Президент Алмазбек Атамбаевдин инаугурациясы. Архивдик сүрөт

Ала-Тоонун ажолору: такка отуруу таржымалдары

1031
(жаңыланган 12:20 01.12.2017)
Абдыкерим Муратов
Жума күнү президент Алмазбек Атамбаев жаңы шайланган өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясын 24-ноябрга белгиледи. Колумнист Абдыкерим Муратов президенттин инаугурациялары туурасында жазып, алардын кантип, кайда жана кандай жагдайда өткөндүгүн окурмандардын эсине салды.

Карт тарыхта эл башчылары: уруу аксакалдары, кул ээлери, феодалдар, хандар, падышалар, императорлор, генералдык катчылар, президенттер ж.б. кызматтар ар дайым болуп келген жана боло бермекчи. Алардын бийлик башына келип, такка отуруу салт-ырасымдары да ар кимисиники ар түрдүү болгон.

Манас Жакып уулунун "инаугурациясы"

Ыйык мурасыбыз, каранар күзгүбүз, үлгү алар даанышман казынабыз болгон "Манас" эпосунда:

Калкалайм десең жаныңды,
Көтөрүңөр ханыңды, — деп айтып,
Тирүү болсок баарыбыз,
Бир дөбөдө бололук.
Пейли катуу бирөөңдү,
Бек көтөрүп коёлук.
Калкка кабар салалык,
Кайраты бар бирөөнүн
Хан көтөрүп коёлук,
 — деп отурушуп, ар кимдин талапкерлигине токтолуп, "пейли катуу", "кайраты бар" деп эсептеп, акыры Манаска келет. Эл жүгүнүн оорлугунан корккон Манас баатыр да адегенде макул болбойт. Бул иштен баары качат. Элдик дипломатия аны эпке келтирип, акыры хан болуп калат.

Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Манастын "инаугурациясы" болжолу мындай өттү: көпчүлүк калк айкөл Манасты жана атасы Жакыпты ак кийизге отургузуп, анан көтөрүп жөнөйт, жети кадам басканда Жакып жерге түшөт, Манасты болсо ак кийизде жыйынды жети жолу айлантып чыгат; хан өкүмүн угузат; башына жыгалуу бөрк кийгизет; жаңы хандын атасы токсон бээни сойдуруп, тогуз күнү той берет; ата-бабасынан (Ногойдон) келе жаткан кызыл тууну аштап көтөрөт; хандыкка караган эл эсебин алуу (эл каттоо) башталат.

Кийин мындай элдик "инаугурациялар" бир нече хандарда болгон, алардан элдик эпостордогу Кедейкандан тартып кечээги Көтмалдынын сазында хан көтөрүлгөн кадимки Ормон ханга чейинкилер бар.

Канткен менен "кызыл тебетей" кийүүнүн дүйнөлүк стандарты Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдарда гана башталды.

Биринчи президенттин инаугурациялары

Президент Кыргызстана Аскар Акаев
© Sputnik / Юрий Абрамочкин
Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев
Аскар Акаев бийликке 1990-жылы октябрь айында келди. Бир нече пикетчилер, анын ичинде тарыхчы-окутуучу Тынчтыкбек Чороев (азыркы Чоротегин), Топчубек Тургуналиев дал эле өкмөт үйүнүн (азыркы Ак үйдүн) алдына барып Апсамат Масалиевдин отставкасын талап кылып отурган. Анда өлкө башчысынын тагдырын он экинчи чакырылган Кыргыз ССРинин Жогорку Совети чечмек. Адегенде үчөөнүн – Кыргызстан КПнын биринчи катчысы Апсамат Масалиевдин, Министрлер Советинин председатели Апас Жумагуловдун, Кыргызстан КП Ысык-Көл облустук комитетинин биринчи катчысы Жумгалбек Аманбаевдин талапкерлиги коюлуп, бири да керектүү добушка жетпей калат. Андан соң жаңы талапкерлер аталат: Исанов, Дүйшеев, Түмөнбаева, Асанкулов, Койчуев, Аблесов, Баекова, Акаев, Муралиев, Шеримкулов, Осмонов, Асейинов. Булардын ичинен алтоо өз талапкерлигин алып таштап, калгандардын ичинен эң көп добушту Илимдер Академиясынын президенти, кырк бештеги, али көпчүлүк элге таанымал эмес Аскар Акаев ээлейт. Эсептөө жыйынтыгы чыгары менен ал сөз сүйлөйт, антын берет, өкмөт үйүнөн чыгары менен пикетте тургандар аны куттуктап, анан нааразылык акциясын токтотуп, үй-үйлөргө тарай баштайт. Аскар президентке шайланып жатканда үйүндө жары Майрам Дүйшөновна манты жасап турган. Аябай кеч болуп, телевидениеге тартуучу топ кетип калып, бул окуя тарых үчүн тартылып алынбай калган. Ошентип биринчи инаугурация (айтмакчы, анда бул термин колдонулган эмес) ошол эле күнү, ошол эле сааттарда шашылыш, стихиялуу түрдө болуп өткөн.

