… Кечээ кошунам Сатар мырза баласынын китеп окубай койгонуна аябай кейиди. "Мына үч ай каникул өттү. Ушул күнгө чейин баламдын бир китеп кармаганын көрбөдүм. Азыркыларга түшүнбөйсүң. Тиктегени телевизор, чукуганы телефон, ойногону компьютер. Китеп оку десең ана-мына деп эле окушпайт. Сабактарын араңдан зорго даярдашат" деди нааразылана. Буга кошул-ташыл Сатар мырза баласынын мектептен китеп жетпей калганын да кыстара кетти.
Кептин баары улууларда эмеспи?
Дайыма акчаны кантип көбөйтүш керек сыяктуулар менен саясаттан башканы сүйлөбөгөн кошунамдын минтип китеп тууралуу кеп ачканын текке кетирбей, кеп тизгинин өзүмө алдым. Бул туурасында бугуп жаткан ойлорумду төгүп салдым. Кошунам түшүндүбү-жокпу, билбейм. Бирок кунт коюп уккандай болду…
Капа болбоңуз, кошуна. Азыр сиздин да, менин да үйүмдө атышуу менен тытышуу, зордук-зомбулукту, уурулукту, мыкаачылыкты, көз боемочулукту жарнамалаган дисктер жыйылып жатат. Китеп текчелерибиз башка нерселерге толгон… Буга кошул-ташыл телевидениеде ушундай зордук-зомбулукту даңазалаган, өлтүрмөй, бычактамай кинолорду байма-бай көрсөтүлүп жатат. Анан кантип балдарыбыз китеп окусун?
Мына кечээ жакында кошуналар отурдук, сүйлөшөлү деп. Башында жакшы эле кобурашып жаттык. Анан жарым саат өтүп-өтпөй баарыбыз башыбызды телефондон бери буралбай калдык… Раматылык Эсенбай аксакал болгондо отурушту тарыхтан, адабияттан, каада-салттан, карым-катыштан сүйлөп, өткөн-кеткенден кеп кылып, сонун кечеге айлантып жибермек.
Сулуулар конкурсуна бөлүнгөн акчаны китепканага деле берсек…
Кошуна, сиз түзүк эле кишисиз. Билимдүүсүз. Айылдык кеңешке бир эмес, эки ирет депутаты болдуңуз. Депутаттыгыңызга асылгым келбейт. Бирок ушул күнгө чейин эсил кайран СССРден калган, эскилиги жетип, араң турган айлыбыздагы китепканага бир жолу баш бактыңызбы? Акыркы жолу ага кандай китеп келгенине кызыктыңызбы? Сиз эмес, башка чиновниктердин деле кадам таштап барганынан кабарыбыз жок.
Босогобузда шайлоо турат. Мындайча айтканда тагдыр чечээр күн. Ушунча талапкердин арасынан бирөө-жарымынын эртеңки келечек ээлеринин билимдүү болуусу үчүн деп кепка, футболка, же жалтыраган-жултураган брошюралардын ордуна китеп чыгарып бергенин, китепканага баш багып, кызыгып көргөнүн уктуңузбу?
Өзүңүз айтмакчы, азыр маалымат технологиянын кылымында жашап жатабыз. Балдарыбызга электрондук китепканадан пайдаланууну үйрөткөнгө кызыктыкпы? Аны аткарабасак, муну кылбасак, анан кантип балдарыбыздан китеп оку деп талап кылабыз.
Футбол дегенде жеген ашыбызды таштайбыз. Түн бир оокумга чейин көзүбүз ачышып-кычышканына, кызарганына карабай кимдир бирөөлөргө жан тартып, күйөрман болуп күйпөлөктөйбүз. Ошол биз ашык болгон футбол королдорунун бири Пеленин жаштарды китеп окуганга бараандуу, баа жеткис салым кошкондугу көп айтылат.
Дегеним, жаш муунду китеп окууга кызыктырууну мектепке эле жүктөп салбай, сизге окшогон депутат, же Пеле сыяктуу спортчу, болбосо бизнесмен, же койкоюп креслодо олтурган чиновник болобу, баарыбыз биргеликте моюндабасак болбойт. Андай кылбасак сизге, мага окшоп миң наалыганыбыз, кейип-кепчигенибиз менен баары бир алга жылуу болбойт.
Бул сөзүм Сатар кошунама жактыбы-жакпадыбы, билбейм. Бирок өзүм жеңилдеп алдым…