Муз эрий баштады же Атамбаевдин саясий мурасы

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жазуучу жана коомдук ишмер Нуржигит Кадырбеков кыргыз-өзбек мамилелерине саресеп салды

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин 2017-жылдын 5-6-октябрында Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапары бир канча өңүттөн өтө маанилүү.

Государственный визит Алмазбека Атамбаева в Узбекистане - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевдин Ташкентке болгон сапары. Ажо эмне менен кайтты
Биринчиден, кыргыздын да, өзбектин да "алыскы туугандан жакынкы кошуна" деген макалы бар. Ислам Каримовдун убагында Өзбекстан Батышка ыктаса, Кыргызстан Россия менен стратегиялык шериктештикке бекем болду. Тышкы саясаттагы артыкчылык берилген мындай айырмачылык эки өлкөнүн ортосундагы ансыз деле солгун мамилени ого бетер татаалдаштырып келди. Бирок ар кандай себептерден улам ортодо топтолгон канчалаган көйгөйлөрдү көзмө-көз отуруп талкуулоого шарт болгон жок. Бул маселе биринчи кезекте расмий бийликтердин саясий эркине байланыштуу эле. Натыйжада экономикалык өнүгүүдө, маданий-гуманитардык алакаларды бекемдөөдө далай мүмкүнчүлүктөр колдон чыкты. Ал тургай карапайым эл тууган-туушкандан кабар алуу үчүн чек аранын ар жак-бер жагына өтө албаганчалык катаал тартип жана мамиле орноду ортодо. "Эч болбосо, кеч болсун" дегендей, бул визит ошол көйгөйлөрдү биротоло артта калтырып, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, эки тараптуу алакалардагы прогресске дем берчү чоң себеп болот деп күтөбүз.

Экинчиден, далай жылдар бою салкындап келген кыргыз-өзбек карым-катнашы кайрадан жандана баштаганы менен, эки тарап ийри отуруп, түз кеңешип чечип алчу маселелер толтура. Айрым чек ара бекеттеринин ачыла башташы, туңгуюкка келип кептелгендей көрүнгөн чек араларды тактоо ишинин илгерилеши, Ошто жана Анжиянда эки элдин ымаласын ысыткан маданий салтанаттардын дүңгүрөп өтүшү, Шавхат Мирзиёевдин Бишкекке жасаган жемиштүү визити – бул айсбергдин үстү гана, башкача айтканда, мамлекеттер аралык мамилени кадимки калыбына келтирүү жараянынын башталышы гана. Ортодо ишеним чыңдалып, экономикалык, саясый жана маданий-гуманитардык кызматташуу кемелине келиш үчүн дагы далай убакыт жана аракет керек. Кыргыз президентинин өз мөөнөтү аякташына жакын калгандагы Ташкентке визити, ага өзбек тарабынын мамлекеттик деген макам ыйгарышы ушуга алып барчу жолдун башаты, пайдубалы деген үмүттү жандырат. Ошондой эле Алмазбек Атамбаевдин кийинки мамлекет башчысына карата коңшу өлкөлөр менен эриш-аркак жашоого артыкчылык ыйгаруу зарылдыгын ишара кылган саясий мурасы деп түшүнсөк болот.

Президент Таджикистана Эмомали Рахмон - Sputnik Кыргызстан
Эмомали Рахмон 65 жашта! Тажикстандын башчысы тууралуу 9 факты
Кыргыз-өзбек алакаларынын мындан аркы ийгилиги үчүн президенттердин гана позитивдүү жылыштарга жана өзгөрүүлөргө себеп болгон саясый эркинин бекем болушу аздык кылат. Буга эки өлкөнүн коомчулугу да көмөк көсөтүүгө тийиш. Жок эле дегенде, чек арадагы тирешүүлөргө, чыңалууларга, этностор аралык мамилелердеги келишпестиктерге, Сох жана Барак анклавдарындагы маселелерге, улутчул риторикага, ж.б. учкундан жалын тутантчу терс себептерге жол бербеши лаазым. Коомчулукта орун алган бир эле ушундай инцидент азырынча шыр илгерилеп бараткан эки тараптуу алакалардагы жетишкендиктерди жокко чыгарып, ал тургай бир канча жылга артка сүрүп коюшу эч кеп эмес. Ошентип эки тараптын коомчулуктарынын ынтымагы, толеранттуулук маданияты расмий дипломатияда бийликтердин тигил же бул суроону чечүүдө компромисске келүүсүн жеңилдеткен өтө маанилүү фактор болуп саналат.

