Тандоо – укук, ынтымак - парз. Шайлоо өттү, бирок шайтан калды

© Sputnik / Актан ТемиркановСитуация в Таласе после выборов президента КР. 17 октября
Ситуация в Таласе после выборов президента КР. 17 октября - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колумнист Нуржигит Кадырбеков шайлоодон кийинки абал туурасында ой-туюмун, оюн ортого салып, "элита демейде тил табышып алат" деп жазыптыр.

Шайлоо да өттү. Кудум футболдогу күйөрмандар сыяктуу саясий күрөштүн кумарына кирген кыргыз коомчулугунун бүйүрүн кызыткан күндөр, окуялар артта калды. Эми бир топ убакытка чейин бул шайлоо жараянынын кемтик-кынтыктары, жакшы жана жаман жактары тууралуу талкуулар болот. Интернет аркылуу түмөн адам менен баарлашуу шарты бар заманда эркиндикти сүйгөн, "баш кесмей бар, тил кесмей жок" деген элибиз мындай укугун жана мүмкүнчүлүгүн пайдаланбай койбойт.

Выборы президента Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Шайлоодон кийин шаабайы сууган талапкерлер эмне дейт
Бирок бул дискуссияга таза ыклас жана аруу ниет менен катышуу өтө маанилүү. Жараны ырбатчу, жүрөктөрдү алыстатчу сөздөр, өзгөчө азыркы учурда, таптакыр орунсуз, кереги жок. Дегеним, сөз – бул эпкин. Сөөгү жок тил менен бирдемени "балп" этип айтуу, манжаңа баш ийген клавишалар менен каалаган сөзүңдү заматта жазып коюу оңой эле. А бирок анын таасири канча жүрөктөргө, канча көңүлдөргө тиерин, айрым ой-пикирлер шайлоодон кийин кай бирлерин өлгөндүн үстүнө көмгөн кылса, кай бирлерине кара жалаа болуп жабылаарын унутпайлы.

Жылмаюу да — садага

Шайлоо – бул, азырынча, мамлекетти башкаруучуларды тандоонун адам ойлоп тапкан эң жакшы жолу. Деген менен, коомчулук так талаштын кызыгына кирип, жаат-жаат болуп бөлүнүп, айтышып-айыпташып, сынашып, тирешип, ынтымагы ыдырай түшөт экен. Эми ар бирибиз үчүн эң маанилүү милдет – ошол бошой түшкөн биримдикти кайрадан калыбына келтирүү, чыңдоо. Анткени, шайлоо – бул саясий укук, жетекчи тандоодогу адеп жана эреже. Ал эми ынтымакты сактоо – парз. Бул ыйык парзды аткаруу миссиясынын башында кечээги саясий жарыштагы атаандаштар өздөръ турса өтө жакшы болмок. Ал кыйын деле эмес: утулганы утканын куттуктап, утканы утулганынан анча-мынча алешемдик кетирсе кечирим сурап, экөө бири-бирине ийгилик тилеп, чогуу иштешели, калкыбызга бир куштун эки канатындай кызмат кылалы деген ишара менен телекамералардын алдында кол алышып, акактай тиштерин көрсөтө жылмая баарлашып койсо жетиштүү. Муну менен алар канча көңүлдөрдү көтөрүп, канча жүрөктөрдү бириктирмек. Элдин ынтымагын гана күчөтпөстөн, кийинкилерге өрнөк болчу саясий маданиятка чыйыр салмак. 2008-жылкы Россиядагы президенттик шайлоодо жеңип чыккан Дмитрий Медведев өз атаандаштарына расмий түрдө ыраазычылык билдирген. Обама праймаризде өзүнө утулуп калган Хиллари Клинтонду мамлекеттик катчы кылып дайындаган. Ал эми чоң жарышта артта калтырган Жон Маккейнди чакырып, маалымат каражаттарынын алдында жакшы санаалаштыгын билдирген. Өткөн кылымдын 90-жылдары кыргыз парламенти президент кылып шайлаган Аскар Акаев да өзүнүн башкы атаандашы болгон Насирдин Исановду өкмөт башчылыкка дайындаган. Аттиң, бирок өзү көрсөткөн ошол өрнөктү кийинки шайлоолордо улантып кете албады. Ошентип, биримдикти ички текебердиктен, кектен жана куру намыстан жогору коё билүү – бул чыныгы лидердин сапаты.

Жеңиш ким тарапта?

