Кудадагы окуя. Айрылган көк дептер, бозала болгон жеңем

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүПразднование золотой свадьбы в семье алтайских казахов Дюсенби и Марии Кобдобаевых
Празднование золотой свадьбы в семье алтайских казахов Дюсенби и Марии Кобдобаевых - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куданын көркүн ыр кесе менен жаш-кары дебей дүпүрөткөн бий чыгарат эмеспи. Колумнист Эрнис Темиркан кудадагы бир боорду эзген көрүнүштү жазып берди. Чогуу күлөлү.

— Биринчи адамга өмүр керек, экинчи адамга көңүл кере-еек… Бапылдап сүйлөп, баарын кыйнап, жүз граммдан алдырып жаткан кудагый ыр кесеге жооп кылып созолонтуп ырдап кирсе, жанымда жанатан тымпыйып олтурган жеңем кызыл-тазыл капчыгын аңтара баштады.

— Ай, жеңе, эмнени эле шуудуратып издеп жатасың, — деп шыбырап урушуп жибердим.

— Ышпаргалкамды таппай жатам, мен даярдап келген ырымды ырдап салбадыбы, — деп бушайман болуп жатып, издеген кытайдын көгүш чөнтөк дептерин таап алды.

Тамада Аман Ибраев - Sputnik Кыргызстан
Тамада Аман Ибраев: кыз-күйөөсү, жада калса кудасы жок той алып баргам
Ынтыга түшкөн жеңем сөөмөйүн тилине суулай коюп, барактарды ары-бери оодарып, керектүү бетти издей баштады. Күпүңдөп жатып тапты окшойт, "шарт" эттирип бир барагын айрып, акырын мыжып чөнтөгүнө салып койду.

Алтын тиш кудагый ыр саптарын апыртып, адаштырып олтуруп эптеп үч кайрым кылды окшойт. Дагы бир ырдын башын чыгарып келип, акыры колундагы салат, чай, арак аралашкан суусундугу бар ыр кесени биз тарапка "пас" берди.

— Конокко куш келипсиз кудача кыз, бийлеңиз, ырдасаңыз кубанабыз…

Дасторконго отургандан бери кекиртегин кеңири коё берип, бир да тостту калтырбай аракты өкүртө басып отурган аяш атам кызып калган окшойт, кесени ала коюп, коңур үнү менен ырдап, көзүн ар тарапка айлантып, башы менен күүсүн коштой чайкап, кыска көйнөкчөн келген кудачага тийише баштады.

Байкуш жеңем кайра баягы дептерин аңтарып, дагы бир барагын "шарт" айрып салды.

Колуна аяш атам кармата салган ыр кесени акырын табактардын арасына жылдырып, дасторкондун үстүндө турган кол аарчы менен тизесин жаба салып, кызарып-татарып "Жамгыр төктүнү" эки кайрый салып, кудача кыз ырдоо кезегин биз тараптагы таякелерге сунду.

Күнү бүтүп бараткансып тутала түшкөн жеңем дагы барак айрып бушайман.

Кой кайтарганда "репетиция" кылып жүргөн белем, чабан таякем шарт тура калып: "Кара бир тоонун боорунан" деп куштарды учуруп, Алымкандын тагдырына кызыгып, "кайсы бир жанга туш болот" деп созолонду эле кызара түшкөн жеңемдин баягы дептери дагы бир баракка жукара түштү.

Үйлөнүп жаткан жаш жубайларды куттуктоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кан чачырата өпкө чапмай, кулак чоймок, бут кийим катмай — кыз узатуудагы салттар
Куда бала "Өмүрдү" созгондо жеңемдин бетине бырыш түшүп, чачы агара баштады. Акыры алдастап барып жанагы дептерден дагы эки барак айрыды. Шашма жеңем көрсө, "случайно" бул ырды эки жолу жазып алыптыр.

Карындашым "Биз жолуктук, билбейм качан үмүтүм…" деп баштаганда жеңем кайын сиңдисине муштум түйүп, сес көрсөтүп, дептердин дагы бир бетин чапчып жулду.

Жеңемдин шпаргалка дептери ошентип ар бир ырдын биринчи сабы ырдалары менен айрылып олтуруп арыктаса, кожейкеси болсо кызарып-татарып, тердеп чыкты.

Мага кезек келип, колума ыр кесе тийгенде, көзүмдүн учу менен карасам, баягы жеңемдин дептеринде акыркы барак калыптыр. Жаш эмесминби, көз курч да, сүзүлүп карасам, кудай жалгап мен билген ыр экен:

— А-а-артыңдан барсам ба-а-а-а-кчага, а-а-а-сылып колуң башкага, ээээйй, — деп, обонун угары менен каны качып, бозоро түшкөн жеңемди көздөй шашпай ырдын кыраатын келтирип баса баштадым.

Ыр бүтөөрү менен акыркы кадамымды тууралап келген мен жеңеме кесени сунуп: "колумдагы чынынын кызыл ала гүлү бар, менин сүйгөн ушул жеңемдин, ырдай турган түрү бар" десем, шпаргалкасы түгөнгөн жеңем ордунан тура калып алып, жоолугун оңдоп, оң колун көкүрөгүнө коюп, Кыргыз Республикасынын гимнин чозуп ийди…

Ак мөңгүлүү аска зоолор, талаалар
Элибиздин жаны менен барабар.
Сансыз кылым Ала-Тоосун мекендеп,
Сактап келди биздин атабабалар.

"Айла жок, бирок, ай лав ю" демекчи, баарыбыз табактарыбызды жылдырып, көчүктөрүбүздү отургучтан көтөрүп, көкүрөгүбүздү түздөп, жеңемди коштоого аргасыз болдук.

Алгалай бер, кыргыз эл,
Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Өз тагдырың колуңда-аа-а…

Жаңылыктар түрмөгү
0