Жаңы өзбек бийлиги канчалык демократиялык өзгөрүүлөргө ыктап, буга чейин негизинен ички рынокту коргогон жабык экономикасын ачууга аракеттенбесин, Кыргызстан менен толук ишенимге негизделген мамиле орнотууга акырындап кадам артынан кадам жасап барууга аргасыз. Анткени экономикалык кызыкчылык үчүн коопсуздук маселесин курмандыкка чалуу тобокелчилиги бар. Кыргызстан демократиялык өнүгүүдө бир топ алдыга кеткен өлкө катары адамдардын ишенимдерине, иш-аракеттерине алда канча кенен эркиндик берет. Мындай абалдан пайдаланып Өзбекстандын коопсуздугуна коркунуч жаратчу элементтер Кыргызстанга жайгашып, идеяларын, таасирин жайылтышы мүмкүн деген кооптонуу өзбек тарабында болуп келген жана жакын арада жок болбойт. Өзгөчө "Ислам мамлекети" авантюрасы ишке ашпай, талкаланып, андан качкан согушкерлердин көпчүлүгү демократиялык режим өкүм сүргөнү үчүн кайтып келүүгө Кыргызстанды тандоосу мүмкүн деген божомол айтылып жаткан учурда мындай шек-күмөндүн жоголо коюшунун өзү күмөн. Андан тышкары, Өзбекстан үчүн Кыргызстан тажик жергеси аркылуу Афганистандан келүүсү мүмкүн болгон куралдуу оппозициядан бөлүп турган буфер аймагы да болуп саналат. Ушул себептерден улам, эки өлкөнүн жарандары үчүн эң зарыл болгон чек араны толук ачуу жараяны али узак жылдарга созулуусу мүмкүн. Ал эми өзбек тарабы курган чек арадагы зымторлор алынып, казылган аңдар толтурулабы же жокпу, бул да азырынча суроо бойдон калат.

Атамбаев: эгер апам мени окууга жибербегенде айылда сугатчы болмокмун - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: эгер апам мени окууга жибербегенде айылда сугатчы болмокмун
Орустун далайдан бери жылбаган иш жыла баштаганын билдирген "Муз жылды" деген макалы бар. Кыргыз-өзбек мамилелериндеги муз жылды, керек болсо эрий баштады. Буга кыргыз жана өзбек президенттери Алмазбек Атамбаев менен Шавкат Мирзиёевдин дипломатиялык аракеттери, саясий эрки жана адамдык алакалары өтө чоң себеп болду. Кеп ушул жакшы саамалыкты улап кетиште калды. Кыргыз эли "Туулганына эмес турганына сүйүн" дейт эмеспи. Балким, Мирзиёевдин кошуналар менен алакага эң зор маани бергени, Нурсултан Назарбаевдин Казакстандан Өзбекстан жылын жарыялоо демилгеси, Атамбаевдин Ташкентке жасаган бул визити Борбордук Азиянын мындан аркы интеграциясынан белги берген ак жолтой кабардыр… Ылайым ошондой болсун. Азыркы геосаясатта Борбордук Азия аттуу дагы маанилүү борбордун пайда болушу үчүн мындай интеграция аба менен суудай керек.

Автордун ой-пикири редакциянын көз карашы менен дал келбеши мүмкүн

Жаңылыктар түрмөгү
0