Мыйзамдар өзгөрүп, эми президентти эл шайлаш керек болуп, 1991-жылы 12-октябрдагы шайлоодо Аскар Акаев президент болот да, 11-декабрда такка отуруу аземи "легендарлуу" депутаттардын көз астында өтөт. Жаңы президент антын берип жатканда артында Кыргыз ССРинин желеги турган, алдында СССРдин Конституциясы жана Ыйык китеп – Куран жаткан. Аксакал, акылман жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков насаат сөзүн айтып, Акаевдин башына ак калпагын кийгизип, ак батасын ыроолойт…

Үчүнчүсү 1995-жылы 24-декабрдагы шайлоодон (анда Акаев атаандаштары М.Шеримкулов менен А.Масалиевди артка калтырган) алты күн өтүп эле 30-декабрда белгиленет. "Инаугурация" деген татаал термин тилибизге ошондо биринчи кирет. Ак үйдө Аскар Акаев ак ниет болууга, адилеттикти жана тынчтыкты сактоого, реформаларды улантууга антын берет.

Төртүнчүсү, 2000-жылы 9-декабрда Кыргыз мамлекеттик филармониясынын аянтында, Манастын эстелигинин алдында уюштурулган. Улуттук гвардиянын аскерлери параддан өтүп, президент антын айтат.

Экинчи президенттин инаугурациясы

Новый президент Кыргызстана Курманбек Бакиев во время церемонии инаугурации в Бишкеке, Кыргызстан. 14 августа 2005 года
© AP Photo / Dinara Makesheva
Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин инаугурациясы
Президент болуп шайланган киши инаугурациядан кийин ага расмий түрдө ошол кызматтын мыйзамдуу ээси болот. Курманбек Бакиевдин мурдагы такка отурушунда ошол жыйынды өз деңгээлинде өткөрүү үчүн бюджеттен 18 миллион сом бөлүндү. Анын ичинен Ак үйдүн алдындагы фонтанды оңдоого 12 миллион, "Ала-Арчадагы" үч резиденцияны жакшылоого 2 миллион, Ак үйдүн Чоң залын техникалык жактан жабдууга 3 миллион, инаугурация өтүүчү "Ала-Тоо" аянтын кооздоо, отургучтарды орнотуу, оюн-зоок өткөрүү үчүн 4 миллион сом жумшалды. Салют-фейерверктерди атуу жагын кытайлык фирма өзү мойнуна алган.

Анда Кыргызстандын президентинин ант берүү аземи биринчи жолу борбордук аянтта уюштурулуп, телевидение жана радио аркылуу элге түз жетип турду. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Россиянын Федерация Кеңешинин төрагасы Сергей Миронов, КМШ өлкөлөрүнүн аткаруучу катчысы Владимир Рушайло, Тажикстандын премьер-министри, Өзбекстандын, Белоруссиянын парламент башчылары, АКШнын, Түркиянын министрлери жетекчилик кылган делегациялар, 11 өлкөнүн, 9 эл аралык уюмдун өкүлдөрү инагурацияга күбө болду. 6 миңдей адам чакырылып, келип отурду. Мындай чоң коноктор Аскар Акаевичтин доорунда чакырылган да, келген да эмес. Айтмакчы, экинчи президенттин такка отуруу аземине Москвада бозгунда жүргөн биринчи президент чакырылбады…