Ход выборов президента Кыргызстана в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Президенттик шайлоого дүйнөлүк ЖМКлар баа берди
Элита демейде тил табышып алат. Бүгүн эч качан келишпес, элдешпес душмандай туюлган тараптар, бир карасаң эле бир туунун алдында казатка аттанып жатса таң калуунун кереги жок. Алардын биригүүсүнө каскак болгон көбүнесе тарапкерлери. Көпчүлүк деген көпчүлүк, бири болбосо бири атаандаш тарап менен мунасага келишүүгө караманча каршы маанайда болот. Саясатчы болсо эртеңки шайлоону ойлойт, ошондуктан электоратынын пикири менен эсептешүүгө аргасыз. "Кысылгандан кыз болдум" дегендей, жүрөгү самаган жакшылыкты "эл эмне дейт" деген курулай кооптонуунун сазына чөгөрүп, тарапкерлеринин ырайына барымта болуп жашайт. Ушунун баарына кол шилтеп, биримдик, ынтымак үчүн өз атаандашына, керек болсо душманына кучагын жая алган саясатчы – улуу саясатчы. Легендарлуу Нельсон Манделла менен Махатма Гандини айырмалаган ушундай касиети бар эле. Ошондуктан, жеңиш көп добуш алгандыкы эмес, биринчи достук, атуулдук жана шериктештик колун сунгандыкы.

Андыктан, биз атуулдар, шайлоочулар, өткөн президенттик жарыштын башкы каармандарынын ынтымакка келүүсүнө себеп бололу, себеп болбосок да тил табышуусуна тоскоол болбойлу. Кантип тоскоол болобуз? Биринчиден, социалдык тармактарда айтышып, атаандаш талапкерди иттен алып итке сала жамандап, өзүбүздүкүн айдан жарык, булактан таза деп мактайбыз. Жеңгендер жеңдик деп бакылдаганын, утулгандар адилетсиздикти айыптап ызаланганын койбойт. Сөз майданында пайда болгон талаш-тартыш бороону сезим, көңүл, ишеним шалбаасындагы канча үйлөрдүн чатырын учуруп, канча дарактардын мөмөсүн күүп, канча гүлдөрдүн таажысын төгөт. Ошондуктан, колдон келсе эч кимди жамандаба да, эч кимди мактаба. Бирөөнүн аброюн тебелеп, дагы бирөөнүн таламын талашпа. Кимдин кандайлыгын бир Жараткан билет. Пайгамбар болбогон соң бир да адам идеалдуу эмес. Андан көрө, маңдайга жазылган тагдырыбызга ыраазы болуп, бешенебизге буюрган башчыбызга ийгилик каалайлы, адилеттүүлүк жана нысап тилейли. Кандай деңгээлде аткарылса да демократиялык эрежелердин бардыгына канаат кылалы.

Жеңилүүдө да жеңиш бар

Экинчиден, жеңилүү – бул жеңиш, жеңиш – бул жеңилүү болушу мүмкүндүгүн эстен чыгарбайлы. Азыркы мамлекет башчыбыз Алмазбек Атамбаев мурдагы эки ажобуздан эки шайлоодо утулган эле. Бирок өз сааты келгенде буюрган президенттик тактыга отурду. Азыр ал кишинин кылгандарын адилет баалоо мүмкүн эмес, башчынын баркы, демейде, кызматтан кеткен соң билинет. А мурдагы ажолорубуздун тагдырлары баарыбызга белгилүү. Таба кылбастан, тобо кылып сабак алалы, ибарат туталы. Балким, жеңилген тараптарды Жараткан тагдырдагы ошолордукундай апааттан сактагандыр. Ошондуктан, жеңгендер жеңдик деп мактанбасын, жеңилгендер жеңилдик деп шаабайы суубасын. Бийликке келүү – бул узак сапардын башталышы гана. Кеп ошол сапардын кандай жыйынтыкталаарында. Бийлик — келерден мурда кантип жакшы кетүү тууралуу ойлой турган убактылуу аманат. Адамдар, негедир, акыркы чындыкты эстеп калышат.

Ситуация в Таласе после выборов президента КР. 17 октябрь - Sputnik Кыргызстан
Таласта учурда эмне болуп жатат? Тексттик трансляция
"Өткөн ишке салават" дейт акылман кыргыз. Болгон жараяндардан, ага катышкан адамдардан кемчилдик издебейли. Бирөөнүн жаман жактарын, айып-күнөөсүн акмалаган сайын жүрөктөр алыстап, адамдык алакалар алсызданат. Ал эми жакшы жактарыбызды көрө жана баалай билүү менен ортого сый-урмат келип, ынтымак бекемделет. Эмнени издесек, ошону табабыз, бирок чындыктын түбүнө жетүү кыйын. Ошондуктан, ынтымакты бекемдөөгө умтулуп, ыйманыбызды байыталы. Ошондо улам кийинки шайлоолор мурдагыдан таза жана берекелүү болуп, таарынычтардын, келишпестиктердин эшигин ачпайт. Анткени, ар бир элге өзүнө жараша башчы буюрары – талашкыс чындык.

Автордун ой-пикири редакциянын көз карашы менен дал келбеши мүмкүн

Жаңылыктар түрмөгү
0