Шүгүр дейличи! Азыркы замандын келиндери эмнеге нааразы?

© Фото / Ярослав МальцевКийим көргөзмөсү. Архив
Кийим көргөзмөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Таалайгүл Усенбаева бул жолу азыркы замандагы айрым "обу жок" келиндердин кылык-жоругу тууралуу колумнистика жазды. Келин болуп туруп башка келиндерге жинденүүсүнө эмне себеп болду экен?

Өзүм деле азыркы замандын келинимин, бирок арабыздагы айрым обу жок келиндердин кылык-жоругун угуп-көрүп жазбай кое алган жокмун. Себеби бир күнү ал нерсенин баары башка келет. Ар бир эле ата-эне баласы аял алаарда биринчи эле "келини ыймандуу болсо экен" деп тилейт. Айрыкча азыр. Себеби заман өзгөрүп, баары, ал тургай келиндер да "демократиялашып" бараткан өңдүү.

"Таш түшкөн жер оор" же үй-бүлөнү оюнчук көргөндөр

Өспүрүм кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Эшек кыздар" чоңоюп келе жатабы?..
Жакында эле бир таанышыбыздын иниси үйлөнгөн. Ата-энеси жакшынакай тоюн өткөрүп, эми кыздын төркүнүн чакырып эшик-төр көргөзөлү деп жатканда, өзү келип калыптыр. Көп болсо үйлөнгөндөрүнө эки ай болгон. Себебин сураса "күйөөм урушту" деп айтыптыр…

Менин деле турмушка чыкканыма көп болсо төрт жыл болду. Акыл айтууга али жашмын деңизчи, бирок күйөөсү урушса эле сөзсүз баса бериш керекпи? Анын үстүнө бала менен кыз эки жылдан ашык сүйлөшүп жүрүптүр. Бул убакытта ал болочок күйөөсүнүн мүнөзү кандай экенин кантип өздөштүрбөсүн?! Эми минтип баарын, өз ата-энесин, кайын журтун да убайыма салып, эч нерсе болбогондой кетип калды. Турмушка чыккыча ал "жомоктогудай жашоону" элестетип алган го. Күйөөсү да көгөрүп, келинчекти алып келгени барбай жатыптыр. Ортодо чыйпылыктаган ата-эне, бир туугандар…

Тарбия жокпу же заман өзгөрдүбү?

Үйлөнүү үлпөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көп аялдуулук: алы жеткени алсын, жетпегени калсын
Мындай учурда кимди күнөөлөштү билбейсиң. Этнограф Айымкан Жаманкулованын айтымына караганда, мурункудай сүрдүү аталар, акылман апалар азыр жокко эсе болуп калды.

"Азыр кызы күйөөдөн чыгып барса "кой, барып жаша" дегендин ордуна кайра өздөрү алып кетип жаман көндүрө баштады. Кыргызда "чыккан кыз чийден тышкары" деген жакшы сөз бар. Илгери биз төркүнгө барсак экинчи күнү эле кубалашчу. Апаң менен кайын журт тууралуу бир нерсе сүйлөшүп жатканыңды атаң угуп калса, "сөз ташыбай, төш ташы" деп урушчу. Мунун баары тарбия. Азыр заманга шылтоологону менен тарбия солгундады", — деди Жаманкулова.

Интернеттеги "обу жок" келиндер

Инстаграм социалдык баракчасында келиндердин ар түрдүү топтору бар. Үйдө отурган учурда кызыгып мен да бирөөнө кошулуп алгам. Албетте, келиндердин сырын сыртка чыгарайын деген деле оюм жок, бирок айрым чоекелердин жазган постторун окуганда чындап эле жаным кашайчу.

"Күйөөм мага бүгүн белек алып келбей койду", "кайненем мага мындай сөз айтты" "чыдабай калдым, бала менен үйдө жүдөп кеттим", "кайнене, кайнатам үйгө эки күндүн биринде келет", "үйдө отура албайм, бир бала төрөп берсем болду"… Бул постторду окуп алып ар бирине "анан эмнеге күйөөгө тийдиң" деп айткым келчү. Турмушка чыктыңбы, сен кааласаң да, каалабасаң да ушундай жашоо болот. Себеби кыргызда келин үчүн биринчи милдет — кайын журтка жакшы кызмат кылуу, бала төрөп берүү, үй-бүлөңдү бекем кармоо. Мунун баары кыргыздын келининин милдети. Келиндин өзүн өзү билип, кайын журтун үйүнө киргизбей коюу, күйөөсүн өзү башкарып алуу, кааласа төрөбөй коюу бул уят деп эсептелип келген.

Шүгүр дейличи

Празднование дня города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Келинге тиешелүү 12 "болбойт"
Эмнеге нааразыбыз? Апаларыбыз айткандай азыр белен го. Кааласак кир жууган машина бар. Учурда идиш деле жуубай калдык, себеби аны да, жалтырата тазалап, жууп берген техника пайда болду. Илгеркидей күндө жалаяк жуумай жок, памперс даяр. Ал тургай алыскы айылда да бул шарттар түзүлүп калды. Азыр мен билгенден кайненелер деле илгеркидей эмес, "ишигылып, балдарым бактылуу болсун" деген апаларды көп эле көрөм. Кааласак иштейбиз, балдарды кайненебиз же апабыз карап берет. Өзүбүз жактырган, каалаган кийимди киебиз, каалаган тамак-ашты ичебиз.

Кыргызда "ырыскыңды теппе" деген жакшы сөз бар, андыктан барды бардай баалай билип, шүгүр деген сөздү унутпай, айта жүрөлү, келиндер!

Автордун ой-пикири редакциянын көз карашы менен дал келбеши мүмкүн

Жаңылыктар түрмөгү
0