Кечинде убада кылган орус артисттери Лев Лещенко, Валерия, "Фабрика звезд — 4" дегендер келбей калды, алып баруучу анын себебин самолёт учпай калды деди эле, эртеси эле "Манас" учак жайындагылар бул сөздүн калп экенин ашкере кылды. Курманбек Салиевич "Ала-Арча" резиденциясынан келип, Чүй көчөсү менен Панфилов көчөсүнүн кесилишинде машинадан түштү, аны гүл кармаган балдар-кыздар тосуп алып, Умай эне арча түтөтүп, акылман сөзүн айтып аластап чыкты. Кызыл килемче менен 200 метрдей басып келип, мамлекеттик тилде 7 мүнөт антын айтты. Ал: "Кыргыз Республикасынын президентинин кызматына киришип жатып, Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын ыйык сактоого, Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүн жана бүтүндүгүн коргоого, Кыргыз Республикасынын бардык жарандарынын эркиндиктери менен укуктарын урматтоого жана камсыз кылууга, бүтүндөй эл ишенип мага тапшырган Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин талыкпастан, ар намыстуулук менен алып барууга ыйык Ата Журтумдун жана Ала-Тоонун алдында ант беремин" деди.

Андан соң Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов эл алдында, Мекен алдында ант берген мамлекет башчысына президенттик төш белгисин тагып, штандартты (тууну) тапшырды.

Кийин президент кыска сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө: "өлкөдөгү коррупциянын тамырын кыркып, көмүскө экономиканы ачыкка алып чыгууга аракет кылабыз. Өлкөнүн бардык булуң-бурчтарында, эң алыскы айыл-кыштактарда элибиз социалдык теңдикте, калыстыкта өз тилегин ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болууга тийиш жана биз ага сөзсүз шарт түзүп берүүгө күрөшөбүз" деп айтып келип, "…24-марттагы элдик жеңишти татыктуу улантуу – биздин түбөлүк милдетибиз" деген оюн элге жарыялады.

Бакиевдин сөзүнөн соң төкмө акындар куттуктап, кыргыз ырчыларынын чоң программадагы концерти болгон.

Мындай жыйындар жер-жерлерде улантылды. Кечинде борбордук аянтта кыргыз, казак эстрада ырчылары алты саатка созулган чоң концерт берди.

Экинчи президенттин экинчи инаугурациясы

Сооронбай Жээнбеков жана Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
23-июлдагы президенттик шайлоодо жеңип чыккан Курманбек Бакиевдин анты жалпы Кыргызстандын элине парламент мүчөлөрүнүн катышуусунда берилди. Мыйзам боюнча БШКнын чечимин Конституциялык сот жети күнгө чейин карап чыгып бекитет, ошондон отуз күнгө чейинки убакта инаугурация өтөт. Анда БШКнын төрагасы жеңип чыккан талапкерге президенттигин тастыктаган күбөнаама тапшырып, анын бул кызматтагы ыйгарым укуктуу мөөнөтү (5 жыл) көрсөтүлүп төш белги жана штандарт (туу) тапшырылат.

Бул жолку инаугурация Чолпон-Атада Коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөрдүн бейформал саммитине жана Курманбек Бакиевдин 60 жылдык кутман курагына туш келген.

Ал эми инаугурация аземи ашыкча шаан-шөөкөтсүз эле Ак үйдүн ичиндеги жыйындар залында депутаттардын жана биздин өлкөдө аккредацияланган элчилердин катышуусу менен өтүп, кечинде "Ала-Тоо" аянтында расмий түрдө жаңы президенттин такка отуруусунун урматына тогуз жолу артиллерия залп атуу менен белгиленген.

1031
Белгилер:
инаугурация, президент
Тема боюнча
Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланды. БШКнын расмий жыйынтыгы
Пикирлер