыны, дарыя, сел, аба ырайы, шашылыш билдирүү, ӨКМ
Тема боюнча
Сууга түшөрдө баланын жанынан карыш жылбаңыз! ӨКМдин ата-энелерге эскертүүсү